Саводнок ба расона бошед!

RU KG KZ TJ UZ

"Бул илдет технологияны колдоно билүүгө аргасыз кылды" - Бактыгүл Жапар кызы

27-03-2020

Ош шаарындагы Нышанов орто мектебинин география мугалими Бактыгүл Жапар кызынын сабактарын буга чейин эле электрондоштуруп, жаңы ыкма менен сабак берерин Ош шамы гезитинде жарыяланган эле. Бактыгүл учурда Алай жеринде отуруп алып окуучуларын онлайн багытында окутуп жатат.

- Бактыгүл, онлайн сабактын жүрүшү кандай болуп жатат?

-Негизи онлайн окутуу биздин өлкөдө аябай аксайт болчу. Бардык нерсенин эки тарабы бар дегендей,  ушул илдеттин бир тарабы мугалимдерди, окуучуларды заман талабына ылайык жаңы технологияларды колдоно билүүгө, санариптештирүүгө аргасыз кылды деп ойлойм.

Онлайн сабак жөнүндө айтып кетсем негизи учурда окуучулар каникулда болгондуктан, мугалимдер азырынча видео сабактарды даярдап көрүп, алгачкы кадамдарын баштап жатышат. Толугу менен апрель айында дистанттык окутуу башталганда онлайн сабакка өтүшөт.

-Онлайн сабак өтүүнүн кыйынчылыгы эмнеде?

-Онлайн сабак өткөндө мүмкүн класста отуруп уккандай жыйынтык бербеши мүмкүн. Бирок, жоктон көрө жогору да. Жыйынтык бербейт деп четке какпайм, болгону салыштырып гана айтып жатам. Ал эми кыйынчылыгы бул окуучуларда телефон, интернет жок болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле улуу муундагы мугалимдер бир аз кыйналат. Ал эми калган орто жана жаш муундагы мугалимдер үчүн үйрөнүп алса көп деле кыйынчылыгы жок деп эсептейм. Учурда заманбап мугалим бул - предметтик билими жана педагогикалык билими бар, компьютердик жана медиа сабаттуу болушу керек.

-Балдар канааттанып жатабы сабакка? Толук катышып жатабы?

-Мисалы, мен бул онлайн сабак өтүүдөгү программаларды мурун эле өздөштүргөндүктөн, Билим берүү жана илим министрлигинин мектептер дистанттык окутууга өтөтдеген маалыматын угаар замат сабак даярдап, өзүм окуткан класстарга жөнөтүп көрдүм. Сабакты көрүшкөндөн кийин онлайн тесттин шилтемесин таштап, окуучулардан кайра сурап алдым. Алдын ала окуучуларга кайсы күнү, саат канчада сурап алышымды айттым.  Алар ошол убакта баары даяр болуп турушту.

Азыр да андан да эффективдүү жыйынтык бере турган, окуучулар менен учурунда кайтарым байланыш түзө турган программаларды үйрөнүүдөмүн. Учурда айылда болгондуктан жумуштар көп, колум бош убакта отура калып эле сабак даярдай калып жатам. Сабактарымды башка мугалим, окуучулар көрүү үчүн аны YouTube-каналыма жүктөп, шилтемеси  менен бөлүшүп жатам. 

-Баалоо кандай болушу мүмкүн?

-Мен жогоруда айткан программаларды карап көрүп чыктым. Онлайн сабак үчүн эң ыңгайлуу программалар бар экен. Мисалы, классты түзүп, окуучуларды каттап, тапшырмаларды дал ошол жерден берип, кайра ошол жерден жоопторун ала турган, баалары да сакталат.

Булак: http://oshshamy.kg/