Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ
  • Сипаттама

Чынгыз Айтматов "Бугу эне"

Автор: Бектемирова Кенжегул усонбаевна

Мақсаты

Ұзақтығы: 45
2021-09-23

Конкурска. Адабият сабагы

Нарын району, Актан Тыныбек мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, соц педагог Бектемирова Кенжегүл Үсөнбаевна. Сабактын темасы: Чыңгыз Айтматов «Бугу эне» («Ак кеме» повестинен). Окуп үйрөнүү максаты: Көрсөткүчтөрү: Билим берүүчүлүк:Окуучулар чыгарманын мазмунун терең түшүнүп, ар эпизоддогу каармандарды талдоо менен кыймыл-аракетине, кылган ишине көңүл бөлүп, көркөм дүйнөдөгү чындыкты турмуш чындыгынан издөөгө жетишишет. Окуучулар:- чыгарманын мазмунун айтып бере алышса; -чыгармадагы каармандарды талдай алышса; -көркөм чыгармадагы чындыкты, турмуш чындыгы менен ачып бере алышса; Онүктүрүүчүлүк: Окуучулардын артистик аткаруу жөндөмдүүлүгү аркылуу алардын сабакка болгон кызыгуусу артат, ой жүгүртүүсү, байланыштуу кеби кеңейет жана бир аз болсо да , сахнада өзүн алып жүрүү манерасы калыпка салынат. Окуучулардын:- сабакка болгон кызыгуусу артса; - ой жүгүртүүсү, сөз байлыгы өссө; - өзүн сахнада эркин алып жүрө алса; Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар каармандардын образын жаратуу менен, чыныгы адамдык жакшы сапаттарды өздөрүнө (үлгү) катары ала алышат. Окуучулар образ жаратуу менен боорукердикке ,жоопкерчиликке, бизди курчап турган жаратылышышка аяр мамиле жасоого аракттенишсе. Сабактын усулу жана формасы: Стандарттык эмес сабак, көрсөтмөлүүлүк жана проблемалык усулу. Сабак-сахна. Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү. Сабактын жабдылышы:Ч.Айтматовдун портрети,чыгармалар жыйнагы, аудио-видио кассеталар жана колго жасалган буклеттер, файлдар ж.б. Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу иши: Меймандар менен таанышуу. 2.Тапшырманы суроо.Мында «Кызыктуу талаача» оюну аркылуу..Аалы Токомбаев «Жетим менен сыйкырчы».(1. «Эненин ак сүтүн актоо»- деген эмне? 2.Алдамчылык-? 3.Катуу кыйналгандар алдамчылык кылса , кечиримдүүлүк болобу? ж.б.у.с. суроолор аркылуу). Мугалим:- Айтматов Чыңгыз Төрөкулович 12-декабрда,1928-жылы Талас өрөөнүндөгү, Күркүрө суусунун боюндагы Шекер айылында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган.Анын баео балалыгы ушул суунун кылаасында, Шекер кыштагында өттү, дал ушул жерде ал дүйнөнү таанып билди.Атасы Төрөкул Айтматов (1903-1937) партиялык советтик белгилүү кызматкер экен, кийин ал киши 1937 –жылы репрессияланып кетет, апасы татар кызы Нагийма Айтматова Хамзаевна (1904-1970) билимдүү,маданияттуу аял болгон.Атасы ак жерден атылып, энеси жаш балдарын бооруна кысып,Шекер айылына келгенде, Чыңгыз тогуз гана жашта эле. Ч.Айтматов жашынан эле бирде шаарда, бирде кыштакта окуп,эки тилди бирдей билген, ар кыл улуттагы ар кыл адамдар менен аралашкан.Озгөчө чоң энеси Айымкандын жомоктору, болумуштары аны өзүнө тарткан,орусча китептерди жан алакетке түшүп окуган.Атасынан эрте ажыраган баланы согуш, элдин оор абалы эрте жетилтет. Согуш башталып , алаамат түшкөн кезде, Чыңгыз айылындагы эр бүлөнү жөнөтүштү.Эми айылдагы бардык жумуш келин-кесектер менен өспүрүмдөрдүн мойнуна түштү.Эгин айдоо,суу сугаруу,кырман басуу, колдо эмне болсо майданга жөнөтүү,айтор, кыбыр эткен жумуштун баарын бүтүргөн ошол бала-бакыра менен кыз-келиндер.