Будь медиаграмотным!

RU KG KZ TJ UZ
  • Описание

Улуу географиялык ачуулар жана колониялык системанын пайда болушу

Автор: Сталбекова Элиза Сталбековна

Цель

Длительность: 45 мүнөт
2021-09-23

 

Өтүлгөн күнү: 

 

Убакыт:

45 мүнѳт

Мугалимдин толук аты-жѳнү:

Сталбекова  Элиза  Сталбековна

Класс:

7

Предмет:

Тарых

 

Сабактын темасы: Улуу географиялык  ачуулар жана колониялык системанын пайда болушу

 

Негизги компетенттүүлүктөр: НК

1) Маалыматтык компетенттүүлүк

2) Социалдык- коммуникативдик компетенттүүлүк

3) Өз ишин уюштуруу жана маселе чече билүү компетенттүүлүгү

 

Предметтик компетенттүүлүктөр: ПК

1)  Хронологиялык  жана  картографиялык

2) Тарыхый – цивилизациялык

3) Этномаданий

4) Социалдык – жарандык

 

Сабактын максаты:

Коюлган максаттан күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү:

Билим берүүчү:

  • Улуу географиялык ачылуулар жөнүндө маалымат аласыӊар;
  • Тарыхый улуу инсандардын өмүр баяны жана алардын ачылыштары менен таанышасыӊар.

 

  • Улуу географиялык ачылыштардын маанисин билишет;
  • Улуу географиялык ачылуунун негизинде , жаңы  дүйнө бөлүгүнүн ачылыштарынын маанисин түшүнүшѳт;
  • Интерактивдүү оюндар аркылуу улуу инсандардын  эмгектерин баалап  , алардын ачылыштарына анализдей алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Алган билимдерин  оюндар, суроо – жооп  тапшырмалары  аркылуу бышыктап,  андан ары колдоно билүүгө машыгасыӊар.

 

  • Сабактан алган билимдерин системалаштырып колдоно алышат;
  • Алган билимдерин талдап, салыштырып туура натыйжалуу жыйынтыкка келишет.
  • Өз алдынча чыгармачылыктарын сабакта көрсөтө алышат.
  • Улуу инсандардын эмгектерин баалай алышат.
  • Угуу, чоогуу талкулоо жана топтордо иштей алганга үйрөнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк:   Тарыхты унутпоого,  улуу инсандардын эмгегин баалап, өз элин, жерин сүйүүгө жана ага кызмат кылууга тарбияланасыӊар.

  • Тарыхый ачылыштарга өз бааларын беришип , улуу инсандардын эмгегинен үлгү алып изденүүчүлүккө, алга умтулууга , эмгекке жана дүйнөнүн баалуулуктарын баалай билүүгө тарбияланышат.

Сабактын формасы: Саякат сабагы

Сабактын тиби : Аралаш

Сабакта колдонулган усулдар: Интерактивдүү ыкма: “Мээге чабуул ”, “Plickers”, “Mindmeister”, “Quizizz” программалары, “Google Форма”.

Сабактын жабдылышы, каражаттар : интерактивдүү доска, ноутбук, телефон, слайддар, сүрѳттѳр,окуу китептери жана куралдары.

Колдонулуучу баалоонун ыкмасы: калыптандыруучу баалоо

 

 

 

 

Сабактын

этаптары

Убак

тысы

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун

иш – аракети

 

 

Негизги-НК

Пердметтик -ПК

Калыптан-

дыруучу

баалоонун

техникалары

Уюштуруу

Мотивация

 1мүнѳт

Саламатсыңарбы балдар!

Бүгүнкү сабакты бири- бирибизге жагымдуу маанай тартуулоодон баштасак.Алдыларыңарда кагаздан жазалган учак турат . Бул “ Урааны менен учак” ар биринин  канатында  жакшы сөздөр жазылган. Бул жакшы сөздөр бизди шыктандырып, жагымдуу сөздөр көңүлүбүздү көтөрөт деп ишенем.

 

Жагымдуу маанай

Окуучулар  алдында турган учактын канатына катылган сөздөрдү окуп чыгышат.

НК2

Чыгарма

чылык

Эң жакшы

Окуучу-

лардын

билимин

актуал-

даштыруу

2 мүнѳт

Балдар бүгүнкү темабыз силер партаңардан көргөн  предметтерге байланыштуу. Кандай ойлойсуңар биз ушул предметтерди ( корабль, глобус , учкучту ) кайсы учурда колдонобуз ? (окуучулар жооп беришет )

Туура балдар ! Албетте саякат учурунда . Демек , биздин өтө турган темабыз дагы саякатка байланыштуу  болот ошондуктан

1-топ ( глобус- окумуштуулар )

2-топ ( корабль – саякатчылар)  топторго бѳлүнүп алалы.

Анда эмесе бүгүнкү сабактын темасы: Улуу георгафиялык ачуулар жана колониялык системанын пайда болушу жѳнүндѳ билим алууну улантабыз.

