Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ
  • Сипаттама

Базардагы балдар тууралуу (окутуу орус тилиндеги класстар)

Автор: Кубанычбекова Калия Кубанычбекова

Мақсаты

Ұзақтығы: 45 минут
2021-09-25

9 - класс. Кыргыз тили сабагынын иштелмеси

Сабактын кептик  темасы: Базардагы балдар тууралуу

Грамматикалык материал: Киринди сөздөр (кайталоо)

Сабактын максаттары / күтүлүүчү натыйжалары:

Тилдик: «Соода-сатык, базар» темасындагы жаңы лексиканы өздөштүрөт, «Соода-сатык» боюнча лексиканы активдештиришет.Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөрдү (киринди сөздөрдү) оозеки жана жазуу кебинде  туура  колдонгонду үйрөнөт. Таяныч үлгүлөрдү колдонуп, ой жүгүртүү жөндөмдөрү өнүгөт.

Кептик-катнаштык: Ким эмне кылганды жакшы көргөнү, эмне үчүн жакшы көрөрү туурасында сүйлөшөт. Окуганы боюнча өз пикирин айтат. Кептик үлгүлөр боюнча талкууга катышат. Кырдаалга жараша маалымат сураганга, жооп бергенге машыгат.

Социо-маданий: Жашоого, болгон кызыгуусу калыптанат, чыдамкайлыкка, эмгекчилдикке ата-энени сыйлоого, жардам берүүгө үйрөнүшөт. Туура жүрүм-турумга үйрөнөт. Топтордо, жуптарда бири-бири менен сылык мамиле түзүүгө, өз ара аракеттенүүгө көнүшөт.  

Сабактын ресурстары: ОТК – «Соода сатык, базар, товар» темасындагы жаңы сөздүк боюнча визуалдык материал, графикалык уюштургуч, кептик үлгүлөр, сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү:  

Мугалимдин ишмердүүлүгү.

Окутуучу жана өнүктүрүүчү компоненттери, тапшырмалар жана көнүгүүлөр.

Окуучулардын ишмердүүлүгү.

Сабакта өз ара аракеттерди уюштуруунун формалары.

Комментарийлер

I. Сабактын киришүү бөлүгү. А) Окуу ишмердүүлүгүнө мотивдештирүү.

Саламдашуу. Кырдаалдык көнүгүү.Окуучулардын маанайларын сурайм. (1-мүнөт)

  • Classroomscreen сайтын колдонуу менен окуучулардын кезегин “аралаштыруу” кызматы менен түзүп берем.

Окуучулар жооп беришет.

Кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда мугалим менен окуучулар эле эмес, окуучулар өз ара тыгыз карым-катнаш мамиледе болуусу шарт. Ошондуктан, салттуу учурашуудан айырмаланып, окуучулар бири-бири менен учурашуусун уюштуруу сабактын башында жагымдуу жагдайды гана түзбөстөн, окутуу процессин реалдуу коммуникация процессине жакындатат.

 Classroomscreen сайтын колдонуу окуучуларга бир аз да болсо кызыктуу болот жана аралыктан окутуп турсам да ыңгайлуу.

Келгиле, балдар, сабактын темасын билели.

Сүрөттөрдү карагыла. Эмне жөнүндө сүйлөшөбүз деп ойлойсуңар? деген суроого жуптарда жооп издегиле. 1 мүнөт өз оюңарды бири-бириңер менен бөлүшкүлө.

 (1 мүнөт убакыт өлчөп берет, саатта өзү үчүн белгилеп алат.) Орусча айтып берген болбойт. Сүрөттөгү тартылган буюмдарды, нерселерди түшүндүрбөйт, окуучулар өздөрү топтордо ой жүгүртүшөт.

Окуучулардын ойлорун угуп, мактап, колдогондон кийин, тилдик материалды кайталатам:

соода-сатык, базар, базардагы балдар,араба, майда-чүйдө, өспүрүм, жеткинчек деген сөздөр, сөз айкаштары менен сүйлөм түзгүлө. Айрым окуучулар өз алдынча сүйлөмдөрдү оозеки айтышат. Калган окуучуларга  кептик таяныч үлгүлөрдү сунуштайм.

(2 мүнөт)

Окуучулар экрандагы сүрөттөрдү карап, бул сүрөттөр боюнча бүгүн сабакта эмне жөнүндө сүйлөшөбүз деп ойлойсуңар? деген суроого жуптарда жооп издешет. Бири-бири менен ой бөлүшсүн. Сабактын темасы эмне жөнүндө экенин өз алдынча  божомолдошот. Бүгүнкү сабактын темасын өздөрү аташат. “балдар,базар жөнүндө сүйлөшөбүз”, “Базарда иштеген балдар”, “акча тапкан балдар” ж.б. божомол жасашсын.

