Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ
  • Сипаттама
  • Тесттен өту

Чындыкты жалгандан кантип айырмалоо керек? Жашообуздагы медиасабаттуулуктун ролу кандай?

Автор: Далиев Элдор Бахтиёрович

Мақсаты

Ұзақтығы: 45 - мүнөт
2021-10-01

Адам жана коом предмети                                                                   6-класс

Мугалим: Далиев Элдор Бахтиёрович

Сабактын темасы: Чындыкты жалгандан кантип айырмалоо керек? Жашообуздагы медиасабаттуулуктун ролу кандай?

Сабактын максаты:

Окуучулар фактыларды айырмалай алуусу үчүн туура жана така тапшырма жана суроолорду берүү.

Интернеттеги маалыматтарды анализ кылып, фейк (жалган) жана туура экендигин аныктай алуусу үчүн маалымат берип, практикада көрсөтүү.

Телефон, компьютер, интернетти пайдалуу тартипте колдонууну мугалим, ата-эне катары көрсөтүү.

Сабактын тартиби:

суроо-жооп, анализ, практика, лекция, топто иштөө, видео маалымат.

Жаңы терминдер:

фейк, интернет, медиасабаттуулук,

Сабактын жүрүшү:

Окуучуларга 1-тапшырманы берүү:

Сүрөттү карап өз пикириңизди айтыңыз:

Бул чынбы же жалганбы? Эмне үчүн?

Сүрөттүн автору эмне үчүн мындай сүрөт даярдады?

Чын же жалган экендигин кантип билсек болот?

1-тапшырманын жообун көрсөтүу жана анализдөө:

Бул сүрөт фейк (жалган) сүрөт. Автор сүрөттү монтаж аркылуу даярдаган.

Бул гүрүч жана сковородка скульптура болуп эсептелет. Аталган скульптура Япониянын Токио шаарындагы дүкөндөрдүн биринде жайгашкан. Бул маалыматты чын жана жалган экендигин билишибиз үчүн алгач анализ кылып, интернет аркылуу туура булактардан издеп көрүшүбүз керек. Туура болгон маалыматты гана бөлүшүүгө болот урматтуу окуучулар.

Кандай натыйжа алсак болот? (Ар бир окуучу жоопторун айтышат, жазышат)

https://yablyk.com/635857-fake-news-photos-photoshop/

Интернет аркылуу биз көп жалган маалыматтарды көрөбүз Бул жалган маалыматтар ФЕЙК маалыматтар деп аталат. Фейк англис тилиндеги Fake сөзүнөн алынган болуп “жасалма” дегенди билдирет.

Окуучуларга 2-тапшырманы берүү:

Видеону көрүп, чын жана жалган маалыматты айырмалоону анализ кылыңыз. Ссылка аркылуу кирип ютуб платформасында көрүңүз.

https://www.youtube.com/watch?v=pI-kPkXmfXI

Бул видеодо 10 жалган (фейк) маалымат камтылган. Бул видеолор интернетке чыккан учурда көпчүлүк адамдар чын экен деп ишенишкен. Миллиондогон просмотрлор топтолгон. Журналситтер жана адистер изилдеп чыккандап кийин жалган экендиги аныкталган. Урматтуу окуучулар Кыргыз Республикасынын территориясында жалган маалыматтарды, видеолорду тараткан инсандар мыйзам чегинде жоопкерчилиике тартылат. Бул маалыматты эстеп калыңыз. Жалган маалыматтарды жана башка бирөөнү кемситкен видеолорду жарыялабаңыз.

Окуучуларга 3-тапшырманы берүү:

Бул сүрөткө карап анализ кылыңыз. Чын же жалган экендигин тактап бериңиз.

Кайсы мамлекетте жайгашкан болуусу мүмкүн?

Сиз бул сүрөттү мурун көргөнбүсүз?

3-тапшырманын жообун көрсөтүу жана анализдөө:

Бул сүрөт дагы фейк маалымат (жалган). Себептерин биргеликте аныктайбыз.

