Саводнок ба расона бошед!

RU KG KZ TJ UZ

“Учурда медиа менен иш алып баруу – мектеп турмушун жеңилдетет” – Бекболот Абдуллаев, “Мыкты Медиа Бурч” сынагынын жеңүүчүсү

30-11-2020

Жакында эле «ММК Колдоо Борбору» Фонду тарабынан мектептер арасында жарыяланган «Мыкты медиа бурч» сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланышты. Бул сынакта баш байгени багындырган мектептик медиа бурчтун жооптуулары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан О. Атабекова мектебинин окуучуларынан куралган чыгармачыл топ болду. Бүгүн биз аталган мектептин медиа бурчуна жооптуу мына ошол окуучулардын тобунун лидери Бекболот Абдуллаев менен маек курууну туура көрдүк.  

 

- Бекболот, алгач биз сен жетектеген окуучулар командасынын баш байгени багындырышы менен дагы бир ирет кызуу куттуктайбыз! Алгач мына ошол мектебиңердин медиа бурчунун түзүлүү таржымалына жана максатына токтоло кетсең.

 

- Чоң рахмат сиздерге. Буга чейин мектепте бизде окуучулар парламенти менен бирге мектеп жетекчилигине мектепте медианы өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылган. Мектеп директору муну колдоп, мектепте “Медиасабаттуу мектеп” аталышындагы демилгени көтөрүп чыкканбыз. Муну биз өзүбүз мектептеги чоң долбоор деп да атап жүрөбүз. Аталган долбоордун негизинде окуучуларга жана мугалимдерге, ата-энелерге медиасабаттуулукту үйрөтүп, мектепте медиа каражаттарды жайылтуу эле.

 

Ошентип алгачкы кадамдарыбыз мектепте кастинг аркылуу медиа жаатында иштөөгө жөндөмү бар окуучуларды топтоп, медиа каражаттарды даярдоо боюнча тренинг өткөргөнбүз. Мектепте доолбоорлорго катышып, медиасабаттуулук боюнча түшүнүктөрү бар окуучулар бар экен. Аларды да командага алып, чакан адамдар менен мектептин маалымат берүүчү ыктыярдуу тобу түзүлгөн. Ал маалымат берүүчү тобу ошол учурда жаңы изденүү убагында эле, биз соц тармактар, медиа тууралуу кеңири маалымат ала баштадык. Ал тургай мен деле медиа сабаттуулук боюнча анчалык маалыматым жок эле. Бирге графика, видео даярдоо, журналисттик этикалар, маалымат жеткирүү эрежелери боюнча өз алдынча билим алууга өттүк. Бир нерсени үйрөнсөк дароо чогулуп, ортого аны салып бири-бирибизге үйрөтүп. Бул убактар дагы да эсибизде (жылмайып).

 

-Жакшы, эми мына ошол мектептер арасында жарыяланган «Мыкты медиа бурч» сынагы тууралуу маалыматты кайдан алып, кантип катышып калдыңар?


- Буга чейин мен Медиабурчтар конкурсу боюнча соц тармактар аркылуу билип, кызыгып, сайтыңыздарга баш бакканмын. Бирок ал убакта апрель-май  айы болуп, конкурс иш жүзүндө эмес болчу. Кызыгып койдук, бирок конкурска катышуу шарты болбогондугуна байланыштуу өз алдынча ишибизди улантып жаттык. Ошол убакта сиздерден билим алып, медиабызды дагы да өнүктүрүүнү кааладык. Биздин медиа бурч өзүбүзгө жетишсиз сезилер эле. Сиздер менен иштешип, окуучулар дагы да билим алып, мектептик медианы өркүндөтүүнү кааладык.

 

Анан сентябрда Инстаграмды жаңылап, жаңы дизайн түзүп, логотипти иштеп чыгып “Эң мыкты медиа бурчтар” конкурсуна катышып баштадык. Мектеп директору конкурска катышып жатканыбызды колдоп, мектептин маалымат кызматы деген аталыш ыйгарды. Мектеп эмгек ардагери Олмосхан Атабекованын атын алып жүргөндүгүнө байланыштуу медиа бурчка да анын ысымын ыйгардык.

 

Баары кымындай гана нерседен башталган. Ойлоп карасам ошол убакта өз алдыбызча изденип олтуруп, медиа жана журналистика боюнча бардык билимдерди алыптырбыз. Команда болуп, бирге өз алдынча үйрөнгөнүбүз бизди ийгилике жетелеп, 1-орунду багындырдык. Азыр да айтып калабыз, чындыгында күткөн эмеспиз деп, себеби биринчи жолу катышып жаттык эле. Биздин максатыбыз сиздердин көзүңүздөргө көрүнүп, кийинки жылы ошол алыскы аймактагы биздин медиа командага да бир аз билим береби экен деген ой болгон.

