Саводнок ба расона бошед!

RU KG KZ TJ UZ

“Социалдык тармактар бүгүнкү күндө маалыматты тез жайылтууга жардам берет” – Илгиз Шамырзаев

21-12-2020

Биз бүгүнкү маегибизде медиа жана медиасабаттуулук жаатында бир канча ийгиликтерди багындырып келе жаткан Илгиз Шамырзаев менен биргеликте маек курабыз.

 

- Илгиз мырза, саламатсызбы. Белгилүү болгондой 2020-жылдын 5-ноябрында болуп өткөн медиасабаттуулук боюнча форумда «Мектептик медиа бурчтарды түзүү жана аны түзүүдө эске алуучу жайгдайлар» деген темада баяндама жасап бердиңиз. Айта кетсеңиз, негизи эле медиа бурч деген эмне?

 

- Саламатчылык. Медиа бурч – бул социалдык тармактардагы маалыматтык бурч. Мындай маалыматтык бурчтар көбүнчө бардык мамлекеттик жана менчик мекемелерде, ооруканаларда, жогорку окуу жайларында жана мектептерде колдонулат.

 

- Медиа бурчтардын сырткы көрүнүшү жана мазмуну кандай болушу керек?

 

- Бардыгы мектептен башталат. Себеби биздин келечекте кандай адам болорубуз ар кандай факторлорго байланыштуу: биз мектепте эмнеге кызыгабыз; кандай ийримдерге барабыз; кандай мугалимдерибиз бар ж.б.

 

Жогорку класстын окуучулары үчүн жакшы медиа бурч керек. Эгерде медиа бурч түшүнүктүү, эстетикалык жактан асемделген, көзгө көрүнүктүү жана ыңгайлуу болсо, анда бүтүрүүчүлөр да жогорку окуу жайына кирүү үчүн тиешелүү маалыматтарды бул жерден таба алышат.

 

Студенттер үчүн да жакшы медиа бурч керек. Бул медиа бурчтун алар үчүн төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөрү бар: ыңгайлуу жадыбал, окуу жайдын көрүнүктүү жарнамалары, түрдүү жаңылыктар жана иш-чаралар жөнүндө маалымат. Булардын бардыгы мыкты медиа бурчтун бир бөлүгү болуп саналат. Эгерде студенттер окуу кааналарын чатарштырып албаса, анда сабактардын жадыбалын эң мыкты түзүлгөн деп эсептөөгө болот.

 

Медиа бурчтар аны мыкты деңгээлде жасалгалай алуучу чыгармачыл адамдарга муктаж. Стендди креативдүү идеялар менен кооздоп, анын үстүнө фото жана видео материалдар менен да иш алып баруу түзүүчүгө эч качан зыян алып келбөөчү жөндөмдөр.

 

Жакшы медиа бурч мугалимдерге да керек. Себеби окуучулар сыяктуу алар да түрдүү маалыматтарга муктаж. Жыйынтыгында мыкты медиа бурч баары үчүн керек. Окуучуларга маалыматтарды ыкчам жеткирүү, жадыбал боюнча маалымат берүү, жарнамалык ийримдер жана ар тараптуу иш-чаралар. Мунун баары окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да керектүү болуп саналат. Мектептик медиа бурч андагы адамдардын гармониялуу жашоосу жана ийгилиги үчүн кызмат кылып, жаралган ийгиликтер менен таанышуу аркылуу окуучулар шыктанышат..

 

- Мектептик медиа бурчту эмнеден баштоо керек?

 

- Мектептик медиа бурчту түзүүдө алгач эң керектүү болгон сабактын жадыбалынан баштоо керек.

 

Сабактардын жадыбалы – бул жалпы мугалимдер жана окуучулар үчүн керектүү болгон маалымат. Ошондуктан биз өзүбүздүн медиа бурчубузду сабактардын жадыбалынан баштообуз керек.

