Будь медиаграмотным!

RU KG KZ TJ UZ

Кыргызстандын 4 шаарында медиасабаттуулук боюнча семинар-тренинг өтөт

11-03-2021

«ММК колдоо борбору» фонду «BRYCA» долбоорунун алкагында, Кыргызстандагы мектеп мугалимдери, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары, ошондой эле дагы башка тармактын өкүлдөрү үчүн 2021-жылдын апрель айында Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Каракол шаарларында 2 күндүк медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча семинар-тренинг өткөрөт.

 

Долбоордун максаты – медиа маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу, маалыматтык доордо жаңы кыйынчылыктарга туруштук берүү, ошондой эле өз багытындагы медиа сабаттуулугун окутуу жаатында кесиптик билимин кеңейтүү, бул жааттагы долбоорлорду уюштуруучуларга көмөк көрсөтүү.

Катышуучуларды тандоону «ММК колдоо борбору» фонду конкурстук негизде жүргүзөт. Ошол эле учурда, катышуучунун өз багыты боюнча медиа жана маалыматтык сабаттуулукту андан ары өнүктүрүүгө жана өз жамааттары үчүн санариптик жана медиа сабаттуулугу боюнча окутуу жана башка иш-чараларды уюштурууга даярдыгы бааланат.

Сынак формасын толтуруу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: 

https://forms.gle/SDtxH86um4kiEzAj9 

 

Эске салуу: Семинар-тренингге катышуу үчүн анкета 2021-жылдын 24-мартына (саат 17:00) чейин толтурулуп, жиберилиши керек.