Жаштыгына карабастан Чыңгыз ал кезде көп иштин башын кармады.Араба айдап,чөп чаап, суу сугарып,акыры тири карак бала айыл кеңешинин катчысы, салык жыйнагыч кызматтарга чейин көтөрүлдү. Согуш аяктаганда кыштак элинин карапайым турмушу менен көйгөйлүү тиричилиги боз уланды кызыктырды.Ал Жамбыл шаарындагы зооветериналдык техникумду(1946), Бишкектеги К.Скрябин атындагы айыл чарба институтун(1953) бүтүргөн.1953-56-жылдары Кыргыз мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө эксперименттик фермасында зоотехник болуп иштейт.1956-58-ж Москвадагы жогорку адабий курстун окуучусу,1956-60-ж «Литературный Киргизстан» журналынын редактору,1960-65-ж «Правда» газетасынын өз кабарчысы, 1965-жылдан бери Кыргызстан киномотографисттер союзунун башкармасынын председатели. 1990-жылдан бери Люксембургда,Бенилюксда элчи болгон.2008-жылдын, 10-июнда каза болот.»2008-жыл Чыңгыз Айтматов жылы»-деп жарыяланып,2008-жылдын 12-декабрында булл маараке эскерүү менен башталды. Ч.Айтматов төрт бир тууган.Иниси-Илгиз Айтматов,карындашы-Роза,Лютция.Жубайы-Мария Айтматова,балдары-Аскар,Элдар,Ширин Айтматова. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана сыйлыктары. Чыңгыз чыгармачылык ишин айыл чарба института окуп жүргөндө баштаган.1952-жылы «Газтчи Дзюйо» деген аңгемеси орус тилинде «Комсомолец Киргизии» газетасына жана «Киргизстан» альманахына жарыяланат.Ал ошол кезде эле В.Катаевдин «Полктун уулу» повесттин,М.Бубеновдун «Ак кайың» романын которот, бирок алар басылган эмес.Андан соң «Ак жаан»,»Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аңгемелери жарыяланат.Бирок, ЧыңгызАйтматов өзүнүн «Биринчи адабий дебюту» катары,1957-жылы жазган «Бетме-бет» повесттин айтат.Бир жыл өтүп,өтпөй эле М.Ауэзов менен Л.Арагонду тамшандырып, «Сүйүү жөнүндөгү дүйнөдөгү эң улуу дастан» - деген баага арзыган «Жамила» повстти чыгат.(«Обон»,»Джамила»1959-ж орусча,кыргызча чыгат).»Биринчи мугалим»(1963),»Саманчынын жолу»(1963), «Гүлсарат»(1967), «Эрте келген турналар»(1978) ж.б.чыгармалары бар. Атактуу кыргыз совет жазуучусу, коомдук ишмер, КыргызССР ИАнын мүчөсү(1974), Кыргыз Эл жазуучусу(1968), 1959-жылы КПССтин мүчөсү, Лениндик сыйлыктын лаураты(1963), 1968-ж СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лаураты, КССРинин Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси(1976),СССР Жогорку Советинин 7-8-9- шайланышынын депутаты,63 орден,медалдын ээси,Кыргыз Эл баатыры, Академиялардын академиги – Чыңгыз Айтматов дүйнөнү дүңгүрөткөн өлбөс-өчпөс улуу чыгармаларды жаратып кетти. Анын чыгармалары дүйнөнүн 176 тилине которулуп,80 мил нускада китеп болуп чыкты.Залкар жазуучунун чыгармалары кино,адабият,сүрөт, театр жана музыка тармактарынын гүлдөшүнө чоң салым киргизди. Айтматов жана анын чыгармалары боюнча айта берсе сөз көп.Албай калган Нобель сыйлыгы калган.Бүгүнкү сабагыбыздын темасы, «Ак кеме» повесттинин нгизиндеги «Бугу эне» жомогун өтмөкчүбүз. Алып баруучу:-«Ак кеме» повестти 1970-жылы «Новый мир» журналынын №1 санына жарыяланган.Ч.Айтматов чыгармага «Жомоктон кийин» деген ат берген, бирок «Новый мир» журналынын башкы редактору Твордовский «Ак кеме» деген атты сунуш кылган. Чыгарма төмөнкүчө жаралган: бир жолу Ч.Айтматов Ысык-Көлгө эс алганы барат.Бейтааныш адамга жолугат.Ал жакында коруктан качып келген бир маралды атып алганын, мактанып сүйлөгөнүн угат.