Будь медиаграмотным!

RU KG KZ TJ UZ
  • Описание
  • Урок
  • Пройти тест

Бактериялар, алардын түзүлүшү жана жашоо тиричилиги.

Автор: Айтбиева Айсалкын Жамалдиновна

Бактериялар — табиятта кеңири таралган эң жөнөкөй бир клеткалуу организмдер тобу. 17-кылымда голландиялык окумуштуу А. Левенгук бактерияны биринчи байкаган. 19-кылымдын ортосунда француз окумуштуусу Л. Пастердин, немец окумуштуусу Р. Кохтун жана англиялык окумуштуу Д. Листердин иштеринен кийин бактериялардын биологиялык касиети жана алардын биосферадагы ролу кеңири изилдене баштаган. Көпчүлүк бактериялардын хлорофилли жок, башкача айтканда алар зат алмашуу процессинде күн энергиясын пайдаланбай, энергияны өзүнүн чөйрөсүндөгү органикалык эмес же органикалык заттардын химиялык айланышынын натыйжасында алат. Бактериялар табиятта энергия жана заттардын айлануусуна катышып, биздин планетадагы тиричилик үчүн зарыл шарт түзөт, биосферанын калыптануусунда ролу чоң.

Бактериялар табиятта кеңири таралып, түрдүү шартта жашайт: алар топуракта, сууда, өсүмдүктө, киши жана жаныбар организминде кезигет. Айрымдары киши, жаныбар жана өсүмдүктөрдүн ооруларын козгойт. Алар патогендүү бактериялар деп аталат. Кээ бир бактериялар шарттуу патогендүү болот. Себеби алардын патогендүүлүгү бир катар шарттарга, көбүнчө организмдин абалына жараша болот.

Бактериялар тоголок (кокктор), таякча сымал (бактерия, бацилла) жана ийри (вибрион, спирилла) формада, 1—8 мкм өлчөмдө болот. Бактериялардын клеткасы чел кабык, цитоплазма, нуклеоидден (ядро) турат. Цитоплазма жана аны курчап турган жука мембрана (цитоплазмалык мембрана) биригип протоплазманы түзөт. Цитоплазмалык мембрана сууну жана майда эрүүчү заттардын молекулаларын өткөрүп, төмөнкү молекулалуу бирикмелерди өткөрбөй цитоплазманын химиялык составынын туруктуулугун камсыздайт жана зыяндуу заттардын киришинен сактап турат. Бактериялардын протопласты клетка капталы менен курчалгандыктан формасы туруктуу болот. Клетка капталы мембранадан калың болуп, андан бышык. Клетка капталы начарласа же бузулса клеткага чөйрөдөн суу кирип, клетканы көптүрүп, цитоплазма мембранасын бузат. Бул кубулуш лизис деп аталат.

Көпчүлүк бактериялар цитоплазма мембранасы менен клетка капталынан тышкары капсула менен капталат. Капсула негизинен полисахаридден турат. Ал бактерияларга каршы агенттердин (бактериофаг антибиотик, ферменттер) таасиринен, патогендүү бактерияларды фагоцитоздон сактайт. Демек, айрым бактерияларда капсуланын болушу, алардын патогендүүлүгүн мүнөздөйт. Татаал түзүлүштүү организмдин (эукариттор) клеткасынан айырмаланып, бактериялардын (прокариоттордун) ядросу болбойт. Анын милдетин цитоплазмадагы нуклеоид эки спиралдан тоголоктошкон туюк шакекче түрүндөгү ДНК аткарат. Бактериялардын цитоплазмасында майда бүртүкчө (10 миңге чейин) түрүндөгү рибосомалар бар, алардын жардамы менен клеткада белок синтезделет. Анда бактериялар пайдалануучу запас азык зат — май, крахмал, гликоген жана башка болот. Кээ бир таякча сымал бактериялар спора пайда кылат; мындай бактериялар бациллалар деп аталат. Чөйрөнүн жагымсыз шарттарында (азык зат жок, чөйрөнүн химиялык составы жана температурасы өзгөргөндө) ар бир бактериялар бир спора пайда кылат. Бактериялардын спора пайда кылуу жөндөмдүүлүгү анын көбөйүү ыкмасы болбостон түрдү сактоо жолу болуп эсептелет. Ар кандай бактериялардын спораларынын формасы, көлөмү жана клеткада жайгашуусу ар түрдүү. Споралар көбөйүүгө жөндөмдүү клеткалардан айырмаланып, аларда май жана май сымал заттары (липиддер) көп жана суусу аз болот. Ошондуктан алар чөйрөнүн таасирлерине (температура, күн нуру жана башка) туруктуу келип, тиричилик жөндөмдүүлүгүн көпкө сактайт. Спора жагымдуу чөйрөгө түшкөндө өсүп, вегетатив (көбөйүүчү) клетканы пайда кылат. Көпчүлүк бактериялар өзгөчө кыймыл, органы — чыбырткылары менен кыймылдоого жөндөмдүү. Бактериялар тиричилиги үчүн жагымдуу чөйрөнү көздөй жылып, ал эми тескери таасир этүүчү чөйрөдөн качат.