Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

Мектеп жаңылыгын чагылдыруу

03-05-2021  -  03-05-2021

Соңку кездери мектеп жаңылыктары социалдык желелерде мугалимдер менен окуучулар тарабынан да байма-бай чагылдырылып жатканын байкоого болот. Бул да болсо жаңы медианын ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана билүү дегендик эмеспи.

«3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө» карата «Санарип Time» аттуу вебинарлар сериябыз кайрадан түз эфирге чыгат. Бул жолу Ош шаарындагы № 52 лицейдин мугалими Илгиз Шамырзаев мектептик медиа бурчту уюштуруудагы тажрыйбалары менен бөлүшсө, № 50 П. Нышанов мектеп-гимназиясынын окуучусу Айдай Алтынбек кызы мектеп жаңылыктарын чагылдыруудагы иштерин айтып берет. 

Андыктан, баарыңыздарды 3-май күнү 19:00 дө башталуучу түз эфирибизге төмөнкү шилтеме аркылуу катышып, анда айтылган кеп-кеңештерди угуу менен суроо узатууга чакырып кетебиз:

#MediaSabak

#Sanarip_Time

https://youtu.be/lniy2yvj2O8