Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

Бишкекте “Медиадагы гендердик оптика” аттуу регионалдык өтүүдө

12-11-2021

2021-жылдын 12-ноябрында Бишкекте «ММКны колдоо борбору» Фонду Кыргыз Республикасындагы БУУнун Аялдар уюму менен биргеликте «Жарык шооласы» демилгесинин алкагында гендердик тренингдин катышуучулары үчүн регионалдык форум өткөрүүдө. «Жарык шооласы» демилгеси аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрү менен күрөшүүгө багытталган көп жылдык практика болуп саналат. Максаты – аялдардын жана кыздардын зордук-зомбулуктан жана зыяндуу көрүнүштөрдөн, анын ичинде эрте жашта никеге туруудан жана ала качуудан оолактатып, эркин жашоо мүмкүнчүлүгүн түзүү.

Гендердик тренингге Чүй, Нарын жана Ош облустарынын медиа уюмдары жана ММК өкүлдөрү катышууда. Быйылкы жылдын ичинде алар 5 сериялык окуудан өтүшкөн. Тренингдер гендер, гендердик теңсиздик, стереотиптер, дискриминация, үй-бүлөлүк зомбулук, ЖМКдагы гендердик маселени чагылдыруу, киберкуугунтук, медиа сабаттуулук жана башка көптөгөн темаларды камтыды. Эң негизгиси, журналисттер ЖМКда гендердик темаларды туура чагылдырууну үйрөнүштү.

Мындан тышкары, журналисттер гендердик көйгөйлөрдү жана маселелерди чагылдырган мыкты материалдардын сынагына катышты. Тренингдин жыйынтыгында ЖМКлар гендердик-этикалык кодексти иштеп чыгышты. Форумга КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Европа биримдигинин, БУУнун Аялдар уюмунун КРдагы өкүлдөрү, баяндамачылар, Нарын, Чүй жана Ош облустарынан 40тан ашуун өкүлдөр катышууда.

Иш-чарада катышуучулар белгилүү адистер Савия Хасанова, Татьяна Зеленская, Айгерим Акылбекова, Санжар Эралиевдин мастер-класстарын угушууда. Муну менен катар Украинадан келген медиа тренер Сергей Штрухецкий журналисттердин коопсуздугу боюнча мастер-класс өткөрөт. Катышуучулар материалдарды даярдоо боюнча тажрыйба алмашып, жыйынтыктарды чыгарышат жана “ММКнын гендердик этика кодекси”, “Гендердик сезимтал журналистикага умтулуу жөнүндө макулдашуу” деп аталган эки документке кол коюшат. Эң мыкты эмгектердин авторлору жана активдүү медиа уюмдар баалуу сыйлыктар менен сыйланат.