Тилдик материал менен иштөөдө орус тилдүү окуучулар үчүн кептик таянычтар:

Мен  базарга бардым.

Балдар базарда.....

Балдар арабага майда-чүйдө....

Базарда иштеген балдар....

Жеткинчектер базарда....

Албетте,балдар базарда....

Иштеген балдар акчанын баркын...

Базарда иштеген балдардын....

Сабактын максаттарын коюуда максаттарды так белгилөө, ишке ашырыла турган милдеттерди аныктоо гана маанилүү болбостон, максат коюу окуучунун сабакка кызыгуусун ойготууну  да көздөгөндүктөн, окуучулар  бүгүнкү сабакта эмне иштерди жана кантип аткарарын мугалим менен бирге талкуулап, сүйлөшүп алуусу керек.

Сабактын максаттары менен тааныштыруу. Окуучулардын божомолунан кийин гана мугалим

бүгүнкү темабыз: «Базарда иштеген балдар тууралуу» деп жарыялайт. Сабактын максаттары жарыяланат.Ушул жерден балдарга көйгөйлүү суроо берем. Балдар базарда иштеп, акча таап ата-энеге жардам берсе болобу, же балдар иштебеш керекпи? Балдарда 2 ой пайда болот,биринчиси.ооба өспүрүм базарда иштеп акча тапса болот, же балдар иштебей, мектепке гана барыш керек. Мугалим окуучулардын пикирлерине жараша эки топко бөлүштүрөт. (7 мүнөт)

Окуучулар тема боюнча сабакка өздөрү  максаттарды /күтүлүүчү натыйжаларды коюшат.

Мисалы: ...   жөнүндө сүйлөшөбүз деген суроолорго жооп берген сөздөрдү кайталайбыз.  Маалымат сураганга, жооп бергенге  машыгабыз. Аңгемелешебиз.

Тема боюнча сөздөрдү жазганды үйрөнөбүз.

...  туура жүрүм-турумга үйрөнөбүз.

.

Сабактын башталышында ишмердүүлүктү так жана туура уюштуруу аркылуу сабактын эффективдүү болушуна өбөлгө түзөбүз. Окуучулар эмне жумуш аткарарын, эмне үчүн муну аткара турганын, ал аракеттери кандай критерийлер менен баалана турганын билишсе, окутуу процессин мугалим менен кошо көзөмөлгө алып турушат. ZOOM  платформасы аркылуу, өз ойлору боюнча эки топок бөлүп, өз адынча пикир алмашууга, өз ойлорун аргументтештирүүгө мүмкүнчүлүк берип, кайра классты бириктири же класста талкуулоого жол берем.

II. Сабактын негизги бөлүгү.  Жаңы материалды өздөштүрүү. А) Чынжырча менен сүйлөшкүлө.

Үй тапшырмасын интерактивдүү оюн аркылуу текшерем. 103-бет 8-көнүгүү (5 мүнөт)

Окуучулардын  лам кийинкиси мурункусунун айтканын кайталайт жана өзү кошот. Натыйжада, 18 окуучунун бир тобу сүйлөйт, бири-бирин кунт коюп угат, түшүнөт, туура  кайталайт. Мисалы: 1-окуучу:Кыргызстанда мектепте окубаган балдар көп ( Т).2-окуучу: Социаолдык жайларда жашаган балдардын 80 пайызы ата-энеси бар балдар (Т) 3-окуучу  Бул үй-бүлөлөрдө үй бүлөлүк баалуулуктар биринчи орунда эмес (Т)

Окуучулардан бул ыкма менен тапшырманы текшерүү убакытты үнөмдөөгө жана аралыктан да, мектепте да окуп жатканда кыйынчылык туудурбастыгы болуп саналат.

Б) Жаңы сөздөр менен иштөө

Жаңы сөздөрдү үйрөнөбүз. Алар менен таанышкыла. Презентацияда  котормосуз сөз үйрөтүү – семантизациянын ар кандай ыкмаларын колдоном. 

Лексика жана грамматикага үйрөтүү визуалдык материал менен коштолот.

Сөздүк:

араба,майда-чүйдө, өспүрүм, жеткинчек, кыйынчылык, барк, чыдамкай.

 (5 мүнөт)

Мугалим жаңы лексиканы презентация аркылуу  өткөрөт. Окуучулар презентация учурунда жаңы лексиканы өздөштүрүшөт: алар сөздөрдүн маанилерин  сүрөттөр аркылуу түшүнүп кабыл алышат, сөздөрдү туура окушат, кайталашат, хор менен да кайталашат, айрым учурда  сөз айкаштарда колдонуп, сүйлөм түзүп кебинде активдештирет.