 

Буга чейин сабактардын жадыбалы бардык окуучулар үчүн жалпы чөйрө катарында каралып келинген. Демек, бул аймак баарына түшүнүктүү жана жагымдуу болушу керек.  

 

Сабактардын жадыбалын түзүүдө түрдүү фотолорду колдонууга жана ар кандай түстөрдү колдонууга болбойт.

Тандалган түс ачык жана жагымдуу болуусу керек.

 

Мектептин башталгыч, орто жана жогорку класстарынын жадыбалдарын үч түс менен бөлүп көрсөтүүгө болот. Мисалы: жашыл, көк жана кызыл. Бул жерде жашыл түс жаштыктын жана тажрыйбасыздыктын белгиси катарында каралса, көк түс күч-кубатка толуп тургандыктын белгиси катарында каралат.

Ал эми кызыл түс бул жакын арада мектеп менен коштошуучу класстар. Мына ушундай жол менен бүтүндөй бир идеяны, деталдарды өзүнө камтып турат.

 

Эң негизгиси сабактардын жадыбалы жалпы аймак болгондуктан ал баарына ыңгайлуу жерде жайгашуусу керек. Тагыраак айтканда, мектептин кире беришиндеги чоң орундукка. Же болбосо класстардын айырмачылыктарына карап мектептин түрдүү бөлүктөрүнөн орун алуусу да мүмкүн.

 

Балдар, бул жадыбалдардын дагы да болсо окуучуларга ыкчам жетүүсү үчүн эми аны интернет менен алмаштыруу керек. А бирок санариптик мейкиндикке өтүүдөн алдын, интернетте басма ишин кандай жүргүзүү керек экендигин түшүнүү зарыл.

 

Улам мезгил өткөн сайын мектептер да улам өзгөрүүдө. А бирок мыкты медиа бурчтар бир нече жыл алдын окуп кеткен окуучуларга да жана андан кийинки бир канча окуучуларга да кызмат кылат. Медиа бурчту жасалгалоодо бардык маалыматты бир тактайчага батырууга аракет кылбаганыбызы жакшы болот. Колубуздан келишинче тематикалык тактайчаларды орнотуп, тиешелүү гана маалыматты берүүбүз керек, тагыраак айтканда, ашыкча маалыматтардын, жасалганын кажети жок. Албетте, сабактардын тизмесинен сырткары. Ал анткени  заманбап ааламда минимализм абдан бааланат.

 

- Илгиз мырза, а балким минимализм деген термин көпчүлүккө түшүнүксүз болуп калуусу мүмкүн. Мына ошондуктан бул термин тууралуу айта кетсеңиз?

 

- Минимализм дизайнда абдан популярдуу. Минимализм бул минималдуу маалымат, минималдуу сүрөт, а бирок максималдуу натыйжа дегени. Мында кенедей болгон сөз менен, же болбосо бир эле сүрөт менен көп нерсени түшүндүрүү керек болот. А балким бир эле сүрөт окуяны толугу менен чагылдырып бере алат.

 

- Бүгүнкү күндө бир канча мектептердин социалдык тармактарда да медиа бурчтары ачылып, мектептеги жаңылыктар да коомчулукка ыкчам жетүүдө. Негизи социалдык тармактардагы медиа бурчтар тууралуу да айта кетсеңиз?

 

- Көпчүлүк мектептердин 2018-жылы дагы да болсо социалдык тармактарды колдонушпагандыгы тастыкталган. Мына ошондуктан да биз жаштар арасында өзгөчөлөнгөн, маалыматтарды башкаларга так жана мыкты жеткире билген адамдардын бири болушубузу керек. Ал үчүн окуучулардын арасында кеңири колдонулган социалдык тармактарды тандап алуубуз керек. Мисалы, алар бүгүнкү күндө Instagram, Telegram жана TikTok болушу мүмкүн. Биз белгилүү бир социалдык тармакты тандап алгандан кийин анда өзүбүздүн мектебибиздин баракчасын түзүүбүз керек.