 

- Силердин мектептик медиа бурчуңардын негизги өзгөчөлүктөрү кайсылар?

 

- Албетте биринчи орунда команда. Мен өзүм болсом, же дагы бир нече адам болуп гана иштегенде эч нерсеге жетишпейт болчубуз да. Биз ар бир маалыматты ортого салып, кошумчалап анан окурмандарга тартуулайбыз. Айылдагы мектеп болгону үчүн бизде окурмандага бере турган жаңылык деле анча табылбайт. Анын үстүнө аралыктан иштөө убагында мектеп турмушунда иш-чаралар аз болуп жатат. Ошентсе да ар жактан изденип, аны кошумчалап чыгарып жаткан командама рахмат.

 

Биздин команда изденип отуруп сайт ачууну, мобилдик тиркеме түзүүнү да үйрөндү. Анан жайда мектептин сайтын ачууну жана тиркеме иштеп чыгууну пландап, жай мезгилинде аларды ишке ашырдык. Айрым техникалык жетишсиздиктерди эске албаганда сайтыбыз да тиркемебиз да кубантаарлык чыкты. Сайт аркылуу окуучулар мектеп жаңылыктарын окуп, теле-сабактарды көрүп,  бири-бири менен маалымат алмаша алат. Бул функциялар мобилдик тиркемеде да каралган. Анын артыкчылыгы мобилдик тиркеме аркылуу окуучулар жадыбалды карап, сабагы башталганда үн билдирме ала алат.

 

Сайт жана мобилдик тиркеме ачуу боюнча билимдер жок, программалоо тилин билбейбиз. Бирок каалообуз менен аны да ишке ашырдык. Конструктордук сайттар, сервистер айтор бир амалын табып, өтө сонун тиркеме сайттарды ишке киргизип алдык. Максатыбызды жаштар мүмкүн болушунча жеткиликтүү маалымат алуусуна жумшап, маалымаат берүүнүн да креативдүү жолдорун карадык. Мисалы, окуучулар маалыматты үн жана видео форматында алсын деп подкаст жана жаңылыктар репортаждарын иштеп чыктык. Бул өтө сонун эле, аны башында ишке ашырганда өзүбүздүн кубанычыбызда чек жок.

 

Жаңылыктар репортаждарын түзүп алып, чоң телевизорго аны улап, өзүбүздү телевизордон көргөндөй кубанат элек. Ал эми эң чоң өзгөчөлүгүбүз бул биздеги жаштардын биримдүүлүгү, лидерлик сапаттары, каалоолору болчу. Бул үч нерсесиз биз эч нерсе кыла албайт болчубуз. Ошондуктан медиа түзүчүүлөр алгач команда менен өзгөчө иштешиңиздер.

 

- ATABEKOVA MEDIA деп аталган мектептик медиа бурчуңарды түзүүдө кандай көйгөйлөр жаралды да, аны кантип чечүү жолдорун ишке ашырдыңар?

 

- Көйгөйлөр жаралбай койбоду. Буга чейин эле биз медианы мектепте жайылтуу боюнча иш-аракеттерди баштаганда мектеп окуучуларынын түшүнүгүнүн жоктугу эле. Мектеп жетекчилиги колдоп бергени менен окуучулардын медиага кызыкпаганы байкалып жатты. Ал тургай соц тармактарда бизге катталууну каалабай жаткандар болду. Албетте бул болушу керек болгон көрүнүш. Жаңы иш-аракетке баарынын эле жашкы жана жаман реакциялары болот. Бул көйгөйдүү чечүү үчүн биз медиа-бурчту жаштар арасында бренд кылалы деген максат койдук.

 

Медиа бурчтун командасы тууралуу ар кандай маалыматтарды таркатып баштадык. Биздин баракчаны байкасаңыздар өзүбүз тууралуу маалыматтарды көп чыгарабыз. Бул иш-аракет терс да оң да натыйжа берип жатты. Бирок окуучулар арасында биздин медиа тууралуу маалыматтарды таркатты. Кадимки кыргыз коомчулугу сыяктуу хайп кылганга өттүк. Карантинге байланыштуу ошол иш-аракеттер жасалды. Буюруса мектеп ачылса бул көйгөйдү чечүүнүн дагы бир жолун караштырып жатабыз.