Окуучунун тилдик компетенттүүлүгүн өстүрүү максатында сөздүк ишин ийгиликтүү өткөрүүдө жаңы сөздөрдүн мааниси ар түрдүү жолдор (семантизация) менен ачылат. Жаңы лексика окуучунун кебинде бекемделип калыш керек. Ошондуктан окуучуга ушул учурда жаңы сөздөрдүн ар бирин өз кебинде колдонулушу үчүн мындай иштер зарыл: сүрөттөр аркылуу түшүнүп кабыл алуу, сөздөрдү туура окуу, жекече кайталоо, хор менен да кайталоо, сөз айкаштарда же сүйлөмдө колдонуу, сабак учурунда кептик кырдаалдарда кептик үлгүлөр аркылуу да, эркин да колдонуу. Ар бир жаңы сөздү ушул айтылгандардын кайсынысы менен бериш керегин мугалим чыгармачылык менен чечет.

В) Машыктыруучу көнүгүү. Сөздөрдү темалар боюнча бөлүштүрүү. Жазуу иши

Балдарга текст таратылат, окуп чыгууга тапшырма берилет.Текст боюнча көнүгүүлөр иштетилет.

(10 мүнөт)

Окуучулар кичи топтордо сɵз жана сөз айкаштарды окуп чыгышат, өз окугандары боюнча өз ара сүйлөшүп, темалар боюнча бөлүштүрөт. Жазып аткарышат. Топтор өз тапшырмасын класска окуп беришет.

Жазууга үйрөтүү – ойду жазуу түрүндө өз алдынча баяндап берүү компетенциясын калыптандыруу. 

III. Өтүлгөн материалды бышыктоо.

III. 1. Топторго көйгөйлүү суроо берилет.

Жеткинчектердин базарда иштеп акча табууларынын жакшы жактарын жана жаман жактарын таап, киринди сөздөрдү кептеринде колдонуп жазыш керек.

Жазган презентациялары боюнча ар бир топтон 2 ден окуучу тактага чыгып сүйлөп бериш керек. Баалоого  критерийлер:

 Текстин айтып бергенине – 1 упайга чейин.

Толук айтса – 1 упай, толук эмес – 0.5 упай.

(10 мүнөт)

Окуучулар өз алдынча өздөрүнүн позициясын билдирип,кептеринде киринди сөздөрдү колдонуп,презентация жасоого аракеттенишет,ойлорун жазышат.талкууга катышышат.

  Туура гана сүйлөбөстөн, туура жаза билүүгө  да машыгышат.

IV. Сабактын жыйынтыгы. Рефлексия. Окуучулардын өзүн-өзү баалоосу.

– Эмнеге үйрөндүң?

– Эмнени билдиң?

– Эмне жакты / жаккан жок? Эмне үчүн?

– Сен үчүн эмнелер кызыктуу болду?  

(2 мүнөт)

  • Мен ...  үйрөндүм.
  • Мен ...  билдим.
  • Мага ... жакты. Себеби ... .
  • Мага ... жаккан жок. Себеби ... .
  • Мен үчүн ... кызыктуу болду.

Ар бир окуучу сабактын аягында  өзүн-өзү баалаганга  мүмкүнчүлүк алат. Экинчи тилде бул ишмердүүлүккө кептик үлгүлөр сунушталыш керек. Ушул кептик үлгүлөр тактада көрүнө жерде илинип турса, сабактан-сабакка ал үлгүлөрдү колдонуу менен окуучу сабактагы өз ишин баалоого, жыйынтыктаганга үйрөнөт.

Сабактын максаттары канчалык деңгээлде ишке ашкандыгын аныктоо.

 Соода –сатык,базар темасындагы сөздөрдү үйрөндүк.  Киринди сөздөрдү тилибизде колдоно алдык . Бири-бирибизге сылык мамиле кылдык. Критерийлер менен  бааладык. (2 мүнөт)

Максаттарды окуучулар сабактын башында мугалим менен кошо иштешсе,  эми жыйынтыкты да чыгара алышат. Мугалим алар үчүн өзү сүйлөй бербеш керек.

Сабактын аягында окуучулар менен максаттар канчалык деңгээлде  ишке ашканын аныктоо үчүн бир-эки  мүнөттүн ичинде кыска  гана  талкуу жүргүзүү керек.

Таянычтар тактага чыгарылат. Окуучулар өз ойлорун оңой айтууга, оюн оңой жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

V. Үйгө тапшырма берүү. (100-бет 8-9-көнүгүү ( 1 мүнөт)

Окуучулар тапшырма менен макул болуусу, туура түшүнүп, кантип аткаруу керектигин сурап  алышы шарт. Ошондуктан  берилген тапшырманы бир окуучу  класска кайра түшүндүрсө, башка  окуучу  тапшырманы кайталайт.

Аралыктан окушса, аткрылган тапшарманы “классрумга” жиберүү мүмкүнчүлүктөрү да болот.