Окуучулар  парталарынын үстүнөн  көргөн буюмдарды карап биргелешип талкуулашып ойлорун кыскача айтышат. Ойлорун жыйынтыктап, жалпылап теманы айтып коюшат.

НК1

НК2

НК3

 

Туптуура!

Эң жакшы

Сабактын темасы , максаты

жана

күтүлүүчү

натыйжа-

лары

менен

тааныш-

тырып

талкуулоо

 

 

 

 

Баалоонун критерийлери

 

 

2 мүнѳт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1 мүнѳт

Сабактын темасын, максатын, милдеттерин билдирүү , окуучуларды активдүү иш – аракетке багытоо.

Демек балдар темабыздын максаты: Улуу географиялык ачуулар жөнүндө  билимдерибизди кеңейтүү жана бул мезгилдеги  тарыхый  инсандар менен таанышуу. Алган билимибизди жалпылоо менен традициялдуу эмес саякат сабагыбызды түзүү, логикалык ой-жүгүртүп, топтордо жуптарда иштөө менен максатыбызга жетебиз.

 

Балдар бүгүн  бизде өзгөчө сабак , биз бирге ,билим издеп саякатка чыгабыз.  Адамдар баардык эле мезгилде дүйнөнүн ар түрдүүлүгүнө кызыгып , байлык , олжо издеп  саякатка чыгышкан,   ачылыштарды жазап келишкен. Ал эми  бүгүнкү күндө каалаган убакта , дүйнөнүн кайсы бурчуна баргыбыз келсе мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Командабыз менен бирге  тапшырмаларды аткаруу менен “ Билим аралына ” чогуу жетип билим аралынган көп тыйын топтоп  сандыктарга салабыз .

 

 

 

Сабактын жүрүшүндө мен силерди орто кылымдагы саякатчылардын олжолору ( тыйын )  менен баалагым келип турат .  Ар бир тапшырманы аткаргандыгы үчүн окуучу бирден тыйынга ээ болот.

“5” - деген бааны  9-10  тыйын топтогон учурда алат;

“4” – эгерде  7-8 тыйын болсо;

“3”-эгерде   6  тыйын болсо.

 

 

Окуучулар сабактын максаты жана күтүлүүчү натыйжалары менен таанышышат .

НК1

НК3

ПК1

ПК2

ПК3

Чыгарма

чылык

Кайтарым байланыш,

Үй тапшырма

 

 

 

 

 

4 мүнѳт

Саякат  алыс, оор , кызыктуу болот  эмеспи. Саякатка чыгыш үчүн көптөгөн азык түлүктөрдү, кийим- кече, курал шаймандар керек болот.  А биздин саякатка керектүү нерсебиз бул биздин билимибиз. Саякатка канчалык деңгээлде даяр экенибизди биринчи 

“Үй тапшырманы ”  текшерүү менен билип алсак.

 “Европадагы кайра жаралуу жана гуманизм доору”  темасын “Plickers” колдонмосу аркылуу берилген суроолордун жооптору “Туура жана Туура эмес”  экендигин белгилеп, үй тапшырманы текшерип алабыз.

 

“Plickers” колдонмосун пайдалануу үчүн ар бир окуучуга QR  коду бар карточкалар-пликерлер таркатылган. Экрандан суроолор кѳрсѳтүлѳт. Окуучу туура деген вариантын жогору каратып карточканы кѳтѳрүп, мугалим телефон менен сканерлегенге мүмкүнчүлүк беришет. Мугалимдин телефонунда туура жооптор жашыл, туура эмес жооптор кызыл болуп кѳрүнүп калат. Беш суроого теӊ жооп алган соӊ, мугалим тесттин жыйынтыгын экрандан кѳрсѳтѳт.

Суроолор:

  1. Кайра жаралуу доору  Италияда 14 кылымда башталган.
  2. Ишканалардын ээлери бири – бири менен атаандашып жаңы техникаларды   жана  жабдууларды жок кыла башташкан .
  3. Кайра жаралуу маданиятынын негизги мазмунун гуманизм түзгөн.
  4. “Моно Лиза”  ( “ Джоконда ”) деген портретти Микеланджело таркан.
  5. Англиялык мамлекеттик ишмер, гуманист жана жазуучу Томас Мор "Мамлекеттин мыкты түзүлүшү жана Утопия аралы" жөнүндө китеп жазган.

 

 

 

 

 

Окуучулар

QR  коду бар карточка-пликерлерин даярдап отурушат.

 

 

НК2

НК3

ПК1

ПК2

ПК3

ПК4

Азамат

сыңар !

жооп

берген

ар бир

окуучуга

тыйын таратуу

 

Жаңы теманы  өздөштүрүү

 

 

10

мүнѳт

Бүгүнкү сабакта орто кылымдагы эң кызыктуу темасы менен таанышабыз .

Жаңы теманы презентация менен түшүндүрүү. Анда:

  • Улуу географиялык ачуулардын өбөлгөлөрү;
  • Колумбдун сүзүүлөрү жана жаңы дүйнөнүн ачылышы;
  • Тынч  океан алкагындагы географиялык ачылыштар;
  • Колониялык  басып алуулардын башталышы жана колониялык империялардын түзүлүшү;
  • Улуу географиялык ачуулардын натыйжалары тууралуу айтып берүү.