 

Мектепте биздин логотип түшүрүлгөн кружка, наклейка, галстук, дептер жана ручкаларды жайылталы деп жатабыз. Эми ал убакта да каражат жагынан көйгөй чыгышы мүмкүн. Буюруса аны да күлүп жеңебиз. Медиа бурчту жайылта албай жаткан башка максатташтарга да бул иш-аракетти сунуштайбыз. Мындан тышкары аралыктан окуп жатканда бири-бирибиз менен байланышып, контент даярдоо кыйын болуп жатты. Бир-эки жолу мектепке келип журналисттик иликтөө кылып кеттик (күлүп), калган убакта мектепте чогула албай үйдө бири-бирибизди көрбөй контент даярдоо албетте кыйынчылык жаратты.

 

- Мектептик медиа бурчтун медиа-маалыматтык сабаттуулукту арттыруудагы кызматы кандай деп ойлойсуң?

 

- Башында айтып өткөн “Медиасабаттуу мектеп” деп аталган демилгенин экинчи этабында биз окуучуларга медиасабаттуулук боюнча билимдерди беребиз. Аны онлайн эмес, мектеп ачылган убакта офлайн түрдө өткөрүүнү плдандап жатабыз. Себеби жакшы натыйжа берет. Бирок ага чейин бизде медиа-бурч түзүлүп жатпайбы, дал ушул медиа бурчун түзүлүшү эле бизди окуган окурмандарга бир топ медиа сабаттуулук боюнча маалымат бериптир. Алар азыр соц тармактарды жакшы өздөштүрүп кандай баракчада өзүн кандай алып жүрүү керектигин үйрөнүп баштады.

 

Биздин мектеп окуучулары тарабынан айрым учурларда “Атабекованын сулуулары”, “Атабекова рулит” ж.б өңдүү көңүл ачуучу пабликтер ачылып калат. Ал жакта окуучулар сүрөттөрүн жүктөп, тамаша иретинде комментарийлер калтырылат. Биздин медиа бурч да алгач ачылганда бизди да ошол сыяктуу паблик деп жеңил ой менен карашкан. Комментарийлерге ар кандай сөздөр менен жазышчу. Албетте мындай көрүнүш тентек окуучулар арасында болот. Медиа бурчтун жүрүшүндө окуучулар биздин баракчаны олуттуу кабыл алып калышты. Бул менен алар өздөрүнүн жабык паблигинен тышкары да башка баракчаларды жүрүм-турум этикаларын үйрөнүп алышты. Эми ар кимибиз өзүбүздүн акылыбыз менен ойлоп көрсөк бул жыйынтыктан кийин медиа бурч медиасабаттуулукту жайылтууда жардам беребир баамдасак болот.

 

- Мектептик медиа бурчтун, анын соц тармактагы баракчаларынын мектеп турмушу менен коомчулуктун байланышын чыңдоодогу ролу тууралуу айтып өтсөң.

 

- Мурун мектеп жетекичилиги ата-энелер жыйыны болгондо ар бир окуучуга чакыруу кагазын чыгарып, аты-жөнүн жазып, окуучуларга беришет эле. Окуучулардын кээ бири чакыруу кагазын алып барып берсе айрымдары жолдо жоготуп алат. Айтор ортодо миңдеген окуучулардын ата-энелерине чакыруу кагазын жазган эжекейдин гана эмгеги калат. Ал эми бул нерсени интернет аркылуу ишке ашырууга болот да. Биз мектеп жетекчилигине ата-энелер үчүн чат-бот же рассылка түзүү боюнча долбоор сунуштасакбы деп жатабыз. Бир “клик” аркылуу эле баардык ата-энелерге бирдей маалымат баруусу өтө жакшы иш. Ушул сыяктуу эле медиа бурч дагы ата-энелер менен мектеп жетекчилигинин ортосундагы байланыштарды жогорулатат. Ата-эне үйүндө отуруп эле мектеп турмушу менен тааныша алат. Бул боюнча пландар толтура.

 

-Командаңарды куроодо кайсы чен-өлчөмдөргө (критерийлерге) басым жасадыңар жана, деги эле азыркы командаңар тууралуу кеңири токтоло кетсең.

 

- Башында айтып өткөндөй албетте баардык ишти жасоодо команда менен иштөө өтө маанилүү. Буга чейин 2019-2020 окуу жылында бизде медианы көтөрүү боюнча демилге ишке ашырыла баштаган. Анда мен өзүм болчумун. Өзүм жалгыз медианы көтөрүү бул тоодой иш. Албетте мага команда керек эле. Класс жетекчим жана медиа бурчтун төрайымы Молоева Бедия менен бирге биз команда топтоп баштадык.

