Саводнок ба расона бошед!

RU KG KZ TJ UZ

КОШ БОЙЛУУ АЙЫМДАРДЫ ЭМДӨӨ: ӨЗҮҢҮЗДҮ ЖАНА БАЛАҢЫЗДЫ КОРОНАВИРУСТУН СОККУСУНАН КОРГОҢУЗ. ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!

11-08-2022

Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, COVID-19 инфекциясы кош бойлуу айымдар үчүн олуттуу кыйынчылыктардын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Бул учурда, коронавируска каршы вакцинанын пайдасы эмдөө менен байланышкан тобокелчиликтерден да маанилүү экенин акушер-гинекологдор баса белгилешет.

 

Кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөө боюнча суроолорго Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров жооп берди.

 

Кабарчы: COVID-19 кош бойлуу аялдарга кандай таасир этет?

 

Арсен Аскеров: Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, COVID-19 менен ооруган кош бойлуу аялдар, боюнда жок айымдарга салыштырмалуу катуу ооруга чалдыгышат. Дарты күчөп кетүү коркунучу чоң. Бул коронавирусту жуктуруп алган кош бойлуу аялдарды ооруканага жаткыруу, алардын дем алуусун жеңилдетүүчү чараларды көрүү, интенсивдүү терапияны жана инвазивдүү вентиляцияны ишке ашыруу талап кылынышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Кошумчалай кетсек, коронавирус инфекциясы ымыркайдын эрте төрөлүшүнө, аны комплекстүү дарылоого алып келиши ыктымал.

 

Кабарчы: Кош бойлуу аялдар COVID-19га каршы вакцина алышса болобу?

 

Арсен Аскеров: Ооба. Вакциналар коронавирус тарабынан чакырылган коркунучтуу оорулардан жигердүү коргоону камсыз кылат. Кош бойлуу аялдарды эмдөө эл аралык акушер-гинекологдордун уюмдары тарабынан сунушталат. Европа жана Америка өлкөлөрүндө бул категориядагы адамдардын арасында эмдөө эки жылдан бери жүргүзүлүүдө. Коронавируска каршы вакцина кош бойлуулуктун 22-жумасынан тартып жасалат. Бир айдан кийин вакцинанын экинчи дозасын алышат. КМШ өлкөлөрүндө болсо, Россия Федерациясы кош бойлуу айымдарды активдүү эмдөөдөн өткөрүүдө. Казакстандагы көрсөткүчтөр бир аз төмөн. Кыргызстанда болсо боюнда барлардын саналуу гана бөлүгү эмдөөдөн өттү. Балким аларга так жана тастыкталган маалыматтар жетпей жаткандыр. Мындан улам биз болочоктогу энелерди эмдөөдөн өтүүгө чакырып кетмекчибиз.

 

 

Кабарчы: COVID-19га каршы вакциналар кош бойлуу айымдар үчүн коопсузбу? Эмдөөнүн терс таасирлери кандай?

 

Арсен Аскеров: Кош бойлуу айымдарда эмдөөдөн кийинки кыйыр таасирлер эч бир өзгөчөлүгү менен айрымаланбайт. Алардын дене табы көтөрүлүп, ийне сайылган жери кыжаалат кылышы мүмкүн. Жалпы организмдин алсыздыгы байкалат жана башы оорушу мүмкүн. Бирок кыйыр таасирлер күчөп кетпейт. Анын үстүнө эмдөөгө чейин кош бойлуулар медициналык кароодон өтүшөт. Эгер мында каршы көрсөтмөлөр берилбесе, коркпой туруп вакцина алышса болот. Анткени эмдөөдөн кийинки кыйыр таасирлерге салыштырмалуу COVID-19 оорусу орду толтурулгус кесепеттерин тийгизиши мүмкүн. Кош бойлуу айым өзүн жана баласынын коопсуздугу үчүн туура чечим кабыл алганы жакшы. Туура чечим болсо – бул эмдөөдөн өтүү.

 

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча миңдеген кош бойлуу айымдар, бала эмизген аялдар COVID-19га каршы вакцина алышты. Алардын жана балдарынын биринде да вакциналарга байланыштуу көйгөйлөр байкалган жок. Анткени вакцинанын курамында түйүлдүккө же кош бойлуу аялга зыян келтирүүчү заттар жок, төрөткө да терс таасир бербейт. Алар плацентага кирбейт жана түйүлдүктүн өнүгүшүнө таасир этпейт. mNRK вакциналары ДНКны өзгөртпөйт же генетикалык өзгөрүүлөрдү жаратпайт.


Кабарчы: Вакцина эне сүтүнүн сапатына таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

 

Арсен Аскеров: Эгер эсиңиздерде болсо, COVID-19га каршы вакциналар чыкканга чейин, пандемия учурунда, биз бала эмизүүнү уланткыла, деп айтып келгенбиз. Анткени эненин антителолору сүт аркылуу балага берилээри тастыкталган болчу. Жарык дүйнөгө келген ымыркайды оорулардан сактоо анын келечеги үчүн жакшы пайдубал тургузууга барабар. Профилактикалык азыктардын бардыгы эне сүтүндө болгондуктан жаңы төрөлгөн ымыркайды 6 ай эне сүтү менен гана азыктандыруу керек. Мында эмизген эненин өзү ооруп калбашы керек. Ага байланыштуу коронавируска чалдыкпаган айымдардын эмдөөдөн өтүшү маанилүү. Бирок төрөт учурунда кан кетип, кан уюп же операция жасалган болсо, вакцина албоо зарыл.

 

Кабарчы: Медициналык себептерден улам эмдөөдөн өтө албаган айымдар оорудан кантип сактанышы керек?

 

Арсен Аскеров: Көпчүлүк ооруларга карата сактык чаралары окшош. Эң башкысы колду самындап, 20 секунддан кем эмес убакыт аралыгында жуу, эл көп топтолгон жайлардан оолак болуу же беткап тагынуу маанилүү. Эгер жарандарыбыз өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн массалык түрдө эмдөөдөн өтүп, жамааттык иммунитет түзүлүп калса, коронавирус жалпы калк, анын ичинде кош бойлуу айымдар үчүн дагы коопсуз болот.