Аңгемени угуучулар анны мактап жатып калышат.Бул окуя жазуучуну ойго салат,түйшөлүп уктай албайт.Көз алдында канга боелгон табияттын бир бөлүкчөсү, касиеттүү сулуу маралдын элеси кетпей туру палат.Натыйжада, «Ак кеме» повести жаралат. 1-окуучу:-Чыгармада экологиялык проблема көтөрүлөт. 2-окуучу:-Чыгарманын негизин Мүйүздүү Бугу энеге байланыштуу (легенда) уламыш менен токой кордонунда жашаган адамдардын турмушу түзөт. 3-окуучу:-Повесте баштан аяк ак ниеттүүлүк менен кара ниеттүүлүктүн ортосунда күрөш жүрөт. 4-окуучу:-Ак ниеттүүлүктүн үлгүсү – бала.Момун чал балага кыргыздын ата-бабасынын өткөн күндөрүн айтып отуруп, катуу таасир берип койду.Бала Бугу эненин боорукерлигине, адилеттигине баш ийип, аны өтө ыйык нерсе деп сезет. 5-окуучу:-Кара ниеттүүлүктүн үлгүсү – Орозкул.Орозкул- баардык жагынан адамдык моралга туура келбеген зыяндуу тип(түр). 6-окуучу:- Бала Орозкулдун айбанчылык иштери менен эч келиш албайт. 7-окуучу:-Орозкул улууларды урматтап,кичүүлөрдү ызаттап, аялдарды сыйлаганды билбейт. 8-окуучу:-Момун чал көп маселелерде Орозкулдан коркот.Токой кордонундагы жумуштан бошотуп жиберсе, кантип тиричилик кылам деп ойлойт.Бекей төрөбөгөндүктөн Орозкул анны кетирип жиберет деп да коркот. Алып баруучу:-1975-жылы «Ак кеме» повести боюнча фильм тартылган жана экрандаштырылган. «Ак кеме» кинофильми боюнча мамлекеттик сыйлык үч адамга берилген.Сценарийдин автору Ч.Айтматовго, режиссер- коюучу-Болот Шамшиевге,башкы оператор-Манасбек Мусаевге, 1977-жылы берилет. 1976-жылы, Фрунзеде бүткүл союздук 9-кинофестивалда чоң байгеге ээ болот.1977-жылы Гран-при Италияда алат. Нарын музыкалуу драма театрында (Муратбек Рыскулов атындагы) 1974-жылы М.Рыскулов сахналаштырган жана койгон.Азыр сиздерге, «Бугу эне» жомогун коюп бермекчибиз. --Бул жомок эзелки окуя.Атам заманда , жер бетинде чөптөн токой көп, кургак жерден суу көп болуп турган кезде улуу уруу « Кыргыз журту» Энесай деген өзөндүн боюн жайлап турат. Ал улуу дайра кең өзөн түндүктө Сибирь деген жерден агат. Атчан адам 3- жыл ,3-ай жүрүп жетет. Ал дайраны азыр Енесей дешет экен. Илгери кыргыздар Энесай дешчү. Ошондон улам мобул ыр калган : Энесай, сендей жайкын өзөн барбы? Энесай, сендей жаркын мекен барбы? Энесай, сендей кыйын азап барбы? Энесай, сендей ыйык азат барбы? Энесай, сендей жайкын өзөн болбос! Энесай, сендей жаркын мекен болбос! Энесай, сендей кыйын азап болбос! Энесай, сендей ыйык азат болбос! Энесайдын боюнда ар уруу эл жашап турат.Бирин-бири чаап алган,бирин-бири талаган жоокерчилик заман.Кыргыз уруусун да айлана –тегерете курчап,кас уруулар туруптур.Ошондой кыйың кезең күндөрдө Тайга деген чер токойго бир сыйкырдуу куш пайда болот.Ал жөн сайрабай адамга сүйлөп бирде ыйлап, бирде ырдап, таң атканча « Алаамат болор!, Алаамат болоор!» - деп сайрап чыкчу болду. Акыры ошол куштун айтканы келип, кыргыздардын башына каран түн түштү. Ал күнү кыргыз уруусу аза күтүп, эл атасы журт эгеси , сан колдун башчысы Күлчө баатырдын сөөгүн жерге бергени жаткан. Алаамат мына ушунда башталды.Энесайлык 40 уруу эл канча жоолашпасын,эл атасы каза таап, башына аза түшкөн күндөрдө бири-бирине кол салчу эмес.Бирок бүгүн салт бузулду.Салтты бузган нарксыз жоо түндөп курчап, тегеректеги токойду бугуп жаткан.Эми эл мүңкүрөп турган чакта, жоо капилеттен кол салды.