Будь медиаграмотным!

RU KG KZ TJ UZ

«МЕН МЕДИАСАБАТТУУМУН!» АТТУУ ЭКИ АЙЛЫК ВЕБИНАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

14-10-2020

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы менен өнөктөш катары өлкөдө медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу жаатында ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткан «ММК Колдоо Борбору» фонду тарабынан уюштурулган «Мен медиасабаттуумун!» аттуу эки айлык вебинарлардын сериясы жыйынтыкталды.


Маалыматка ылайык, Deutsche Welle Академиясынын колдоосундагы «МедиаСабак» долбоорунун алкагында уюштурулган бул вебинарлардын сериясы 2020-жылдын 17-августунан 9-октябрга чейин ар дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү 19:00дө атайын программанын негизинде өтүп, аралыктан окутуудагы тажрыйбалар жайылтылып турду. Муну менен катар медиа-маалыматтык сабаттуулукту арттыруучу маалыматтар берилип, тийиштүү эксперттер чакырылды. 


Аталган эки айлык вебинарлар сериясын толук же арасынан өзүңүздөргө керектүүсүн кайталап көрүү үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу кирүүгө болот: Плейлист бул жакта