 

Мисалы, мектептин Instagram баракчасын алалы. Instagram баракчасын ачып, ал аркылуу түз эфирге чыгып, же болбосо маалыматтарды ыкчам жана натыйжалуу жеткирүү эң жакшы идея. Бул тармактар аркылуу биз керектүү маалыматты өз кезегинде окуучуларга жана мугалимдерге жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Социалдык тармактарда иш алып баруу үчүн дагы да болсо алар тууралуу маалыматка ээ болуп, колдон келишинче берилип жаткан маалыматтын орфографиялык жана пунктуациялык катачылыктарын эске алуу керек.

 

Мындан сырткары силер баракчаны активдүү кыймылга келтирүү үчүн анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу зарыл. Мисалы, түрдүү постторду жарыялап, историядан викториналык оюндарды уюштурсаңар болот. Эң негизгиси баштаган ишти таштабай, ар дайым жигердүүлүк менен иш алып баруу керек. Биз канчалык көп жана маңыздуу, кызыктуу постторду чыгарсак, анда аны ошончолук көп адамдар көрө башташат.

 

Ошол эле учурда биз өзүбүздүн официалдуу баракчаңарды ачууну да унутпашыбыз керек. Ал анткени мектептин турмушунда болуп жаткан маалыматтарды өзүбүздүн акаунттар аркылуу бөлүшүп туруу да жакшы натыйжа берет.

 

Заманбап социалдык тармактар «кайсыл баракча адамдарга көбүрөөк жакса, анда ал ошол баракчаны башкаларга сунуштай баштайт» деген принциптин негизинде иштеп келишет. Ошондуктан силер жарыялап жаткан постторду Instagram баракчада канчалык көп адам көрсө, анда калган катталуучулар арасында да баракчаңар тууралуу кызыгуу пайда боло баштайт. Демек, бейрасмий маалыматтардын арасына маанилүү жаңылыктарды жайгаштыра турган болсоңор, анда ал маалыматтын катталуучуларга көрүнүп калуу ыктымалдуулугу бир азга болсо да жогорулай баштайт.

 

Биз бир канча рубрикаларды түзүшүбүз керек. Мисалы, жеңил жана күлкүлүү суроолорду камтыган мектеп окуучулары арасында жүргүзүлүүчү сурамжылоолор, ошондой эле жалпыга белгилүү болгон маалыматтар боюнча түрдүү суроолор. Бул иш-аракетиңер мектептин атмосферасына да, билимдин баалануусуна да оң таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Мугалимдер менен кыскача маектешип, алардын өздөрү тууралуу кеңири айтып бере турган рубрикалар болсо жакшы болот. Себеби мындай рубрикалар мугалим менен окуучунун ортосундагы байланышты бекемдеп, ортодогу аралыкты жакындатууга өбөлгө болот.

 

Ошондой эле мектепке тиешлүү тамашалар, же болбосо таланттуу окуучулардын өнөрүнө байланыштуу рубрикаларды ойлоп тапсак болот. Социалдык тармак – бул укмуштуудай курал. Себеби анын жардамында бүгүнкү күндө маалыматты тез жайып, акча табууга жана медиа бурчтарды түзүүгө болот.

 

- Мектептин социалдык тармактардагы баракчаларын кандай жол аркылуу окуучулар арасында ыкчам жайылтууга болот?

 

- Алгач, ачылган баракчадан биз билген, мектебибизде окуган бардык окуучуларга катталуубуз керек. Мындан сырткары биз тараптан жарыяланып жаткан түрдүү фото сүрөттөргө өз аккаунттарыбыздын аталышын жазууну унутпашыбыз керек. Социалдык тармактарда мектептердин медиа бурчтарын түзүүдө кыска жана түшүнүктүү, колдон келсе бардык тармакта бирдей аталышка ээ болгон аталыштарды тандап алуубуз керек. Мисалы: @52_mektep_liseyi

 

- Ал эми медиа бурчтардын ишин мыкты жүргүзүүдө кайсы редакторлорду сунуштайсыз?

