Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

«Заманбап медиа жана коммуникация мейкиндигиндеги кастык тили» аттуу пилоттук курс уюштурулду

09-03-2022

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын университеттеринин 200 студенти үчүн «Заманбап медиа жана коммуникация мейкиндигиндеги кастык тили» аттуу пилоттук курс уюштурулду. Окуу материалдары – университеттин окутуучулары үчүн Колдонмо жана 6 видеосабак учурда онлайн форматында ар бир жергиликтүү тилде жана орус тилинде жеткиликтүү.

 

2021-жылдын октябрь айынан тартып BRYCA долбоордук тобу Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын 10дон ашуун университеттеринин журналистика жана укук факультеттеринде 1-курста окуган кеминде 200 студентке пилоттук курс өткөрүп жатат. Алты практикалык сабактан турган курс 16 университеттик профессорлор тарабынан өткөрүлүүдө, максаты – студенттерди жек көрүүчүлүк риторикасынын концепциясы жана онлайн платформаларга өтүүдө аны менен күрөшүү амалдары менен тааныштыруу, ошондой эле аны болтурбоо үчүн эмне кылуу зарыл экенин маалымдоо. Курс 2022-жылдын март айынын аягына чейин уланат жана студенттердин курстун темасы, медиасабаттуулук жана сынчыл ойлом боюнча билим деңгээлдеринин өзгөргөнүн баалай турган тестирлөө менен жыйынтыкталат.

 

Медиа жана маалыматтык сабаттуулукка (ММС) окутууда BRYCA долбоорунун ыкмасы алдыңкы эл аралык тажрыйбаларга таянат жана ЮНЕСКОнун ММС жаатындагы саясаты менен стратегиясынын негизги принциптерин өз ичине камтыйт. Анда адамдарга, айрыкча жаштарга санариптешкен маалыматтык дүйнөдө ишмердүүлүк кылуу үчүн зарыл болгон көндүмдөр менен жөндөмдөргө окутуу зарылдыгы таанылат. Биз ошондой эле окутуунун жергиликтүү шарттарга ыңгайлаштырылган  практикалык методдорун иштеп чыгууга басым жасайбыз, ал методдор сынчыл ойломду ишке салууга шыкактайт, маалыматты көз карандысыз түрдө текшерүү жүргүзүүгө жол берет жана массалык маалымат каражаттары кандайча иш алып бараары, анын ичинде  манипуляциянын бардык түрү жана коомдук аң-сезимди башкаруу үчүн маалыматты көзөмөлдөө боюнча туура түшүнүккө ээ болууну камсыз кылат.

 

Долбоордун өнөктөштөрү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга арналган "Заманбап массалык маалымат каражаттарындагы жана малыматтык чөйрөдөгү жек көрүүчүлүк билдирүүлөр” аттуу колдонмону улуттук мыйзамдарга ылайык иштеп чыгууда кыргызстандык эксперт Елена Воронина менен кызматташты. Колдонмо орус жана төрт жергиликтүү тилде (казак, кыргыз, өзбек жана тажик) жеткиликтүү жана алты негизги бөлүмдөн турат, анын ичинде практикалык материалдар жана университеттин студенттери үчүн көнүгүүлөр бар:

 

  • 1-бөлүм.  "Жек көрүүчүлүк билдирүүлөр": формалары, белгилери, классификациясы, негизги түшүнүктөр
  • 2-бөлүм. Сөз эркиндиги жана “жек көрүүчүлүк билдирүүлөр”
  • 3-бөлүм. "Жек көрүүчүлүк билдирүүлөр" улуттук жана эл аралык укук контексинде. Эл алдында сүйлөнгөн сөздөрдөгү дискриминация жана эркин пикирге ээ болуу менен  эркин пикир билдирүү укугу.
  • 4-бөлүм. "Жек көрүүчүлүк билдирүүлөр" Борбор Азиядагы заманбап салттуу жана жаңы массалык маалымат каражаттарында.
  • 5-бөлүм. "Жек көрүүчүлүк билдирүүлөрдүн" объектиси. Корголгон элементтер
  • 6-бөлүм. Жек көрүүчүлүк билдирүүлөрдү болтурбоо: методдору жана каражаттары

 

Ар бир бөлүм онлайн-мультфильм түрүндө иштелип чыккан окуу видеоматериалдары менен коштолот, алар Media Sabak платформасында жана Youtube Media Sabak каналында жеткиликтүү. Окуу колдонмосу ошондой эле Борбор Азиядагы ММС боюнча окуу материалдарга арналган  Медиа Сабак онлайн ресурсунда бардык тилде ачык колдонууда бар. Мындан тышкары, онлайн-билим берүүчү Hater.net  оюну жек көрүүчүлүк речи жөнүндөгү видеосабактардын материалдарын колдонуу менен иштелип чыккан, жана азыркы учурда BRYCA долбоорунун алкагында ишке киргизилген ММС боюнча билим берүүчү онлайн-оюн платформасы болгон Qlever.asia платформасында жеткиликтүү.

 

BRYCA долбоору ("Интернеттеги жана социалдык тармактардагы мыйзамсыз жек көрүүчүлүк билдирүүлөр жана дезинформация менен күрөшүү максатында Борбор Азия жаштарынын каршылыгын жаратуу”) бир катар инновациялардын, анын ичинде смартфондордо ойнолуучу билим берүүчү ММС оюндарынын жардамы менен, ошондой эле бардык региондор боюнча, айрыкча ири шаарлардан сырткаркы аймактардагы окутуучулар арасындагы ММС потенциалын институтташтыруу аркылуу  маргиналдуу жаштар үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулукту (MМС) камсыз кылууга багытталган.

 

Байланыш үчүн:

ERIM (Франция) программасынын менеджери

Флора Граиони – fgraioni@erim.ngo

 

ERIM (Франция) программасынын менеджери

Radu Danu – rdanu@erim.ngo

 

Казакстандагы ММС долбоорунун менеджери

Алена Кошкина - alyona@medianet.kz

 

Кыргызстандагы ММС долбоорунун менеджери

Айчурек Усупбаева - aichurek.msc@gmail.com

 

Тажикстандагы ММС долбоорунун менеджери

Рахбар Маджидова - rahbarmajidova2@gmail.com

 

Өзбекстандагы ММС долбоорунун менеджери

Саида Сулайманова - sandrasulaymanova@gmail.com

 

Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланат жана  ERIM (Франция), ММК колдоо борбору (Кыргызстан), MediaNet эл аралык журналистика борбору (Казакстан), Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору (Өзбекстан) жана «Гурдофарид» коомдук уюму (Тажикстан) тарабынан ишке ашырылууда. Долбоор сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана жалпы дүйнөдөгү адам укуктары жана эркиндигин коргоо жана илгерилетүү жаатында жарандык коомду колдоо боюнча глобалдык демилгенин алкагында, Борбор Азия жаштарынын Интернеттеги дезинформацияга жана мисинформацияга, ошондой эле онлайн «кастык тилине» каршы туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.