Жарак алып каршы чыгууга,атка минип, айкырып чыгууга эч ким үлгүрбөдү.Түшкө киргис кыргын жүрдү.Омгөктөгөн карыдан эмгектеген балага чейин кылычтын мизине, найзанын учуна, качып кутулам дегени жебенин тилине кетип жаты.Жоо ушуну көксөгөн.Кыр көрсөтүп, тизгин бербеген кыргыдарды «тукум курут кырып,күлүң көккө сапырып кетели»-деп келген.Жоктоп алары,боздоп ыйлап калаары,кун кууп издеп келери калбасын, Кыргыз деген атын өчүрүп, жер менен жексенкылып, тыптыйпыл кырып салалы деп клген.Бардыгы жоонун оюндагыдай болду.Мүлкүн талап,мал-жанын алдыга салып айдап алып кеткн жоонун артында уюлгуган чаң гана көрүнүп калганмаалда кабыктан себет токуп, ага толтура карагат , бүлдүркөн тергени токойго кетишип, ойноп жүрүп,күн кайсы убак болгонун аңдабай ,оо бир оокумда гана үйүнө кайтышкан ойноо бала менен секелк кыз токойдон чыкты.Жоо чаап кткен өлүү журттун түнөргөн ордун көрүп, эси чыгып элеңдеген экөө «Атакелеп», «Апакелеп» буркурап-боздоп ыйлашып, же эртең мененки эле калың эли жок, же эртеңки күнү белгисиз, заматтын ортосунда топтомолок жетим калышты.Эмне кылышты билбей эси кеткен балдар:-«Токтогула, бизди да ала кеткиле»- деп жоо артынан чуркашты. А бирок жер дүңгүрөткөн калың дабырт астында ал экөөнүн алсыз үнүн ким укмак? Эки бала жан талашып чуркашса да кууп жете алышпады.Чаалыгып, мууну бошогон балдар жер кучактап жыгылды.Кылчайып артын кароодон,кыбыроодон коркуп жүрөктөрү түшкөн алар кучакташып жатып алышып , уктап калышты. Жетимдердин жары кыдыр, бирок тагдыры жети ача деген сөз ак.Түн бейкут өттү.Экөө үч түн,үч күн дегенде бир дөбөдөн, кечээги кыргызды кыган жоонун майрамдап жатканын көрүштү.Курсактары ач эки бала чыдабай, дөбөдөн түшүп барышты. Эл:- Кимдин баласысыңар?Кайдан келатасыңар? Бала:-Курсагыбыз ачты, нан бергилечи? Алып баруучу:-Жоо эли балдардын сүйлөгөн сөзүнөн кыргыз тилин баамдап,бул кырылган кыргыз тукуму экенин тааныды.Алар балдарды ханга алып барышты. Хан:-Тынчымды алган ким?Кыргыз уруусун тукум курут кырганыбыз жалганбы?Силерге түбөлүккө Энесайды тартып бергеним жалганбы?Эми кимден жан таштап качып жүрөсүңөр?Коркконуңар ушул чыпалактай эки балабы? Эй, Майрык –Чаар – Жезкемпир! - Бул экөөн Тайга токойго алып баргын да, кыргыздын аты чыккыс, үнү угулгус кыл.Экинчи кыргыз деген сөздү кулагым чалбасын.Кыргыз тукумуна ,жер үстүндө орун жок, түбөлүк аты өчсүн!Бар,Майрык-Чаар-Жезкемпир, буйрукту аткар! Алып баруучу:- Ошону менен Майрык-Чаар-Жезкемпир эки баланы эки колунан жетелеп,тоо ашып,токой аралап жүрүп отурду.Азыркы Энесайдын жээгине жетип токтоду.Анан балдарды жардан алыс түртөр алдында , мындай деди:- О, улуу дайра, Энесай!Эгер сага тоо омкоруп кулатса,муштумдай таш сыяктанып түбүңө чөгөт.Кылым турган карагайды кесип кулатса, чабындыдай толкунуңа кетет.Эмесе,эки көздүн эки чечекейиндей болгон мобу адам баласын муздак койнуңа ал.Жер үстүндө бул экөөнө орун жок.Аны сага айтып-айтпай эмне!Эмесе, ач койнуңду,ал эки наристени,алып кет.Бул жексур дүйнөдөн экөө чырымталында кетсин,абийири таза, дили ак,арамдыкты биле элек,арам ойго кире элек периште чагында кетсин.Ач койнуңду,ал эки периштени,улуу дайра Энесай! (Балдар ыйлап турду) ---Кана, коштошуп алгыла, балдарым.Кучакташкан бойдон кеткиле (жеңин түрүп)- Мени жаман көрбөгүлө, менде эмне айып,Бешенеңерге жазылганы ушул экен.Менин эрким болсо кантер элем,ким билет, бирок ушу бойдон кеткениңер өзүңөргө жакшы.