Будь медиаграмотным!

RU KG KZ TJ UZ

«Алданба» Фейк менен жалган маалыматка каршы алгачкы кыргыз ыры жаңырды

08-08-2020

Ырдын башкы каарманы ойгонуп, өзү жөнүндө жасалма маалымат чыккан жаңылык порталына көзү урунат. Сиз да интернеттен жүздөгөн ишенимсиз маалыматтарды кезиктирип, же жалган экенин, же чындыкка дал келерин биле албаган жагдайга туш болгондурсуз.

2020-жылдын 5-августунда расмий тартууланган «Алданба» - жаштардын интернет айдыңында медиа сабаттуулугун арттырууга багытталган алгачкы кыргыз ыры.

Идеянын автору — көп жылдардан бери өлкөдө жана Борбордук Азияда медиа жана маалыматтык сабаттуулукту активдүү түрдө жайылтып келе жаткан «ММК колдоо борбору» фонду. Бул ыр Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин жана Deutsche Welle Академиясынын колдоосу менен Кыргызстанда медиа маалымат сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 3 жылдык долбоордун алкагында чыгарылган.

Ырдын аткаруучулары — жаштар арасында популярдуу болгон Айым Айылчиева жана рэпер
Баястан. Ырдын негизги максаты — медиа сабаттуулугун жайылтуу, ар кандай маалыматка,
айрыкча интернетте сын көз карашта болуунун маанилүүлүгүн түшүнүүнү жогорулатуу. Ар бир адамдын: «Бул чын эле ишенимдүү маалыматпы?», - деп сураганы маанилүү. Аткаруучулар азыркы санариптик дүйнөдө көп маалымат жайылып жаткандыгы жөнүндө ырдоо менен анын дайыма эле ишенимдүү боло бербей тургандыгын айтып, баарына эле ишене бербөөгө үндөйт.

«ММК колдоо борборунун» долбоорлор боюнча директору Айчүрөк Усупбаева: «Музыканын биз үчүн терең таасири бар. Бул жерде биз ар бир адам өзүндөгү маалыматты сын көз менен карап, кыраакылык менен пайдалануусу керек деген ойду айткыбыз келет. Айым менен Баястан бул композицияны мыкты аткарышты, эми ар бир угуучу айтмакчы болгонубузду кабылдарына ишенем», - деп билдирди өз сөзүндө.

Ырды клиби менен төмөнкү платформалардан көрүүгө болот:

Ютубда: https://www.youtube.com/watch?v=301T6qjHiaI 

Инстаграм: https://www.instagram.com/p/CDfkC9hnXYF/

 

Булак: bilim.akipress.org