Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

Кыргызстандын 4 шаарында “Жаштар менен иштөөдөгү медиа жана маалыматтык сабаттуулук” боюнча тренинг өтөт

03-04-2021  -  18-04-2021

«ММК колдоо борбору» фонду «BRYCA» долбоорунун алкагында, Кыргызстандагы мектеп мугалимдери, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары, ошондой эле дагы башка тармактын өкүлдөрү үчүн 2 күндүк медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча семинар-тренинг өткөрөт.

 Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, аталган долбоордун негизги максаты – медиа маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу, маалыматтык доордо жаңы кыйынчылыктарга туруштук берүү, ошондой эле өз багытындагы медиа сабаттуулугун окутуу жаатында кесиптик билимин кеңейтүү, бул жааттагы долбоорлорду уюштуруучуларга көмөк көрсөтүү.

 «Жаштар менен иштөөдөгү медиа жана маалыматтык сабаттуулук» деп аталган эки күндүк семинар-тренинг 2021-жылдын 3-4-апрелинде Жалал-Абад шаарында, 5-6-апрелде Кызыл-Кыя шаарында, 8-13-апрелде (3 топ үчүн) Ош шаарында, ошондой эле 17-18-апрелде Каракол шаарында уюштурулмакчы.

 Эске сала кетсек, катышуучуларды аныктоону «ММК колдоо борбору» фонду конкурстук негизде жүргүзүп, өлкө боюнча жалпы 120 катышуучу тандалып алынган. Тандоо учурунда, катышуучунун өз багыты боюнча медиа жана маалыматтык сабаттуулукту андан ары өнүктүрүүгө жана өз жамааттары үчүн санариптик жана медиа сабаттуулугу боюнча окутуу жана башка иш-чараларды уюштурууга даярдыгы бааланган.

 

Адрес мероприятия:

Каракол шаары, "Green Yard" мейманканасы

Программа события

Адрес:

Каракол шаары, "Green Yard" мейманканасы

9:30 - 9:40

Каракол шаары

Тынчтыкбек Досмуратов, Асел Сооронбаева

Ачылыш сөзү

9:40 - 10:20

Каракол шаары

Тынчтыкбек Досмуратов

Катышуучулар менен таанышуу, күтүүлөрдү аныктоо

10:20 - 10:50

Каракол шаары

Тынчтыкбек Досмуратов, Асел Сооронбаева

Пре-тест

10:50 - 11:40

Каракол шаары

Асел Сооронбаева

Маалымат. Маалыматтын түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү

11:40 - 12:30

Каракол шаары

Тынчтыкбек Досмуратов

Керектүү жана таштанды маалымат. Чын жана жалган маалыматты айырмалоонун жолдору

12:30 - 13:30

Каракол шаары

Түштөнүү

Түштөнүү

13:30 - 14:30

Каракол шаары

Асел Сооронбаева

Сынчыл жана клиптик ой жүгүртүү

14:30 - 15:30

Каракол шаары

Тынчтыкбек Досмуратов

Факты жана пикир

15:30 - 15:45

Каракол шаары

Кофе-брейк

Кофе-брейк

15:45 - 16:45

Каракол шаары

Асел Сооронбаева

Фейктер. Фейктин түрлөрү. Маалыматты таануу белгилери

16:45 - 17:30

Каракол шаары

Тынчтыкбек Досмуратов

Qlever жана Mediasabak.org платформаларынын презентациясы. Авторизация.

17:30 - 18:00

Каракол шаары

Тынчтыкбек Досмуратов, Асел Сооронбаева

Күндүн жыйынтыгын чыгаруу. Рефлексия. Сөз булуту.