Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

Жаштардын кастык тилине жана жалган маалыматтарга каршы туруктуулугун көтөрүү максатында QLEVER оюн платформасын ишке киргизди

13-08-2020

Биз QLEVER платформасын ишке киргиздик, анда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жаштардын аярлуу катмарынын медиасабаттуулугун бекемдөөгө багытталган билим берүүчү жана интерактивдүү оюндар сунушталат. Платформаны компьютерлерге көчүрүп алуугажанаAndroid уюлдук телефондоруна жүктөп алууга болот. QLEVER кастык тилине, дезинформапция жана фейктерге каршы туруктуу болууга жана ошондой эле Борбор Азия жаштарынын, Кыргызстанда, Казахстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда сынчыл ой жүгүртүү жана медиасабаттулук жөндөмдөрүн бекемдөөгө багытталган.Оюндардын мазмуну жогоруда аталган төрт өлкөнүн медиа  мейкиндигинде жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжаларына негизделди. Оюндарды ойноо менен,  жаштар упай топтоп жана аларды уюлдук бирдиктерге же сыйлыктарга алмаштыра алышат.

QLEVER пластформасы Европа Биримдигинин каржылоосу астында ишке ашырылган “Борбор Азияда жаштардын сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү үчүн медиа-маалыматтык сабаттуулук” аттуу (BRYCA долбоору)долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Платформа коммерциялык эмес уюмдардын тобу тарабынан түзүлдү: IREX Europe (Франция), MediaNet Эл аралык журналистика борбору (Казакстан), “ММК колдоо борбору” комдук фонду(Кыргызстан), “Гурдофарид”коомдук уюму (Тажикстан), Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору(Өзбекстан).

Биздин оюн экспериментибиздин максаты  - Борбор Азия жаштарынын жеке туруктуулугу жана коопсуздуктары үчүн жалган маалыматтарды жана кастык тилин аныктай билүү жөндөмдөрүн жана методдорун бекемдөөгө жардам берүү.Аталган региондо медиасабаттуулуктун деңгээли жогору эмес. Көп учурда коомчулук медианын демократиялык коомдогу ролу жана жоопкерчилиги туурасында терең билимдери жок. Дүйнө жаштары сыяктуу эле, Борбор Азияда да онлайн ресурстардагы жана социалдык тармактардагы маалыматтарга ишенишет. Муну менен бирге салттуу медиа ресурстар интернеттеги кастык тили менен дезинформацияга альтернатива боло албай келет. Натыйжада коом манипуляциянын чеңгээлинде калган.

Жаштарды билим берүүчү иш чараларга тартуу баарынан кыйын, айрыкча алыскы элет жерлериндеги жана шаарлардагы аз камсыз болгон аярлуу катмарды тартуу өтө татаал. Көп учурда мындай катмардагы жаштар салттуу билим берүүчү программаларга киргенди билишпейт же каалашпайт, адатта алар менен онлайн иштегенге көңүлдөрү жок.

QLEVER оюн платформасы бул маселени инновациялык жана интерактивдүү оюндардын жардамы менен чечүүнү сунуштайт жана жаштарды ар кандай сыйлыктар аркылуу шыктандырууну көздөйт - уюлдук бирдиктерден тартып смартфондорго чейин сыйлыктар аркылуу. Ошентип, биздин максат аярлуу катмардагы миңдеген жаштарга кол сунуп, алардын вйрыкча социалдык тармактардагы кастык тилине, пропагандага жана жалган маалыматтарга каршы туруктуулугун көтөрүү болуп саналат.

QLEVER платформасын уюлдук телефондорго Google Play Market аркылуу акысыз көчүрүп алууга болотhttps://play.google.com/store/apps/details?id=com.irokez.qlever жана онлайн версиясы бул шилтеме боюнча жеткиликтүү [https://qlever.asia/ru/region].

 

Байланыш:

Урмат Каныбеков, QLEVER оюн платформасынын координатору

ММК колдоо борбору

Email: urmаt.msc@gmail.com

Телефон: +(996) 700 08-20-09

 

Бул долбоор Европа Биримдигинин финансылык колдоосу астында өкмөттүк эмес уюмдардын тобу тарабынан ишке ашырылууда: IREX Europe (Франция), ММК колдоо борбору (Кыргызстан), MediaNet эл аралык журналистика борбору (Казахстан), Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору (Өзбекстан), жана “Гурдофарид” коомдук уюму (Тажикстан).

Долбоорсынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүп жана жаштардын интернеттеги дезинформация менен мисинформацияга, ошондой эле онлайн кастык тилине каршы туруктуулугун бекемдөөгө багытталган. Бул максат адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жана илгерилетүү үчүн жарандык коомду колдоо боюнча глобалдык максаттын бир бөлүгү болуп саналат.