- Бүгүнкү күндө төмөндөгү бир канча программалар бизге керек болот:

 

Adobe illustrator – сүрөттөрдү монтаждоо үчүн;

Adobe After Effects – татаал түзөтүүлөр жана анимация үчүн;

Adobe Photoshop – сүрөттү түзөтүү үчүн;

Corel Draw – сүрөттү түзөтүү жана жасалгалоо;

Sony Vegas – видео материалдарды түзөтүү үчүн;

Windows Movie Maker - видео материалдарды түзөтүү үчүн.

 

- Медиа бурчтардын ишин мыкты жүргүзүү үчүн команданын да орду чоң эмеспи. Команданын курамы жана алардын аткаруучу иштери тууралуу да айта кетсеңиз?

 

- Алгач бизге лидер керек. Себеби ар бир мамлекеттин же бирикменин өзүнүн лидери болот. Лидербардык жоопкерчиликти өзүнө алган адам. Мындан чыкты ал медиа бурчтун тайпасын жетектөөгө дарамети жеткен адам.

 

Ал эми менеджер болсо башка топтогуларга жумуштарды бөлүштүрүп берет. Медиа бурчтун актуалдуулугун сактап калуу жана команда түзүү үчүн иш-аракеттерди аткарат.  

 

Фотограф – бул багытта тажрыйбасы бар, өзүнүн түрдүү идеялары менен мыкты сүрөттөрдү тартып алуучу адам. Ал медиа бурчка тиешелүү болгон сүрөттөрдү жеткирип берүү кызматын аткарат.

 

Контент-менеджер – командага ар дайым мазмуну түзүп берүүчү, жана креативдүү идеяларды команданын мүчөсү.

 

Монтажер – эгерде силер социалдык тармактарды иштете баштасаңар, анда сөзсүз түрдө ал баракчалар аркылуу видео материалдар да коомчулукка жарыяланып туруусу керек болот. Ал эми материалдарды даярдоодо, ага ар кандай эффекттерди жана тексттерди кошууда монтажер өз чеберчилигин көрсөтөт.

 

Редактор – даярдалган маалыматтар жыйынтыгына келген соң жарыялаганга чейин карап чыгуучу адам. Бул орунга мугалимдердин арасынан кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин тандап алса болот. Мындан сырткары ар кандай кырдаалга байланыштуу окуучулардан да жардамчы редактордун дайындалгандыгы жакшы болот.

 

- Илгиз мырза, маегибиздин жыйынтыгында сиздердин медиа бурчуңуздардын жетишкен ийгиликтерине токтоло кетсеңиз.

- Мен биздин жетишкен ийгиликтерибизди төмөндөгүдөй тартипте тизмектей кетейин:

2019-жылы «ММК Колдоо Борбору» Фонду тарабынан уюштурулган «Мыкты медиа бурч» сынагында «YouTubeдагы мыкты медиа бурч» наамын жеңип алып, ноутбук менен сыйланганбыз;

2019-жылы «ММК Колдоо Борбору» Фонду тарабынан уюштурулган «ММС элементин камтыган мыкты сабактын иштелмеси» сынагында I орунду ээлегенмин;

2020-жылы «ММК Колдоо Борбору» Фонду тарабынан уюштурулган «ММС элементин камтыган мыкты видеосабак» сынагында II орунду ээледим.

 

- Маегиңизге рахмат! Кийинки иштериңиздерге да ийгиликтерди каалайбыз.

 

- Сиздерге да ыраазычылык билдиребиз!

 

Интервьюну алган: Тынчтыкбек Досмуратов

Интервьюну жазган: Каныкей Кененсариева