Фонд жөнүндө
Кызыктуу, билим берүүчү жана көп тилдүү онлайн порталга кош келиңиз, бул жерде сиз медиа сабаттуулуктун керемет дүйнөсүнө аралаша аласыз! Бул жерден сиз ММС боюнча көптөгөн пайдалуу маалыматтарды, анимациялык видеосабактарды, практикалык тапшырмаларды, тесттерди жана китептерди табасыз.
Сайт «МедиаСабак: Кыргыз Республикасынын орто билим берүү системасында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында «ММКны колдоо борбору» коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен жана Кыргыз билим берүү академиясы биргеликте иштелип чыккан.
2023-жылдан бери эки тараптуу Меморандумга ылайык, “Медиа сабак” фонду медиа жана маалыматтык сабаттуулук жаатында баалуу тажрыйба, практикалык билим жана маанилүү долбоорлор менен байып, “ММКны колдоо борбору” фондунун долбоордук ишмердүүлүгүн улантып келет. Бардык долбоорлор, демилгелер жана иш-чаралар, анын ичинде mediasabak.org порталы "Медиа сабак" Фондуна өткөрүлүп берилген.
Медиа Сабак Фондунун командасы жана ишмердүүлүгү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн mediasabak.ngo сайтына кирсеңиз болот.
Сизди медиа сабаттуулуктун уникалдуу дүйнөсүнө сүңгүүгө жана бул маанилүү демилгенин бир бөлүгү болууга чакырабыз!