Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

Экономикалык журналистика боюнча окутууга сынак

16-01-2023

Көңүл буруңуздар!

 

“Медиа Сабак” КФ Кыргызстандагы ACTED менен биргеликте “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасынын алкагында потенциалды күчөтүү жана окутуу үчүн 2 пилоттук Нарын жана Ош облустарынан медиа уюмдарды, журналисттерди жана блогерлерди өлкөдөгү экономикалык журналистикага натыйжалуу мониторинг, талдоо жана иликтөөгө кабыл алууну жарыялайт. 

Тренингдин максаты - Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн аналитикалык экономикалык журналистиканы бекемдөө. Аналитикалык жана чыгармачыл көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган үч айлык тренингге 10 медиа адис катышат. Катышуучулар экономикалык материалдарды жазууну, кызыктуу басылмаларды даярдоону жана маалыматтарды визуалдаштырууну үйрөнүшөт. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

Окуудан кийин медиа адистери аймактардагы экономикалык өнүгүү боюнча маалыматтарга жана фактыларга негизделген материалдарды жарыялоо үчүн колдоо жана насаатчылык алышат. Мындан тышкары катышуучулардын эмгектери телевидение, маалымат сайттары, радио жана социалдык тармактар аркылуу көрсөтүлүшү күтүлүүдө.

Жыйынтыгында мамлекеттик органдар, ЖКУлар, ЖМКлар, блоггерлер жана башкалар менен жарыяланган материалдарды презентациялоо жана талкуулоо боюнча тематикалык иш-чаралар өткөрүлөт. Эң активдүү катышуучулар жыйынтыктоочу Улуттук форумда сыйланат.

 

Катышуу үчүн:

  • Тийиштүү критерийлерге жооп берип, төмөнкү шилтеме боюнча 2023-жылдын 30-январына чейин өтүнмөнү толтуруңуз.
  • Биздин Facebook , Instagram  баракчаларыбызга жана Youtube каналыбызга жазылыңыз.

 

Ким катыша алат?

  • Журналисттер, блоггерлер, медиа адистери жана медиа уюмдар;
  • 2 пилоттук Нарын жана Ош облустарынан өкүлдөр;
  • 2 жылдан кем эмес маалыматты чагылдыруу боюнча тажрыйбага ээ болгондор;
  • Экономикалык журналистикага кызыгуусу барлар;
  • Билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүүнү, ошондой эле аларды иш жүзүндө колдонууну каалагандар.

 

Тандоо критерийлери

  • Ачыктык, ийкемдүүлүк жана өзгөртүүгө даяр болуу;
  • Креативдүүлүк - ар кандай кызыктуу идеялар жана чыгармачылык;
  • Активдүүлүк – бир да жолу калтырбай окууга туруктуу катышуу. Демилге көрсөтүү.

 

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар эмне алышат?

  • Экономикалык журналистикада зор тажрыйба жана билим, аналитикалык көндүмдөр жана маалыматтарды визуализациялоо;
  • «Медиа Сабак» КФнын жана Кыргызстандагы АКТЕДдин сертификаты;
  • Мыктыларга кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат.

 

Көңүл буруңуздар!

Сертификат материалды өткөрүп жибербестен жарыялоодо жана окууга толук катышканда гана берилет. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2023-жылдын 30-январында аяктайт. Тандалып алынсаңвз, биз сиз менен байланышабыз.

 

МААНИЛҮҮ!

Катышуучуларды тандоо сынактын негизинде «Медиа Сабак» коомдук фонду тарабынан жүргүзүлөт. Мында алган билимдерин практикада колдонууга болгон мотивация жана каалоо бааланат.

 

Кошумча суроолор боюнча : 0707 112 255 (WhatsApp) телефонуна дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 10:00дөн 16:00гө чейин кайрылыңыз .

 

Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу (EGED) Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана Өнүктүрүү Бюросунун (FCDO) 2020-2025-жылдары Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда экономикалык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу максатында ишке ашырылган программасы.