(Ушинтип сөзүн айтып бүткөнчө, жан жактан бир үн чыкты) Бугу эне:-Ашыкпа Акылман эне,күнөөсүз балдарды жайлаба! Майрык-Чаар-Жезкмпир:-Сен кимсиң?Адамча сүйлөп кубулган,кандай жансың? Бугу эне:- Мен Бугу эне болом.Адамча сүйлөбөсөм сен кайдан түшүнмөксүң да,кайдан собол укмаксың? М.Ч.Жезкемпир:-Каалаганың эмне, Бугу эне? Бугу эне:-Балдарды кое бер,Акылман эне.Сизден сураганым ушул,эки чүрпөнү мага бер? М.Ч.Жезкемпир:-Буларды эмне кыласың? Бугу эне:-Адамдар эгиз музоомду атып өлтүрүштү.Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм. М.Ч.Жезкемпир:-Ушу балдарды эмизип, багып алам дейсиңби? Бугу эне:-Ошентем, Акылман чоң эне. М.Ч.Жезкемпир:-Жакшылап ойлондуңбу, Бугу эне?(күлөт)- Булар деген адам баласы.Чоңоюп алып,өзүңдүн бугучаларыңа ока тат, ошону ойлондуңбу? Бугу эне:-Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт.Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат.Анан кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын? М.Ч.Жезкемпир:-О, кең пейил Бугу эне ,адам дегениң кандай экенин али билбейт турбайсыңбы?(башын чайкап)Адамдар кайберен эмес, бирин-бири аябайт.Сөзүмдүн актыгын өз көзүң менен көрөрсүң , өз мойнуң менен тартарсың деп, булл эки жетимди сага берип деле кор элем, бирок башка адамдар көрөөр замат булл эки кичинекей адамды өлтүрүп салат.Анда булардын да азабын тартып, сага эмн күч келди? Бугу эне:-Эч ким таппас алыс жактарга алып кетем, бу балдарды.Аясаң, Акылман чоң эне, кое берсең.Оз балдарымдан кем көрбөй асырайын, жтимдерге эне болоюн…Желиним сүткө толуп, ооруп турат.Бала деп сыздап турат ак сүтүм.Бала деп ийип турат ак сүтүм…. М.Ч.Жезкемпир:-Кантейин, болуптур.(ойлонуп)Сурап калдың, бирок тез кет буерден.Жетимдерди алыс жерине аман жеткир.Жок, эгер аякка жетпей жолдо өлсө, же каракчылар жайласа, же өздөрү чоңоюп алып, ак сүтүңдү унутуп, адамдын арамдыгына кетсе, өзүңдөн көр.(Бугу эне Жезкемпирди узатты да, уул,кызга айтты) Бугу эне:-Балдарым,мына эми силердин энеңермин.Мен силерди ак кардуу алкак Ала-Тоосу бар, күмүштөй Теңир тоосу бар,бордо токой жери бар, ортосунда Ысык-Көлү бар жерге алып барам.Кыргыз тукуму курут болуп ктээрде экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум уласын, укум-тукумуна мекен болсун деп мен ал жерди Теңирден сурап алдым. Алып баруучу:-Балдар так секирип кубанды, тепеңдешип Мүйүздүү Бугу эненин соңунан чуркап алды.Нечен түн , нечен күн өтүп,үч жыл кыш, үч жыл жай дегенде, балдарды Ысык-Көлгө жеткирди. Бугу эне:-Мына ушул жер силерге мекен болот.Жер тилип, эгин эккиле,мал багып,балык улагыла,ошентип бейпил кеңчилик , бейкут тынчтыкта миң-миң жыл өмүр сүргүлө.Учуңар узарып,урук-тукумуңар көбөйсүн, алдыңарды бала басып, аркаңарга мал толсун. Сүйлөсө тилге жатык,укса кулака мукам,алыстан ала келген эне тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын,эне-тилинде эл-жерин даңазалап, ырдап жүрсүн.Кишиден кем болбогула,башка элге тең болгула.Мен силерге, силердин укум-тукумуңарга Умай энемин, силер менен түбөөлүккө бирге жүрөм…. Алып баруучу:- Ошентип, кырылган кыргыздан калган уул бала,кыз бала Теңирдин батасы тийген Ысык-Көлдү мекендеп туруп калышат.Убакыт куштай учту.Уул бала эр жетти, кыз бала бой жетти.Экөө баш кошуп, эрди –катын болушту.