Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ
  • Сипаттама
  • Сабақ
  • Тесттен өту

Сабактын темасы :Этиш сөз түркүмү

Автор: Кожобекова Алтынай Кожобековна

Мақсаты

Ұзақтығы: 45
2021-09-25

Сабак 5 этаптан турат.

1. Шыктандыруу

«Унчукпас диктант» көнүгүүсү. Классты топко бөлүп жана ар бир

топко сүрөт таратылат .

Алар сүрөттү карайт, андан соң топтон бир окуучу үн чыгарбастан ,

жаңсоо жана кыймыл-аракеттердин жардамы менен (сүрөттөгү)

кырдаалды ойноп беришет. Көрүүчүлөр кыймыл-аракеттердин жардамы менен (сүрөттөгү)

кырдаалды чечмелеши керек.

Компетенттүүлүгү        

НК               ПК

НК 2

НК3          ПК 3

 Быйтыкчалар аркылуу

https://youtu.be/B1Mk_clwIkI

2. Теманы күтүлүүчү натыйжасын кабарлоо Балдар ,кыздар биз бүгүн сабагыбызда маани берүүчү сөз түркүмдөрүнүн бири этиш сөз түркүмү боюнча маалымат алабыз «Тиштердин чатагы » деген тексттин мазмунун эмне жөнүндө экендигин билебиз . Эң пайдалуу кеңештерди алабыз .Анда эмесе балдар күтүү дарагы доскада илинип турат. Силер бүгүнкү сабакта эмнени кутүп турасыңар ? Стикерлерге жазып күтүү дарагына илгиле

 Балдар көңул бурушат .Балдар сабактан эмненини күткөнүн күтүү дарагына стикерге жазып чапташат

 https://youtu.be/Hok7YXgDFMY

Компетенттүүлүгү

 НК          ПК

НК 2

НК 3           ПК4

Топтук баалоо

Жекелик баалоо

3.Тема боюнча маалымат берүү Слайд 1.

https://youtu.be/0IBhVf4mkgs

Этиш сөз түркүмү заттын кыймыл-аракетин билдирип ,Эмне кылды?, эмне кылып жатат?, эмне кылат?деген суроого жооп берет

Слайд 2 .

Силер кандай ойлойсунар сүрөттөр боюнча кыймыл – аракеттерди атап көрөлүчү...

Компетенттүүлүгү

НК                ПК

НК 1

НК3           ПК1

                    ПК 3

                    ПК 4

Калыптандыруучу баалоо

4.Интерактивтүү көнүгүүлөр Анда эмесе балдар , кыздар китебиңердин 95- бетин ачып Тиштердин чатагы тексттин чынжырча түрүндө сүрөттөрдү кошуп окуйбуз Тиштердин чатагы

Айдар өтө жүдөө бала болчу.Самындан, суудан аябай коркчу. Бир куну анын кир болгон тиштери :

- Биз сага таарындык! Кетебиз! – деп чатак салышат.

- Каякка кетесинер? Силер кетсенер анар, алмурутту

Кантип Жейм?! – деп ыйлактайт

- Жок, кетебиз! Биз мындай жашоого чыдабайбыз! – дешет тиштер бир ооздон.

Алардын сөзүн уккан Айдар апасына жетип барып, «тиштер да таарынышабы?» деп сурайт.

- Ооба. Эгер жууп-тазалабасан анда апар таарынып,түшө башташат, - дейт апасы

- Алар кетип калышса мен эмне кылам? – деп Айдар ыйлап кирет. Айдардын ыйлап жатканын уккан тиштер : Айдар ыйлаба. Андан көрө бизди тиш щетка менен жууп-тазалап тур. Ошондо биз кетпейбиз жана сага кепке кызмат кылабыз, - дешет.

- Макул, сөзсүз жууп турам! – деп сөз берип, кунүгө эки маал жууй баштайт. Ошондон кийин анын тиштери мурдагыдай аппак болуп, өз кызматтарын мыкты аткарып калышыптыр.

Дептериңерге тишке кантип кам көрүү керек деген тексттен этиш сөздөрдү таап жазгыла

Табышмакты тап !

Кыдырата таш койдум

Кызыл өгүз бош койдум

Бул эмне ? (тиш , ооз көндөйү)

Табышмактагы этиш сөздөрдү тап

Ал эми азыр биз кроссворддун жандырмагын жандырган га аракет кылалы

Кроссворд

Көп чекиттин ордун толуктагыла

1. Алардын сөзүн уккан Айдар апасына жетип барып, «...........да таарынышабы?» деп сурайт.

2. Тап табышмак

Суусу бар, ичүүгө болбойт,

Жолу бар, жүрүүгө болбойт,

Шаары бар, басууга болбойт

3. Билим алуу-ийне менен ......казгандай.

4. Ынтымагы бар элдин

Таалайы, багы ……

5. Заттын кыймыл-аракетин билдирген сөз түркүмү?

6. Абийириңди жашыңдан......

7. Көп чекиттин ордун толуктагыла .

Өзүңдүн тиш щёткаңды гана ......

8. Этиш сөздү тап! Гүл ,китеп,оку,отургуч,сызгыз

9. БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЫНТЫМАК

                    ......жок элдин

Тапканы бекер чачылат

10.Адамзатты сөз бузат , тоону ташты ... бузат

Табышмактын жандырмагын таап , табышмактагы этиш сөздөрдү табып ,дептерине жазышат

Кроссворд доскага илинет

            Окуучулар топ менен иштешет .Кайсы топ биринчи бүтсө ошол топтун жооптору текшеридет Ал эми калган топтор өздөрүнүн жоопторун тууралашат .

Компетенттүүлүгү

НК                        ПК

 НК 1

НК 3

НК 1

НК 2

НК 3

НК 1

НК 3                        ПК 2

                                  ПК 3

                                 ПК 4

                                  ПК 5

                                   ПК2

                                  ПК 4

                                  ПК 1

                                 ПК 3

                                  ПК 4

Жекелик баалоо,топтук

5.Жыйынтыктоо Анда эмесе балдар кайрадан күтүү дарагына кайрадан көнүлүбүздү бурабыз ! Дарактан таттуу, ширин жемиш куткөндөй ,силер бүгүнкү сабакта эмнени куткөңүңөрдү , сабактын жүрүшүндө күткөн нерселер аткарылдыбы талкуулайлы (Рефлесия)

Силердин оюңарча :Тиштердин чатагында Айдарга кандай кеңеш бермексиң?Силер бүгүн жаңы эмнелерди үйрөндүңөр? Кайсы маалымат абдан кызыктуу болду? Эмнелер кыйын болду? Ишке эмнелер тоскоолдук кылды?

Үйгө тапшырма. Төмөндөгү тамгалардын жардамы менен этиш сөздөрдүн таап ,элементи менен жазып келгиле !

А ,к ,т,ч,о,й,б,р,е ,к,л, у