Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

Бишкек шаары. Гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу үчүн медиа уюмдарга тренинг

23-04-2021  -  24-04-2021

"ММК колдоо борбору" Фонду БУУ-Аялдар менен биргеликте "Спотлайт" демилгесинин алкагында атайын медиа уюмдардын өкүлдөрү үчүн 2 күндүк медиасабаттуулук аркылуу гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу боюнча семинар-тренинг өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КРӨ), Европа Бирлиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюму аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун (АККЗ) бардык түрлөрүнө жана зыяндуу тажрыйбаларга каршы күрөшүүгө багытталган "Спотлайт" аттуу демилгеси көп жылдык программасын ишке ашырууда. Демилге дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында АККЗны токтотуу үчүн жер бетиндеги трансформациялык өзгөрүүлөрдү колдоого багытталган. Демилге дүйнө жүзү боюнча эң жогорку деңгээлдеги милдеттенмеге ээ жана аны БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана Европа комиссиясынын вице-президенти тарабынан каралат

Кыргыз Республикасында «Спотлайт» демилгесинин максаты - бардык аялдар менен кыздардын, айрыкча аялуу катмардын зордук-зомбулуктан жана зыяндуу адаттардан, анын ичинде өспүрүмдөр арасындагы нике жана ала качуудан алыс болушун камсыз кылуу. Мында адамдарга билдирүүлөрдү таркаткан массалык маалымат каражаттары чоң ролду ойнойт. Коомдук пикир ММК сунуш кылган, жарыялаган жана чыгарган маалыматтардын негизинде курулат. Темаларды туура чагылдыруу, образдын курулушу жана өзүнө өзү гендердик баа берүү зыяндуу тажрыйбалар, стереотиптер жана зомбулук менен күрөшүүгө жардам берет.

"Медиасабаттуулук аркылуу гендердик өзүн-өзү баалоону окутуу» деп аталган эки күндүк семинар-тренинг 2021-жылдын 15-16-апрелинде Нарын шаарында, 16-17-апрелде Ош шаарында, 23-24-апрелде Бишкек шаарында уюштурулмакчы.

Эске сала кетсек, катышуучуларды аныктоону «ММК колдоо борбору» Фонду БУУ-Аялдар менен биргеликте конкурстук негизде жүргүзүп, Нарын, Чүй жана Ош облустары боюнча медиа-уюмдар катышуучу катары тандалып алынган. Тандалган медиа уюмдар 8 ай бою окутуудан өтүп, атайын долбоор алкагында жарыялануучу сынакка жолдомо ала алышат. 

Адрес мероприятия:

Бишкек, ОФ "Центр поддержки СМИ", ул.Анкара 1 Б

Программа события

Адрес:

Бишкек, ОФ "Центр поддержки СМИ", ул.Анкара 1 Б

9:00 - 9:30

Чүй

Таңкы чай/кофе

Таңкы чай/кофе

9:30 - 10:00

Чүй

Ачылышы

Таанышуу

10:00 - 12:30

Чүй

Айзада Калканбекова, Алмаз Исманов

Гендерге киришүү. Гендер деген эмне?

12:30 - 13:30

Чүй

Түшкү тамак

Түшкү тамак

13:30 - 13:40

Чүй

Энерджайзер

Энерджайзер көнүгүүлөрү

13:40 - 14:40

Чүй

Алмаз Исманов

Медиада гендердик теңдүүлүк. Аялдардын үнү

14:40 - 15:00

Чүй

Алмаз Исманов

Сексизм тууралуу түшүнүк

15:00 - 15:30

Чүй

Айзада Калканбекова

Практикалык иш. Макал-лакаптар колдонулган макалдарды табуу

15:30 - 15:50

Чүй

Алмаз Исманов, Айзада Калканбекова

Стереотип деген эмне?

15:50 - 16:30

Чүй

Командада иштөө

Белгилүү стереотиптерди жазуу

16:30 - 17:00

Чүй

Айзада Калканбекова, Алмаз Исманов

Жыйынтыктоо