Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ
  • Сипаттама

Ɵскөн Даникеевдин «Кыздын сыры» повестиндеги башкы каармандарга талдоо жүргүзүү

Автор: Нарынбеков Кубанычбек Нарынбекович

Мақсаты

Ұзақтығы: 45 м.
2021-09-23

Бекитемин ____________                                     күнү:___________

9-класс

Сабактын темасы:

Ɵскөн Даникеевдин «Кыздын сыры» повестиндеги башкы каармандарга талдоо жүргүзүү

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк

Буга чейинки алган билимдерин бышыктап, чыгармадагы каармандарга талдоо жүргүзүшөт.

Ɵнүктүрүүчүлүк

Ойлоонууга, сынчыл ой жүгүртүүгө, каармандарга анализ кылууга, жашоодогу түрдүү кырдаалдарда туура чечим чыгара билүүгө, башкы каармандар аркылуу жашоодогу ак менен караны талдай билүүгө үйрөнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк

Чыгарма аркылуу билим алууга, жашоону сүйүүгө тарбияланышат. Сабак аркылуу сынчыл ой жүгүртүүгө, медиа сабаттуу болууга, айланадагы адамдардын пикирин уга билүүгө, ар бир адамдын чечимин баалай билүүгө, башкы каармандардын образы аркылуу бийик адамгерчиликке тарбияланышат.

 

Сабактын жабдылышы: Ɵскөн Даникеевдин сүрөттөрү, карточкалар, каармандардын сүрөттөрү, алма, кутуча,

Сабактын тиби: Суроо-жооп, аңгемелешүү, талкуу, жыйынтыктоо.

Сабактын усулу: Интерактивдүү, изденүүчүлүк.

Сабактын формасы: Талкуу, мээге чабул, оюн.

Сабактын жүрүшү:

1.Саламдашуу

Мугалим:

Саламатсыңарбы кымбаттуу окуучулар? Силер менен бүгүнкү сабакта кайрадан жоолугуп жатканыма кубанычтамын!

2. Шыктандыруу

Оюн түрүндөгү көнүгүү: «Алма ассоциациялары»

Катышуучулардын баары тегерете турушат.

Мугалимдин колунда алма, аны алманы сыпаттаган сөздөрдү айтуу менен бири-бирине кезек-кезеги менен ыргытышат. Алманы мурда айтылган сапаттары жана касиеттери айтылбоого тийиш. Топту бир эле окуучуга эки жолу ыргытканга болбойт, баары көнүгүүнү аткарууга катышууга тийиш.  (Мисалы: Алма – ширелүү, алма – таттуу, алма – пайдалуу…)

Мугалим:

Эң мыкты. Мындай маанай сабагыбыздын аягына чейин сакталышын каалайбыз!

3. Үй тапшырмасын текшерүү

Ɵтүлгөн темадан kahoot тиркемесинде түзүлгөн тест аркылуу үй тапшырмасына кандай даярданганын текшерүү. Тестке кирүүчү код берилип, суроолор жана упайлар интерактивдүү доскадан көрүнүп турат.

4. Жаңы теманы түшүндүрүү

Мугалим:

Сүйүктүү окуучулар, биз өткөн сабакты бышыктап, бүгүнкү повесттеги каармандарга талдоо жүргүзүп, алардын жашоо-турмушуна, ал-абалына, турмуштук жагдайына чейин изилдеп, өзүбүздү чыгармадагы каарман катары элестетебиз. Бүгүнкү сабакты көнүгүүлөр, оюндар аркылуу өткөрөбүз. Силер менен аткаруучу биринчи көнүгүүбүз :

«Менин жакшы таанышым....…»

Көзүңөрдү жумгула жана өзүңөргө эң жакшы тааныш болгон жаштардагы эркек, кыз кишини элестеткиле. Элестеттикпи? Көзүңөрдү ачып аны сүрөттөгүлө.

Төмөнкү мүнөздөмөлөрдү колдонсоңор болот: келбеттүү, тең салмактуу, токтоо, ак көңүл, боорукер жана силер сыйлаган.

Окуучулар көдөрүн ачып, сүрөттөп беришет.

