Саводнок ба расона бошед!

RU KG KZ TJ UZ

Оштун мектептеринде онлайн-сабактар уюштурулууда

18-03-2020

Ош шаарындагы мектептердин мугалимдери карантин учурундагы сабактарды онлайн түрүндө уюштура баштады. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-2020-окуу жылынын III чейрегинин соңку аптасындагы, ошондой эле IV чейректин башындагы (карантин учурундагы) сабактар календарлык пландын негизинде 30 мүнөттүк убакытка ылайыкташтырылып, онлайн түрүндө уюштурулууда.

«Онлайн сабактарды өтүү мектептик медиа-бурчтардын, мугалимдердин ютуб-каналдары, ошондой эле фейсбук, инстаграм баракчаларында түз эфир аркылуу да ишке ашат. Алдыңкы делген сабактарды жергиликтүү телеканалдар аркылуу да жайылтууну пландап жатабыз» ,- дейт Т.Досмуратов.

16-марттан баштап өлкөдө коронавирустун алдын алуу максатында мектеп окуучулары мөөнөтүнөн мурда каникулга таратылган.
 

Булак: Akipress.org