Мүйүздүү-Бугу эне болсо сырттан калкалап,ушул жердин токоюнда жүрдү. Күндөрдүн бир күндөрүндө Ысык-Көл буркан-шаркан толкуп чыкты.Ал антекни-жаш зайыптын толгоосу башталган.Эр адам чочулады.Зоокага чуркап чыгып, тегерекке үн салды. Бала:- Мүйүздүү –Бугу эне, кайдасың?Ысык-Көлдүн толкуганын карачы.Кызың толготуп жатат.Тзирээк жтип кел, Мүйүздүү –Бугу эне, жардамыңды бер…. Алып баруучу:-Ошондо алыстан –алыстан жылаажын үн угулат.Шыңгыраган таттуу үн жакындагандан жакындады.Анан маңкаңдай чуркаган Мүйүздүү-Бугу эне жетип клди.Куру келбей,он сегиз айры мүйүзүнө бешик илип келди.Ак кайыңдан жасалган ак бешиктин туткасында күмүш жылаажын шыңгырайт.Ошол жылаажын азыр да көлдүктөрдүн бешигинде илинүү, азыр да бала төрөлгөндө Бугу ошол үйгө шашып клаткандай болот. Бугу эне:- Бу бешик силердин тунуңарга.Жети уул,жети кыздуу болосуңар, баары ушу бешикке жатып чоңойсун. Алып баруучу:-Ата-эне кубанды.Мүйүздүү Бугу эненин урматына тун уулунун атын Бугубай деп коет.Бугубай эр жетип , кыпчак элинен колукту алат.Ошентип,Мүйүздүү Бугу эненин тукуму Ысык-Көлгө толот.Маралдын да тукуму толот.Бир күнү жылкысы сан, кою түмөн бугулук бир бай киши кайтыш болот.Балдары аш бреет.Көлдү жээктей миң бир жүз боз үй тигет.Нечен түн, нечен күн аш болот.Атасы Бугу уруусунан болгондон кийин,күмбөзүнө бугунун мүйүзүн белги кылып коймой болот.Ошентип, Бугу эне адамдардын арамдыгына нааразы болот.Бугу эне көл менен коштошкондо көзүнөн жаш төгүп,арамдыкты каргап, адалдыкты зарлап кеткен экен. Алып бауучу:-Азыр кезекти обондуу ырга берсек.Сөзү Аида Дөөлөтказиеваныкы, обону Адылбек Кыязовдуку «Паап». «Ак кеме» повестиндеги «Нургазынын көз жашы» циклындагы ырлар.Биринчи ыры «Ата сени сагындым».(Окуучулар хор менен ырдашат). Алыстан бүлбүл жанып, Ак кеме сүзүп келет. Алданып үмүтүнө, Арга жок күйүтүнө. Бармактай байкуш бала, Атасын күтүп жүрөт. Ак кеме! Атаке!.... Ак кеме! Атаке!.... Каралдым ата, Кайрылчы мага! Сагындым сени, Ала кет мени! Желбиреп учуп- күйүп, Жээкке жетип барат. Кемеси кайрылбастан, Атасы кайрылбастан, Муңканган зарын укпай, Алыстан кетип калат. Ак кеме! Атаке! Ак кеме! Каралдым ата. Кайрылчы мага! Сагындым сени, Ала кет мени! Шыбырап жашын төгүп, Узатып кала берет. Алданып үмүтүнө, Арга жок күйүтүнө. Атасын күндө күтүп, Антсе да бара берет. Ак кеме! Атаке! Ак кеме! Атаке! Каралдым ата, Кайрылчы мага! Сагындым сени, Ала кет мени! Алып баруучу: -Экинчи ыры. «Бугу эне» Аткаруучу Стандартбек кызы Аида. Таятасы айтып берген, Бир жомок чыкпайт эстен. Мүйүзүнө бешик илип, Келеткан суда сүзүп, Бугу эне кайда кеткен? Бугу эне, касиеттүү Бугу эне, Бир бала ала келчи эжекеме. Орозкул кыйнабасын , Бекей эжем ыйлабасын. Бугу эне келип кетчи, Бир бала берип кетчи! Тилегин кудай берип, Бугу эне калды келип. Түшүмбү деп ишене албайт, Оңүмбү деп ишене албайт. Көздөрүн ачып-жумат, Маңкайган бугу көрүп. Бугу эне, касиеттүү Бугу эне, Бир бала ала келчи эжекеме. Орозкул кыйнабасын , Бекей эжем ыйлабасын. Кайрылып көрө кетчи, Бир бала берип кетчи! Аңгыча тарс дей түштү, Бугу эне жалп дей түштү. Бешигин бербей калды, Бекейди көрбөй калды. Асман жер аңтарылып, Балага жашооо бүттү! Бугу эне, касиеттүү Бугу эне, Жүр бирге кетели эмесе! Балык болуп сүзүп кетем, Жылдыз болуп учуп кетем. Карасы көп бул дүйнөгө, Калтырба мени Бугу эне! Кетем , сен менен кетем!! Жыйынтыктоо: - Мына балдар, силер менен бирдикте бүгүнкү сабагыбызда бизди курчап турган жаратылыш, анын ичинде Жаныбар-Осүмдүк-Адам, биригип жаратылыштын бир бүтүндүгү экендигине күбө болуп отурабыз.