Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

Ош шаары. Гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу үчүн медиа уюмдарга тренинг

16-04-2021  -  17-04-2021

"ММК колдоо борбору" Фонду БУУ-Аялдар менен биргеликте "Спотлайт" демилгесинин алкагында атайын медиа уюмдардын өкүлдөрү үчүн 2 күндүк медиасабаттуулук аркылуу гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу боюнча семинар-тренинг өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КРӨ), Европа Бирлиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюму аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун (АККЗ) бардык түрлөрүнө жана зыяндуу тажрыйбаларга каршы күрөшүүгө багытталган "Спотлайт" аттуу демилгеси көп жылдык программасын ишке ашырууда. Демилге дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында АККЗны токтотуу үчүн жер бетиндеги трансформациялык өзгөрүүлөрдү колдоого багытталган. Демилге дүйнө жүзү боюнча эң жогорку деңгээлдеги милдеттенмеге ээ жана аны БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана Европа комиссиясынын вице-президенти тарабынан каралат

Кыргыз Республикасында «Спотлайт» демилгесинин максаты - бардык аялдар менен кыздардын, айрыкча аялуу катмардын зордук-зомбулуктан жана зыяндуу адаттардан, анын ичинде өспүрүмдөр арасындагы нике жана ала качуудан алыс болушун камсыз кылуу. Мында адамдарга билдирүүлөрдү таркаткан массалык маалымат каражаттары чоң ролду ойнойт. Коомдук пикир ММК сунуш кылган, жарыялаган жана чыгарган маалыматтардын негизинде курулат. Темаларды туура чагылдыруу, образдын курулушу жана өзүнө өзү гендердик баа берүү зыяндуу тажрыйбалар, стереотиптер жана зомбулук менен күрөшүүгө жардам берет.

"Медиасабаттуулук аркылуу гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу» деп аталган эки күндүк семинар-тренинг 2021-жылдын 15-16-апрелинде Нарын шаарында, 16-17-апрелде Ош шаарында, 23-24-апрелде Бишкек шаарында уюштурулмакчы.

Эске сала кетсек, катышуучуларды аныктоону «ММК колдоо борбору» Фонду БУУ-Аялдар менен биргеликте конкурстук негизде жүргүзүп, Нарын, Чүй жана Ош облустары боюнча медиа-уюмдар катышуучу катары тандалып алынган. Тандалган медиа уюмдар 8 ай бою окутуудан өтүп, атайын долбоор алкагында жарыялануучу сынакка жолдомо ала алышат. 

Адрес мероприятия:

Отель "Eco House", Ош шаары

Программа события

Адрес:

Отель "Eco House", Ош шаары

9:00 - 9:30

Ош

Таңкы чай/кофе

Таңкы чай/кофе

9:30 - 10:00

Ош

Ачылышы

Таанышуу

10:00 - 10:20

Ош

Назира Джусупова

Гендерге киришүү. Гендер деген эмне?

10:20 - 10:50

Ош

Мырзайым Жаныбек кызы

Медиада гендердик теңдүүлүк. Аялдардын үнү

11:10 - 11:30

Ош

Командалар

Командалардын презентациясы

11:30 - 12:00

Ош

Назира Джусупова

Феминизм, сексизм жана башка “...изм” тууралуу түшүнүк

12:00 - 13:00

Ош

Түшкү тамак

Түшкү тамак

13:00 - 13:10

Ош

Энерджайзер

Энерджайзер көнүгүүлөрү

13:10 - 13:30

Ош

Мырзайым Жаныбек кызы

Аялдар жана эркектер тууралуу макал-лакапта

13:30 - 13:50

Ош

Топтордун иштөөсү

Командалардын презентациясы

13:50 - 14:20

Ош

Командалар

Практикалык иш

14:20 - 14:40

Ош

Назира Джусупова

Аялдар жана эркектер тууралуу стереотиптер

14:40 - 15:00

Ош

Командалар

Топтордо иштөө

15:00 - 15:30

Ош

Кофе-тыныгуу

Кофе-тыныгуу

15:30 - 15:50

Ош

Мырзайым Жаныбек кызы

Гендердик линза деген эмне?

15:50 - 16:30

Ош

Командалар

Практикалык иш

16:30 - 16:50

Ош

Назира Джусупова, Мырзайым Жаныбек кызы

Суроо- жооп, талкуу

16:50 - 17:00

Ош

Назира Джусупова, Мырзайым Жаныбек кызы

Жыйынтыктоо