Болжолдуу жооптор: келбеттүү, тең салмактуу, токтоо, ак көңүл, боорукер, сулуу, жөнөкөй, шайыр, сымбаттуу ж.б.

Мугалим:

Эми балдар, азыр силердин алдыңарга үч түстөгү кичинекей барактар таратылды. Берилген барактардын өңүнө жараша үч топко бөлүнөбүз. Кызыл түстөгүлөр Канайдын образына, жашыл түстөгүлөр Азимдин образына, сары түстөгүлөр Жамалдын образына сүрөттөмөлөрдү жазып, ал сыпаттаманы эмне үчүн бергениңерди айтып, ачыктап бересиңер.

Бөлүнгөн үч топ сыпаттамаларды жазып, топ менен айтып беришет. Бул учурда класс ичинде кичи талкуу орун алып, окуучулар бири-бирине суроолорду узатышат.

Мугалим:

Азаматсыңар балдар! Бул көнүгүүнү жогорку деңгээлде аткардык. “Менин жакын таанышым” көнүгүүсү аркылуу жогорудагы каармандаргы сыпаттама берип, алардын сырткы көрүнүшүн ачыктап, аларды жакындан талдап, анализ жүргүзө алдык десем жаңылышпайм. Эми биз төмөндө дагы бир кызыктуу көнүгүүнүн үстүндө иштейбиз. Бул көнүгүү аркылуу каармандарды ички жан дүйнөбүз, жүрөгүбүз жана акыл-эсибиз аркылуу талдоого алабыз. Силерге кызык болуп жатса, тезирээк баштайлы!

Геологдордун “БЕШ МАНЖАСЫ” көнүгүүсү. Окуучулар, алдыңарды ак баракка колуңардын беш манжасын тарткыла. Эми үч каармандын бирин тандап, өзүңөрдү ал каарман сыяктуу элестекиле дагы төмөндөгү суроолорго жооп жазып баштагыла.

 

 

Баш бармак - Б 

“Мен кандай каарманмын”
Мен өзүмдү чыгармада кандай алып жүрдүм, чыгармадагы менин ордум канчалык, мен оң же терс каарманмыбы

Сөөмөй - С. “Шарттар”
Кимге жардам бердим, кимге пайда келтирдим?
Кимдин кызматынан пайдаландым жана бул үчүн кимге ыраазычылык
билдирдим?

Ортон - О “Жан дүйнө абалы”
Жан дүйнөмдүн абалы кандай, азап чегип жатамбы, кайгыруудамынбы же кубануудамынбы, кылгандарым үчүн жан дүйнөмдө өкүнүп жатабы?

Аты жок - А “Жакындарым”
Жакындарым үчүн мен эмне кылдым? Эмне менен кубанттым,
эмнеге үйрөттүм, эмнени үйрөндүм  жана кандай жардам бердим?

Чыпалак - Ч “Ойлондум – демек жасайм”
Мен кандай тажрыйбаларды жана билимдерди алдым ?
Өзүм эмнени ойлоп таптым жана башкалардан кандай
жакшы нерсе уктум? Бул мага кайсы жерде керек?

 

Окуучулар манжаларын тартышып, алардын ичине интерактивдүү доскада жазылып турган суроолорго жооп жазышат.

Мугалим:

Кымбаттуу балдар жана кыздар! Жогорудагы көнүгүүнү кызыгуу жана жогорку деңгээлдеги аракеттик менен аткарып жатканыңарга кубанычта болдум. Эм ар бириңердин манжаңардагы жоопторго көңүл бөлөлү. Ар бирибиз жоопторду окуп беребиз, ар бир окуучудан кийин анын жазгандарына чыгармадагы башка каармандар сыяктуу элестетүүнү уланытып суроолорду беребиз.

Окуучулар ар бир каарман боюнча жазган жоопторун окуп беришип, класс ичинде талкуу жүргүзүп, кичи талкуу аянтасы орун алат.