 

Алгач каалоочуларды кабыл алдык. Алар ар класстан чогулгандыгына байланыштуу бири-биринин жаныда өздөрүн ыңгайсыз сезип, бири-бири менен эркин баарлашып кете алган жок. Ошондо аларды дебаттарга жана мафия оюнун ойноого үйрөтүп, алардын потенциалын жогорулатуу максатында иш алыр барып жаттык. Бул оюндар алардын сөз байлыгын, жана көйгөйдүү ар тараптуу алып, жалпы көз караш менен анализ жүргүзүүсүнө жардам берди. Бул сапаттар албетте медиа жана журналистикада керектелет.

 

Ушул оюндар аркылуу аларды бириктирип, өнүктүрүп команда даярдадык. Албетте арасынан чыгып кеткендери болду. Алардын ичинде катылган таланттары ачылды. Мисалы, Айданек Бегижанова деген кызыбыз күтүлөгөн жерден эле жаңылыктарга диктор болуп, оозубузду ачырды. Анын үнү абдан сонун эле, жаңылыктарды ал окуп жатты. Кийин ал окууну бүтүп кетти, азып дикторлукка дагы бир окуучуну даярдап жатабыз. Критерийлер дегенибиз менен ар бир окуучунун өзүнүн таланттары болот. Каалоосу бар окуучуларды топтоп, алардын таланттарын ачып, аны медиага байланыштырып алуу оңой. Критерийлер туура келгени менен медиага берилип, иш жасай албагандарды медиа дүйнөсүнө алып кирүү ага караганда бир топ кыйын.

 

 - Канткенде мектептик медиа бурч интернеттеги окурмандарын чогулта алат?

 

- Буга ар кандай жолдорду алса болот. Башында биз таргет жасадык, азыр да окурмандарыбыз өтө көп эмес. Бирок окурмандарды топтоо үчүн пландарыбыз бар. Муну башка медиа-бурчтарга да сунуштайбыз.

 

Медиа бурчту жаштар арасында бренд кылгыла. Силердин логотип түшүрүлгөн кийимдер, кружка, дептерлер, флагдар. Көпчүлүк жерде медиа бурч тууралуу маалыматтар жайылса силерге болгон кызыгуу ошончолук көбөйөт. Бул ыкманы мыкты маркетологдор дагы сунуштайт. Бизнесте товарды жайылтууда көпчүлүк компаниялар ушул ыкманы колдонот. Бюджеттик жардамды мектептен сурагыла же ата-энелер арасында краудфандинг өткөрүүгө болот.

 

- Алдыдагы максаттар?

 

- Максаттарыбыз ошол медиа бурчту мурастан мураска өткөрүп берүү, себеби мен жана менин командам окууну бүтүп кетет. Жаңы кадр даярдап, медианы салтанаттуу түрдө аларга өткөрүп берүүнү пландап жатабыз. Бирок азырынча командага тыныгуу жарыяладык. Медиа бурч деп кошумча контент даярдайм деп сабактары үзгүлтүкө учурабасын. Эгерде мектеп турмушунда жаңылык болсо, албетте киргизип турабыз. Азырынча максаттар жана башкаларды унутуп сабак окуп жатабыз. Буюруса кырдаалга жараша дагы максаттар коюлат да. Алар боюнча мен алдын ала айта албайм. Команда менен бирге чечишип, жаңылык болсо медиа бурчтардан маалымат берип турабыз.

 

- Башка мектептик медиа бурчтардын жооптууларына берүүчү сунуштарың (каалоо тилектериң?

 

- Заманбап жашоодо медиа менен иш алып баруу мектеп турмушун жеңилдетет. Президент өлкөнү санариптештирүү жылы дегени менен пандемияга жана акыркы саясий байланыштуу бул иш-аракетке анча көңүл бурулбай калды. Өлкө башчыларыбыз мектептеги медианы өркүндөтүү жагын карай албаса, биз өзүбүз аны мектепке алып келишибиз керек. Мектепте медианы түзгүлө, бул мектебиңердин турмушун жеңилетет жана окуууларды медиасабаттуулука чакырат. Ал эми медиасабаттуулук билим алууну жакшыртарында шек жок. Буга чейин мен медианы ишке ашыруу боюнча бир нече сунуштарды бердим. Эң негизги сунушум каалоо болсун. Медиага өзүңөрдү арнагыла. Баардык ишке өзүңөрдү арнагандай. Кылычсыз самурай айтып өткөндөй “Берилип кызмат кылсаң, ал да сага берилип кызмат кылат” Ийгиликтин негизги сыры ушунда!

 

Маегиңиз үчүн рахмат!

 

 

Интервьюну алган: Тынчтыкбек Досмуратов

Интервьюну жазган: Каныкей Кененсариева