Демек, биз М.Л.Налбандян айткандай: «Жаратылыш деген –китеп, аны окуп,туура түшүнө билишибиз керек» жана өзүбүздөн кийинки муундарга да окутушубуз абзел. Уйгө тапшырма: «Эгерде сен автор болсоң , чыгарманы кандай бүтүрөөр элең?» -деген темада эссе жазып келүү. Нарын району, Актан Тыныбек мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, соц педагог Бектемирова Кенжегүл Үсөнбаевна. Сабактын темасы: «Атыңдан кагылайын, алтын апа». (Класстык саат) Окуп үйрөнүү максаты: Көрсөткүчтөрү: Билим берүүчүлүк:Окуучулар, апанын асылдыгын,эч нерсеге алмаштырылгыс эмгегин жана Күн жер бетине нурун чачкандай эненин мээримин билишет. Окуучулар апалардын эмгегин ,өзүлөрүнүн ой-пикирлери аркылуу даңазалай алышса. Онүктүрүүчүлүк: Окуучулар текст менен иштөө аркылуу, өз ойлорун ырааттуу айта , жаза алышат. Ар бир окуучу ,эне туралуу ой-пикирлерин ,оозеки жана жазуу түрүндө айтып бере алышса. Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар «Эне» деген асыл сөздү сыйлоого жетишишет. Окуучулардын ар бири ,энелеринин эмгегин актоого аракет кылышып, терең билим-тарбия алууга аракеттенишсе. Сабактын усулу жана формасы: Интерактивдүү усулу. Аңгемелешүү,топтордо иштөө. Эки бөлүктүү күндөлүк стратегиясы, синквейн. Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү. Сабак аралык байланыш: Кыргыз тили,музыка,адеп,сүрөт.ж.б. Сабактын жабдылышы: Даяр тексттер,кассеталар жана колго жасалган буклеттер, сүрөттөр,файлдар .ж.б. Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу иши (3мин) :а).Саламдашуу. б).Окуучуларды толуктоо. в).Окуучулардын жагымдуу маанайын жаратуу,б.а. классты активдештирип алуу. 2.Тапшырманы суроо.:Мында «Керемет талаасы» оюну аркылуу же оозеки :(1. Табигаттын таш боор кырсыктары кайсылар? 2.Жер титирөө,сел агымы,жер көчкү,кар көчкү, өрт,химиялык уулануулар. ж.б.у.с. суроолор аркылуу). Чакыруу этабы. 3.Жаңы тема: Мугалим: - «Апа» дегенде силерде кандай сезимдер пайда болду? Окуучулар ар бири эссе жаза баштайт.-а(5мин). 1-окуучу: Апа-бул сөздү укканда ар дайым мээримдүү, чыдамкай,боорукер жана жүрөгү таза адамды элестетем.Апалар- үйдүн куту.Аларсыз жер бетиндеги жашоону элестетүүгө болбойт,себеби алар өмүр көчүн жаратуучулар… 2-окуучу: Апа-бул бизди жарык дүйнөгө алып келген адам.Апаны дүйнөдө эч нерсеге теңей албайбыз.Балдары үчүн алар өлүмдөн да,кайра тартышпайт.Алар биди көп кыйынчылык менен чоңойтушат жана кийинки келечегибиз үчүн да кам көрүшөт.Мына ушундай эч нерсеге тең келбес эмгегин биз,баарыбыз билишибиз керек. 3-окуучу: «Апама». Апаке мени багып чоңойткон сиз, Күн-түнү уктабай соороткон сиз. Кагылайын ак сүтүңдөн апаке, Омүр бою карыз болуп келем сизге. Чоңойгондо ак сүтүңдү актасам дейм, Көңүлүңдү оорутпай, сактасам дейм. Кичинемде мени багып чоңойтсоң, Карыганда сени бакчу бала мен. Омүрүңүз арчадай узун болсун, Сезимиңиз ак барактай тунук болсун. Ар дайым балдарыңыздын астында, Омүр бою күлүп-жайнап жүрө бериңиз .ж.б.у.с. -2- Убакыт бүткөн соң –а,-б менен (кошуна-кошунасы менен иштейт)(2мин), Сүйлөшүп,ой бөлүшкөндөн кийин экиден жуп же топ эссе окуйт.(10-15мин). Түшүнүү этабы.Даяр текст таркатылат. Мугалимдин нускамасы менен эки бөлүктүү күндөлүктүү толтуруу. Текст менен таанышып, окуп чыккыла.