Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

Аймактык ММКлар арасындагы конкурс тууралуу жобо

16-09-2021

«ММК колдоо борбору» Фонду, БУУ Аялдар менен биргеликте, гендердик өзүн өзү баалоо, гендердик теңчилик темасында чагылдырууда жаңы ыкмаларды жана тажрыйбаларды киргизүу жана гендердик-сезимтал журналисттик коом түзүү боюнча алты айлык окутуудан өткөн медиалар арасында конкурс жарыялайт 

Сынактын максаты - уюмга гендердик теңчиликти илгерилетүү стратегиясын киргизүү, коомчулуктун гендердик теңчиликтин актуалдуу маселелерине көңүл буруу жана кыздар менен аялдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кылуу аркылуу аймактык маалымат каражаттарынын терең өзгөрүүлөргө болгон кызыгуусун стимулдаштыруу.

Конкурстун критерийлери:

  1. Адам укуктары, гендердик теңчилик, кыздарга жана аялдарга карата зомбулуктун ар кандай түрүнөн баш тартуу контекстинде гендердик темаларды жана маселелерди үзгүлтүксүз жана сапаттуу чагылдыруу;
  2. Командадагы гендердик теңчиликти колдоого багытталган ички эрежелерди ишке ашыруу жана андан ары илгерилетүү;
  3. Тиешелүү документтердин кабыл алынышында, гендердик сезимтал темалардын профессионалдуу чагылдырылышында жана команданын ичиндеги гармониялуу мамилелерде билдирилген гендердик басмырлоонун бардык түрлөрүн жок кылууга умтулуу;
  4. Медиа уюмунда каалаган деңгээлде чечим кабыл алууда гендердик теңчилик жана теңчилик принциптерине берилгендик;
  5. Жыныстык катнашына жана позициясына карабастан журналисттик жамааттын кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө болгон мамилелерди жана практиканы ишке ашыруу;
  6. Журналисттерди гендердик маселелерди жана ар тараптуу чагылдыруу үчүн мотивациялоо;
  7. Позитивдүү окуяларды чагылдыруу аркылуу коомдогу гармониялуу гендердик мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошуу.

Сынакка катышуу үчүн алты айлык окутууга катышкан бардык аймактык медиа уюмдар чакырылат.

Калыстар тобу гендердик теңчилик жаатындагы эксперттер, долбоордун тренерлери, медиа эксперттер, БУУ-Аялдар жана “ММК колдоо борбору” Фондунун өкүлдөрүнөн турат.

Комиссия конкурстун жобосун жетекчиликке алып, конкурстун талаптарына жооп бербеген арыздарды четке кагуу менен өз алдынча чечим кабыл алуу укугун бекитет.

Сынактын жыйынтыгы боюнча баалуу сыйлыктарга ээ боло турган 3 жеңүүчү тандалат.

Сыйлык тапшыруу аземи 2021-жылдын октябрь айынын экинчи жарымына пландаштырылган.

Сынакка катышуу үчүн 2021-жылдын 15-октябрына чейин сканерленген табыштаманы (үлгүсү) жана презентацияны (үлгүсү) mediasabak.org@gmail.com почтасына жөнөтүшү керек. Медиа уюмдун жетекчиси конкурска катышууну ырастоо үчүн арызга кол коюшу зарыл.

Кошумча суроолор боюнча "ММК колдоо борбору" Фондунун долбоор боюнча координаторуна Кундуз Жекшен кызы менен байланышсаңыз болот, тел.: +996 705 801 427