Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

Медреселер үчүн үч күндүк медиалаб

03-04-2023

Ислам университетинин студенттерине жана Бишкектеги медресе жаштарына медиасабаттуулук боюнча үч күндүк тренинг уюштурулду.

 

Катышуучулар фейк, киберкоопсуздук, дезинформация, маалыматтык манипуляция жана башка керектүү темаларды изилдеп, мультимедиа жана онлайн медиа студияларында медиа продукт даярдап, сүрөт тартууну, монтаждоону үйрөнүштү.

Кыргызстанда диний билим берүү мекемелеринде окуган улан-кыздар миңдеп саналат. Аларга санарип замандын талабына жараша кандай билим берүү керек? Диний окуу жайлардагы жаштарга медиа жана санарип сабаттуу болуу канчалык маанилүү?

Медиабилимдүү окуучуларга болгон муктаждык бүгүнкү күндө курч маселе. Адам ар бир алып жаткан маалыматын такташы керек. Ишенимсиз булактардан диний маалыматтарды алуу олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Фоторепортаж 
Бактыгул Мамасадык кызы
Айжамал Адылбек кызы