Саводнок ба расона бошед!

RU KG KZ TJ UZ

«Мен медиасабаттуумун!» аттуу эки айлык вебинар старт алды

18-08-2020

Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы менен өнөктөш катары өлкөдө медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу жаатында ишмердүүлүк жүргүзүп келе жаткан «ММК Колдоо Борбору» фонду тарабынан «Мен медиасабаттуумун!» аттуу эки айлык вебинарлардын сериясы башталды. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун кызматкери, аталган вебинардын модератору Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, «МедиаСабак» долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан бул вебинарлардын сериясы 17-августтан 9-октябрга чейин ар дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү 19:00дө атайын программанын негизинде өтүп, аралыктан окутуудагы тажрыйбалар жайылтылмакчы. Муну менен катар медиа-маалыматтык сабаттуулукту арттыруучу маалыматтар берилип, тийиштүү эксперттер чакырылат.

Төмөндө «Мен медиасабаттуумун!» аттуу эки айлык вебинарлар сериясынын алгачкысына катышуу үчүн шилтеме:

  • https://www.facebook.com/msc.kg/videos/295870045028781/
  • https://youtu.be/GDcIeN_U8SM
     

Булак: Билим АКИpress