Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

Ош шаарында мыкты медиа бурчтардын форуму өтөт

18-09-2020

Ош шаарында 5-ноябрь күнү жыл сайын өтүүчү мыкты медиа бурчтардын форуму уюштурулат. Форумдун негизги максаты - ММСти жайылтууга, сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана мектеп окуучуларынын сабаттуу маалымат керектөөсүнө көмөктөшкөн мыкты демилгечи медиа бурчтарды колдоо.

Форум Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги, Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда, “ММК Колдоо Борбору” Фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Билим берүү Академиясы менен билим берүү тутуму аркылуу калктын медиа-маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча түзүлгөн меморандумдун алкагында уюштурулат.

Форумга 100дөн ашуун катышуучулар: мектеп мугалимдери, мектеп окуучулары, билим берүү жаатындагы адистер жана ЖМК, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

Форумдун алкагында заманбап медиа-каналдарды жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен заманбап тенденцияларды жана медиа-контентти жайылтуу тенденцияларын сунуштоо менен мастер-класстар уюштурулат.

Эске салсак, мектептер арасындагы "Мыкты медиа бурч" сынагы 2020-жылдын 20-сентябрында башталат. Сынакка Фонддун окуу сессияларына катышкандыгына карабастан бардык мектептер катыша алат. Учурдагы сынактын айырмачылыктарынын бири - медиа бурчтардын темалары медиа жана маалыматтык сабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү менен гана эмес, дүйнө жүзүнө чоң таасирин тийгизген COVID-19 пандемиясы менен байланыштуу болот.

Форумдун орду жана формасы коронавирус пандемиясынын кырдаалына жараша алдын-ала жарыяланат.