5. Сабакты бышыктоо

Мугалим:

Азаматсыңар балдар! Эми биз силер менен сабагыбызды бышыктайбыз! Азыр силерге колумдагы “Мыкты кеңештер” кутусун алып барам. Кутунун ичинен бирден катты алып чыккыла. Ал каттын ичинен “Достуктун башкы мыйзамдарын” табасыңар. Өз каалообуз боюнча макал-лакаптар, учкул сөздөр жазылган бирден катты алып жана ал эмнени түшүндүрө тургандыгын айтабыз.

Кутунун ичиндеги каттар:

1. Адал болсоң дос көбөйөт, арам болсоң кас көбөйөт.

2. Адам адамга дос, жолдош, бир тууган.

3. Адамга таандык мыкты дөөлөт — достук

4. Ажырашаар досуңа көңүл калар сөз айтпа

5. Аз кайгыны аш басат, көп кайгыны дос басат.

6. Азганды кууп, тозгонго жолукпа, тууган издеп, достон кетпе.

7. Айрылаар дос, бербести сурайт.

8. Айрылаар дос, ээрдин арткы кашын сураар

9. Айылды алалык бузат, араны (достукту) каралык бузат

10. Акмак достон, акылдуу душман артык

11. Акылдан жакын дос барбы, ачуудан жаман кас барбы.

12. Акылдуу касыңдан коркпой, акмак досуңдан корк.

13. Акылдуулардын кастыгы, акмактардын достугунан артык.

14. Акылсыз (акмак) достон, акылдуу душман (жат) артык.

15. Акылың көп болуп, ачууң аз болсо — зор болорсуң, душманың көп болуп, досуң аз болсо — кор болорсуң.

16. Алдым, жуттум дос күтсөң, кубанычың аз болоор

17. Алыскы достон, жакынкы кас артык.

18. Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман.

 Окуучулар катты алып, ичин окуп, өз ойлорун кыскача айтышат.

6. Баалоо

Бүгүнкү сабактагы баалоо өзүн-өзү баалоо менен ишке ашат. Окуучулардын группасына гугл форма жөнөтүлөт. Ал форманын ичинен окуучу аты-жөнүн тандап, 2ден 5ке чейинки баанын бирин тандайт. Бул учурда окуучу бүгүнкү сабакка катышуусун, өзүнүн активдүүлүгүнө карап, өзүн-өзү ынанымдуу баалайт.

7. Үй тапшырма

Мугалим:

Кана эмесе, силерге үй тапшырмасын берейин. Бүгүн үйдөн ар бириңер инстаграмдагы баракчаңарга “Жамал жарыкка умтулган кыз” деген темада #кыздын_сыры, #Жамал хештегдерин кошуп, чакан пост жарыялайсыңар. Ал постту жакын досторуңарга, тааныштарыңарга жөнөтүп, өз ойлорун, билдирүүлөрүн калтыруусун өтүнүп, посттуңарга жазылган ой-пикирлерди, талкууларды чогултуп, анализ жүргүзүп келесиңер. Эскертүү катары айта кетейин, силердин жарыялаган посттун астындагы ар бир билдирүүгө сылык-сыпаа мамиле аркылуу ыраазычылык билдирип, аларга сөзсүз түрдө жооп жазгыла. Чыгармачылыгыңарга карта түрдүү видеолорду, сүрөттөрдү колдонсоңор болот. Муну менен гана чектелбестен тик-ток социалдык тармагына жогорудагы тема менен видеолорду, өзүөңөрдүн ойлоруңарды чыгарсаңар да болот. Ар бир аткарылган тапшырмага артыкчылык берилет.

 

8. Жыйынтыктоо

«Ачылыштар шамы» чыгармачыл көнүгүү
Баары тегерек болуп турушат.  Мугалим (мугалим күйгүзүлгөн
шамды кармап турат): Мен ӨМҮР тууралуу чындыкты кабыл
алам – бул бакыт, кубаныч, сүйүү, жарык, жылуулук, ӨМҮР –
бул бат эле болуп өтүүчү жана бакыт, кубаныч, сүйүү, жарык,
жылуулук менен алмаштырылуучу ийгиликсиздик, жоготуу,
көз жаш. Көптөн-көп суранарым ЖАШАГЫЛА!!!

Шам тегерете берилет, ар бири сабакка катышуудагы маанайларын, сезимдерин, туюуларын айтышат.