Озүңөргө жаккан сабынан баш жагынан,ортосунан жана аягынан эки саптан цитата алып жазып, ошол цитатанын тушуна комментарий жазасыңар. (Доскага цитата,коментарийдин плакатын же чиймесин илүү). -Мында дагы –а,-б менен,андан кийин –в менен иштейбиз. Ойлонуу этабы.Цитата жана комментарий боюнча топто –в менен иштеп,алардын оюн угуу (10-15мин). № Цитата Коментарий 1 2 3 Ыр арнасам эгерде мен апама, Сөзүм жок,теңдешчү чынында ага. Жашоону кандай сүйүп,баалай билсем, А дагы апакемдин эмгегинен. Күн алдынан көтөрүп өтсөк дагы Түбөлүк карыздарбыз биз аларга. -Биз ,апаларыбызды күнгө ,айга салыштырабыз,канчалаган чыгармаларды жаратабыз,бирок анын баары аздык.б.а. айтып бүткүс тема. Бизди жарык дүйнөгө жаратып,оорубузду колдон,жеңилибизди жерден алып болгон аракетин балдары үчүн жасайт. «Бейиш эненин таманында» демекчи,апаларыбыздын ар бир балдары үчүн кылгандарын,биз айтып бүтө албаспыз. Апаны биз өмүр бою кадырлап,сыйласак дагы,анын ак сүтүн эч качан актай албайбыз. Сабакты бышыктооо: (5мин)Ар бир окуучунун «Апа» боюнча ой-пикирлерин жана текст боюнча коментарийлерин угуу менен өтүлгөн теманы бышыктоого жетише алам жана ошондой эле синквейн түздүрөм. 1.Апа. 2.Мээримдүү,боорукер. 3.Багат,эркелетет,тарбиялайт. 4.Апаларга-өмүр бою карысбыз. 5. Эне. 1.Апа. 2.Мөмөлүү,көтөрүмдүү. 3.Иштейт,ойлонот,жаратат. 4.Баласыз эне- мөмөсүз дарак. 5.Аял. 1.Апа. 2.Назик,ыйык. 3.Окутат,жардамдашат,кайгырат. 4.Мен апамдын жардамына муктажмын. 5.Адам. Жыйынтыктоо:(2мин).Мугалим.- Мына балдар,бүгүн силер менен бирге, тогуз ай томугу сыздап,бизди ушул жарык дүйнөгө алып келген апаларыбыз жана алардын эч нерсеге теңдешсиз эмгеги тууралуу аз да болсо түшүнүк алдык го деп ойлойм.Бул сөздүн мааниси кандай терең?!Эннин эркелеткени,мээримдүүлүгү, жылуу жүзү өмүрүбүздүн алгачкы кадамдарынан тартып эле бизди күн сыяктуу алкап турат.Эненин үнү –бизди сооротуп,тынчыткан,ушул үн -3- бизди таттуу уйкуга бөлөгөн. Эне биздин көз алдыбызга чексиз сүйүүсү бар бирден-бир жана кайталангыс адам болуп көрүнөт.Турмуштунэң кубанычтуу жана эң кыйын убагында да биз толкунданып,үмүт менен «Апа» деп айтабыз.Озүнүн космоско тарыхый учушунан кийин,Валентина Терешкова так ушинтип «Менин эң кымбаттуу адамым-апам»-,деп айткан. «Озүңдөн улууларды сыйласаң, кийинкилрден сый көрөсүң»-деген элде жакшы кеп бар. Анын сыңары биз да асыл заттуу апаларыбызга сый-урмат көрсөтсөк,кийин балдарыбыздан да сый көрөөрүбүздү унутпасак. Жогоруда айтып өткөндөй бул темага кимдер гана кайрылбаган жана кимдер гана жазбаган.Мына ошондой жазуучуларыбыздын бири Аалы Токомбавдин «Энеге» ыры менен сабагыбызды жыйынтыктасак: Эне,сага кандай мактоо жарашат? Эне,сенден ким сыймыкты талашат? Эне менен теңдеше албайт эч бир жан, Баардык мактоо сага гана жарашат. «Мээрими чексиз,бүт дүйнөнү ак сүтүн эмизип асыраган эне аттуу аялга даңк!Адамды жараткан күндүн нуру мнен эненин сүтү-эненин өзөгүн түзөт».(М.Горький). «Эне сүтүн актоо- өмүр бою унутулгус карыз(Н.Островский). «Баарынан күчтүү ыйык сүйүү-эненин сүйүүсү. Ал эч нерсеге багынбайт»(Т.Драйзер). (Убакыт болсо,окуучулардын каалоосу менен обондуу ырлардан жеке же хор менен ырдатып койсо болот). Баалоо: (2мин).Доскага чапталган баланын сүрөтүнө белги коюу аркылуу бааланат. Уйгө тапшырма: (1мин) «Менин апам»- деген темада дилбаян жазып келүү .