Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

📢 Көңүл буруңуздар!

07-04-2025

📢 Көңүл буруңуздар!

Нарын жана Чүй облустарынан журналисттерин, блогерлерин жана аймактык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн ММКнын туруктуулугун чыңдоого, монетизациялоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, укуктук жана психологиялык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган комплекстүү окутуу программасына катышууга чакырабыз.

Программа региондук маалымат каражаттарын колдоо жана Кыргызстандагы кесипкөй коомчулукту өнүктүрүү демилгесинин алкагында ишке ашырылууда.

🎯 Программанын максаты:

Кыргызстандын аймактарында ЖМКлар арасында профессионалдык жана туруктуу тажрыйбаны бекемдөөгө багытталган:

  • Заманбап санариптик көндүмдөрдү окутуу жана контентти монетизациялоо;
  • Ментордук колдоо;
  • Тажрыйба алмашуу жана бири-бирин колдоо үчүн коомчулукту түзүү.

Аймактык журналисттер жана блогерлер тренингден, ментордук колдоо жана кесиптик жолугушууларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Тренинг кыргыз жана орус тилдеринде, медиа чөйрөсүндөгү мыкты адистердин катышуусунда өткөрүлөт.

📍 Тренингдин күндөрү:

🗓 Нарын облусу — 25-26 апрель, Хан-Тенгри отелинде

🗓 Чуй облусу — майдын биринчи жарымында (так күндөр кайра жарыяланат)

👥 Кимдер катыша алат?

  • Журналисттер жана блогерлер;
  • Нарын жана Чуй областтарынан өкүлдөр;
  • Медиа тармагында кеминде 1 жыл иш тажрыйбасына ээ;
  • Туруктуулукту, монетизацияны жана кесиптик колдоону жактырган.

 

✅ Тандоо критерийлери:

  • Регионалдык медиа чөйрөсүндө активдүүлүк жана катышуу;
  • Өнүгүүгө умтулуучулук жана тажрыйба бөлүшүүгө даярдык;
  • Программанын бардык этаптарына катышууга даярдык;
  • Группалык жолугушууларга жана акыркы презентацияга катышуу.

 

📅 Дедлайн - 15 апрель 2025 жыл

📌 Катышуу үчүн кыска анкета толтуруп, шилтемени басыңыз:

👉 https://form.jotform.com/250962368893472

 

📞 Суроолор боюнча: WhatsApp аркылуу 0705 801 427 (дүйшөмбү-жума, 10:00-16:00)