Эгерде бул мунара бар болгондо туристтер көп барышат эле жана дүйнөөгө таанымал болот эле. Бул сүрөт монтаж аркылуу даярдалган. Сүрөткө жакшы көңүл буруңуз:

 

Германиядагы байыркы мунара жана Таиланддагы чоң таш бириктирилип фото-монтаж жасалган. Алгач көпчүлүк инсандар ишенишкен. Азыр дагы адамдарга бул сүрөттү көрсөтсөңүз ишенишет. Сиз болсо анализ аркылуу жалган экендигин аныктай алдыңыз.

https://yablyk.com/635857-fake-news-photos-photoshop/

 

Сиздер менен биргеликте интернет деген терминди дагы бир жолу карап чыгабыз.

Интернет (англ. Internet, МФА: [ˈɪn.tə.net]) — Бүткүл дүйнөлүк телекоммуникация тармагы. Анын жардамы менен ар кандай форматтагы билдирүүлөрдү, маалыматты сактоону жана алмашууну ишке ашырса болот. Ошондой эле түрдүү кызыкчылыктар менен бириккен адамдардын виртуалдуу байланыш айдыңы. Бул максатты ишке ашыруу үчүн социалдык тармактар, тиркемелер, сайттар кызмат кылышат.Интернетти бүткүл дүйнөлүк желе деп атап коюшат интернеттен ар кандай маалыматтарды билип алса болот. Аталган маалымат Википедия аркылуу алынды.

https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%98%D0%BD%D1%82%D0%B5%D1%80%D0%BD%D0%B5%D1%82

Викпедиядагы маалыматтардар дагы пайдаланууда маалыматтарды маани берип текшерүу керек. Себеби википедияга ар бир инсан автор катары маалымат жайгаштыра алат.

Жалган маалыматтын кандай терс таасирлери бар? (Окуучулар өз пикирлерин жазышат, айтышат, мисал келтиришет)

Жакшы көңүл буруңуздар урматтуу окуучулар! Маалыматты текшерүүнү үйрөнөбүз.

Сиз интернеттен бир маалымат окуп калдыңыз. Маалымттын сүрөтү дагы бар.

  1. Бул маалыматты кайсы сайт, аккаунт, канал  жарыялады. Булагы барбы?
  2. Акыркы жолу бул сайт же болбосо аккаунт качан публикация жүктөгөн, жаңыланганына караңыз.
  3. Бир тараптуу маалымат берилип калганбы?
  4. Маалыматтын сүрөтү монтаж кылынганбы?
  5. Маалыматтын астындагы комментарийлер.
  6. Маалымат алуу үчүн почта, телефон номер жазылганбы? Мына ушул пункттар аркылуу текшерип, анализ кылууга болот.

 

Медиасабаттуулук – бул образдарды, добуштарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуу, анализдөө жана баалоо жөндөмдүүлүгү жана ошондой эле, медиа дүйнөдө жеке максатта компетенттүүлүк менен пикир алмаша билүү жөндөмү.

Медиасабаттуулук – медиатексттерди, маалыматтарды түшүнүп, талдай билүү, ошондой эле аладрды жарата билүү жөндөмү.

 

Окуучуларга 4-тапшырманы берүү:

Аюу велосипеддеги спортчуну кууп бара жатат. Бул сүрөттү топторго бөлүнүп анализ кылыңыздар.

Бул сүрөт чынбы же жалганбы?

Кандай аныктай алабыз?

Кантип интернет аркылуу издеп тапсак болот?

4-тапшырманын жообун көрсөтүу жана анализдөө:

Бул сүрөт дагы фото-монтаж. Интернет аркылуу изилдесек аюунун дага спортчунун дагы сүрөттөрү бар экен.

Окуучуларга 5-тапшырма: Жыйынтыктоо, баалоо, кайталоо

Партадагы шеригиңиз менен бүгүн эмнелерди үйрөндүңүз? Кандай жаңылыктар болду?

 

Чын жана жалганды айырмалоо бизге эмне үчүн керек?

Негизги пикириңизди жазыңыз

 

Үйгө тапшырма

 

Интернет аркылуу фото-монтаж болгон фейк маалыматтарды изилдеңиз. Кыргызстан эли кандай жалган маалыматтарга кобүрөөк ишенишет анализ кылыңыз. Өзүңүз үчүн кызыктуу болгон маалыматтарды изилдеңиз.