Будь медиаграмотным!

RU KG KZ TJ UZ

Педагогдор үчүн медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча колдонмо онлайн режиминде да жеткиликтүү

20-09-2021

Билим алууга мүмкүнчүлүгү чектелүү жана көп учурларда жакыр айылдарда же Борбор Азиянын чек арага жакын аймактарында жашаган жаштар Интернеттеги кастык тилине жана дезинформацияга көп учурда туруштук бере алышпайт. Онлайн-маалыматтын өтө ылдам өсүп турган агымында багыт алуу боюнча көндүмү жетишсиз болгондугуна байланыштуу алар кооптуу болгон улуттар аралык, диний жана социалдык араздашууларды жайылткан экстремисттик билдирүүлөрдүн, кастык тилинин, жасалма маалыматтын курмандыгына айланышууда.

 

BRYCA  долбоору («Борбор Азияда жаштардын сынчыл ойломунун денгээлин көтөрүү үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук») аялуу топтогу жаштардын медиа-маалыматтык сабаттуулугун (ММС) көтөрүүгө багытталган, инновациялык ыкмаларды колдонуу менен, анын ичинде смартфондордогу билим берүүчү оюндар аркылуу, ошондой эле бардык региондордо, айрыкча чоң шаарлардан сырткаркы аймактарда билим берүү жаатындагы кызматкерлердин арасында ММС потенциалын расмий түрдө таанытуу аркылуу өнүктүрүүгө багытталган.

 

BRYCA долбоорунун алкагында ар бир максаттуу өлкө үчүн ММС боюнча супертренерлерди даярдоо жүрүүдө, алар өз кезегинде региондордогу жергиликтүү билим берүү кызматкерлерине медиа сабаттуулук көндүмдөрүн окутуп келишет. Эми алар үчүн жергиликтүү шарттарга ыңгайлаштырылган ММС боюнча колдонмо өз эне тилинде жеткиликтүү болду.

 

BRYCA долбоорунун медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча иш алып баруусу алдыңкы эл аралык тажрыйбаларга негизделген, ЮНЕСКОНУН ММС жаатындагы саясатынын принциптери жана стратегиясы эске алынган. Анда адамдарга, айрыкча барган сайын санариптик технологияларды көп колдонуп жаткан жаштарга маалыматтык дүйнөдө туура багыт берүүчү көндүмдөр менен билимдерди берүү зарылдыгына басым жасалат. Биздин иштин маңызы ошондой эле сынчыл ойломду өстүрө турган, маалыматка карата көз карандысыз текшерүү жүргүзүүгө жол бере турган, ММКлардын иштөө принцибин туура түшүүнүүнү камсыздаган, маселен манипуляция кылуу жана коомчулукту манипуляция кылуу үчүн ММКларга көзөмөл кылуу амалдарын тааныта турган жана жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган практикалык билим берүү - методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу болуп саналат.

 

«Медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча тренерлер үчүн колдонмо» ММС жаатындагы эксперт Александр Гороховский (Украина) тарабынан долбоордун катышуучуларынын активдүү катышуусу менен иштелип чыкты.  Колдонмо орус, казак, кыргыз, өзбек жана тажик тилинде жеткиликтүү () жана 4 негизги бөлүмдөн турат, алар өз ичине көнүгүүлөрдү жана ММС боюнча тренерлер үчүн кеп-кеңештерди камтыйт:

 

 

  • 1-бөлүм. Сен жана маалымат.
  • 2-бөлүм. Санариптик мейкиндикте бизди ким жана кантип алдайт?
  • 3-бөлүм. Санариптик дүйнөдө кантип өзүңдү жоготуп албоо керек.
  • 4-бөлүм. Виртуалдык дүйнөдөгү досторуң жана душмандарың.

 

Колдонмо ошондой эле,  Борбор Азия үчүн ММС боюнча онлайн-ресурсу болгон Медиа сабак сайтында жалпыга жеткиликтүү, басылма түрү атайын сурап кайрылгандарга берилиши мүмкүн.

 

Байланыш үчүн:

ERIM (Франция) программасынын менеджери

Флора Граиони – fgraioni@erim.ngo

 

Казакстандагы ММС долбоорунун менеджери

Алена Кошкина - alyona@medianet.kz

 

Кыргызстандагы ММС долбоорунун менеджери

Айчүрөк Усупбаева - aichurek.msc@gmail.com

 

Тажикстандагы ММС долбоорунун менеджери

Рахбар Маджидова - rahbarmajidova2@gmail.com

 

Өзбекстандагы ММС долбоорунун менеджери

Саида Сулайманова - sandrasulaymanova@gmail.com

 

Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланат жана  ERIM (Франция), ММК колдоо борбору (Кыргызстан), MediaNet эл аралык журналистика борбору (Казакстан), Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору (Өзбекстан) жана «Гурдофарид» коомдук уюму (Тажикстан) тарабынан ишке ашырылууда. Долбоор сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана жалпы дүйнөдөгү адам укуктары жана эркиндигин коргоо жана илгерилетүү жаатында жарандык коомду колдоо боюнча глобалдык демилгенин алкагында, Борбор Азия жаштарынын Интернеттеги дезинформацияга жана мисинформацияга, ошондой эле онлайн «кастык тилине» каршы туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.