 

 

Жаңы теманын жүрүшүндө окуучулар  белгилүү даталарды, саякатчылардын ысымдарын , ачылган жерлерди дептерлерине таблица түрүндө толтуруп  жазып турушат.

НК1

ПК1

ПК2

ПК3

 

 

Топтордо

иштөө

15

мүнѳт

Окуучуларды топто иштетүү:

Тапшырма : № 1

1-топ ( глобус- окумуштуулар )

Кошумча тема боюнча материалдар  ар бир топко таратылат.

 

Окумуштуулар тобу, Улуу географиялык ачуулардын себебин, маанисин, колониялдык система, изилдөөчүлөр  туралуу  изилдеп , топ менен чогуу биргеликте “Mindmeister” программасы аркылуу  “Улуу географиялык ачуулар жана колониялык системанын пайда болушу деген темада” Интеллект картасын түзүшѳт.

 https://www.mindmeister.com/2030059731?t=HPbeAVGCR4#  шилтеме аркылуу иштешет.

Даяр болгон соӊ жакташат.

 

2-топ ( корабль – саякатчылар)

 Google Формасы (презентация)  аркылуу  саякатчылардын маршрутун картадан белгилеп, кѳрсѳтүп   айтып беришет.

Даяр болгон соӊ жакташат.

 

 

Эгерде балдар  алдыга койгон максатка умтулсак, билим алсак улуу инсандардын мисалында шыктансак сөзсүз келечекте биз да ушундай тарыхка изин калтырган инсандардан болобуз.    

 

 

Окуучуларды топто иштетүү.

 

Буга чейинки чачыранды билимдерин чогултуп, кошумча маалымат менен иштешип интерактивдүү доскадан онлайн айтып берип, түшүндүрүшѳт, кѳрсѳтүшѳт.

ПК4

ПК1

ПК2

ПК3

НК1

НК3

 

 

 

 

 

 

Эң жакшы

жооп берген  окуучуларга

тыйын тартуулоо

 

 

Бышыктоо

 

 

 

 

5 мүнѳт

Эми балдар, бүгүнкү сабакты бышыктоо иретинде  алган маалыматтардын негизинде

“ Билим аралынан  викториналык суроолорго  жооп беребиз”.

Quizizz программасы аркылуу викториналык

 суроолор катылган.

https://quizizz.com/admin/quiz/614b777bf6ee0b001d6a2a74  шилтеме аркылуу  суроолорго жооп беребиз.

 

Суроолорго бардык окуучулар жооп берген соӊ, мугалим жыйынтыгын экрандан кѳрсѳтѳт. 

Окуучулар берилген  суроолорго өз алдынча жооп беришет .

Окуучулар

Топтогон

Билимдерин

сандыктан санап

жыйынтык

чыгарышат.

 

НК3

ПК1

ПК2

ПК3

ПК4

жооп

берген

ар бир

окуучуга  жоопторуна жараша

тыйын берүү

 

Баалоо

3 мүнѳт

Бүгүнкү сабакта кайсы топ жеңишке жетишкенин санайлы изилдөөчүлөр тобу же саякатчылар тобу.   Сабакта өзгөчөлөнгөн балдарды баса белгилеп коюу.  Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз олжолуу кайттык десек болот.

 

 Окуучулар топтогон билимдерин сандыктан санап жыйынтык чыгарышат.

 

 

 

Жыйын-

тыктоо

 

 

 

 

1 мүнѳт

Азаматсыңар, балдар бүгүнкү  билимибизди кураштырып отуруп,

саякатыбыз максатына жетти канча жерлерди, этаптарды басып өттүк.  Бүгүнкү сабакта “ Күч бирдикте ” демекчи  баарыбыз өз тобубуз менен билим аралынан  байлык топтодук.   А бүгүнкү күндө байлык бул биздин билимибиз. Билим гана адамды  эркин жана бийик кылаарын эсибизден чыгарбайбыз. Ошондой эле билимди максаттуу алып, аны өз турмушунда практикада колдонуп, өзүнө да, элге да, мекенге да пайдасын тийгизүү зарыл экендигин унутпашбыз  керек.

 

НК1

 

Азамат

сыңар !

Эң соонун!

 

Үй тапшырма

 

1 мүнѳт


1. Чыгармачыл тапшырма:

Өз чыгармачылыгыӊар менен “Улуу географиялык ачуулар”  темасына лэпбук түзүү, видео жасоо, кроссворд  түзүү, презентация даярдоо ж.б. болушу мүмкүн.

 

Сабагыбыз ушуну менен аяктады, бардыгыӊар азаматсыӊар! Эӊ мыкты окуучулар экениӊерди далилдедиӊер. Кийинки сабакта кѳрүшкѳнчѳ саламатта болгула.

Үйгө тапшырманы күндөлүктөрүнө жазып алышат.

НК2

ПК1

ПК4

Окуучу-

ларга

ыраазычылык

айтуу.

Коштошуу.