Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ
  • Сүрөттөмөсү

Адабий окуу

Автор: Bektemirova Gulnara

Максат

Узактыгы: 45
2021-09-20

Сабактын структурасы.

Сабактын аты: Адабий окуу

Классы: 4

Сабактын темасы:Булбул менен жылан

Башталгыч класс мугалими: Бектемирова Гүлнара Усөнбаевна. Нарын р. Дөбөлү а. Өмүр Токтосунов орто мектеби.

Өтүлгөн күнү: _________

Сабактын максаты

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбия

берүүчүлүк

Чыгарманы көркөм окуу менен мазмунун түшүнүп, чыгарманы ирээттүү тизмектеп өз оюн эркин  айтып бере алат.

Башкалар менен ой бөлүшүп, сүйлөө кеби өсөт, чыгармадагы каармандарга мүнөздөмө берет, боорукерлик  менен таш  боордуктун маанисин түшүнүп, салыштырат, сынчыл ой жүгүртөт, башкаларды уга билет.

Окуучуларды сезимталдыкка, байкагычтыкка, бирөөгө кыянаттык кылбай, боорукер, адамкерчиликтүү болууга багыт берүү менен тарбиялоо.

 

 

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, альбом, карандаш, батман, проектор жана компьютер.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү, чыгармачылык менен иштөө, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн жалпылоо.

Сабактын формасы: Жомок, жалпы класс менен иштөө, жеке иштөө.

Сабактын методу: Класстер түзүү, Венндин диаграммасын түзүү, синквейн, мээге чабуул, сүрөт тартуу ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын жүрүшү

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Компоненттүүлүк

Уюштуруу иши

Саламдашуу.

Сабакка даярдоо.

Алтын эрежени окуучулар менен бирдикте түзүү.

Саламдашышат.

Сабакка даярданышат.

Алтын эрежени түзүшөт.

Маалыматтык компоненттүүлүк.

НК1,

НК2.

Үй тапшырмасын текшерүү.

Тапшырманы суроо берүү жана

каармандарды сахнада образдуу ойноо же аткаруу менен текшерүүгө болот.

Өздөрүнүн чыгармачылыгына жараша, каармандарды сүрөттөп кагазга түшүрүшөт, макетин жазашат жана сахнада ойношот.

НК1,

НК2,

ПК3.

Жаңы тема:

Мээге чабуул:

--Кана балдар силер кайсы канаттууну көрүп турасынар?

 

  -- Булбул  жонундо эмне билесинер?

 

  -- Булбулдун  сайраганын  уктунар  беле?

 

  -- Ким булбулча сайраганды билет?

 

  -- Силер  жашаган  жерде булбул барбы?

 

-- Жылан кандай  жандык?

 

-- Ал кайда  болот?

 

 

-- Анын пайдасы  барбы?

 

 

 -- Жылан жонундо эмне билесинер?

 

Окуучулар өз ойлору менен бөлүшөт.

 

 

Булбулдун сүрөтүн тартышат.

Булбулча сайрашат ж.б.

Ар бир ой баалуу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыландын сүрөтүн тартышат.

 

Жыландын түрлөрүн аташат.

 

Анын пайдалуу жана зыяндуу жактарын айтышат.

 

Жылан жөнүндө кандай чыгармаларды окугандыгы жөнүндө да айтышат.

 

НК3,

ПК1,

ПК2,

ПК3.

 

Булбул менен жылан.

Балдар бүгүн биз кандай жандыктар жөнүндө маалымат алдык?

 

Эмесе биздин бүгүнкү өтө турган темабызды силер менен бирдикте аныктап алдык. “Булбул менен жылан”.

 

Чыгармачылык менен чыгармадагы каармандарга мүнөздөмө беребиз.

 

Булбул жана жылан жөнүндө ой бөлүшөт.

 

 

Окуучулар чыгарманы өз алдынча, кунт коюуп окуп, мазмунун түшүнөт.

 

 

 

Класстер түзүшөт.

Венндин диаграммасын толтурушат.

Сүрөт тартуу менен каармандарды көрсөтүшөт.

Эссе жазышат.

НК2,

НК3,

ПК1,

ПК2,

ПК3.

 

Сабакты бышыктоого карата суроолор.

Булбулдун  тынчсызданганынын  себеби  эмнеде?

Булбулдун  мукам  добушу  жыланга  таасир  эттиби? Эмне себептен?

Жакшылыкты  түшүнбөгөн, баалабагандарга  эмне  десе  болот?

Таш  боор дегенди  кандай  түшүнөсүнөр?

Окуучулар топто иштөө менен берилген суроолорго толуктоо киргизип, чыгарманын маңызын терең түшүнүп, сынчыл ой пикирлерин эркин айта алышат.

НК2,

НК3,

ПК1,

ПК2,

ПК3.

 

Сабакты жыйынтыктоо.

Бул чыгарманын мазмунун түшүнүү менен адамдардагы оң жана терс сапаттарды атап бере аласынарбы?  

Жупта иштөө менен адамдардын оң жана терс сапаттарын айырмалап көрсөтө алышат.

НК1,

НК3.

Үйгө тапшырма

“Булбул менен жылан” чыгармасынын аягын кантип бүтүрөт элеңер?

Окуучулар өз чыгармачылыгына жараша көркөмдөп, кооздоп аткарышат.

 

Баалоо.

Диагностикалык баалоо. Окуучулардын чыгармачылык менен иштөөсүнө, сынчыл ой жүгүртүүсүнө, суроолорго жооп берүүсүнө карата бааланат.

Топто иштөөдө окуучулар бири-бирин баалашат.