Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

Мугалимдер үчүн уюштурулган интенсивдүү онлайн курсу аяктады

01-10-2020

Интенсивдүү онлайн курстун негизги максаты - мугалимдерди жаңы чакырыктарга даярдоо, өз предметинин алкагында медиа-маалыматтык сабаттуулукту окутуу жаатында кесиптик билимин кеңейтүү, ошондой эле салттуу эмес окутуу форматында педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу.

23-30-сентябрда мектеп мугалимдери үчүн медиа-маалыматтык сабаттуулук жана аралыктан окутуу боюнча интенсивдүү онлайн курсу өттү. Үч күндүк вебинарларга республиканын бардык аймактарынан, буга чейин сынактын негизинде тандалып алынган 60 мугалим катышты.

Онлайн курстун жүрүшүндө окутуучуларга дистанттык окутуу процессин уюштуруу үчүн жөнөкөй жана жеткиликтүү шаймандар сунушталды. Тренерлер ошондой эле маалыматты текшерүү же фотосүрөттөрдү тастыктоо үчүн колдонула турган ресурстар жөнүндө айтып беришти. Вебинардын катышуучуларын Google Диск менен иштөө жана фактыларды текшерүү боюнча практикалык сессиялар кызыктырды. Мындан тышкары, мугалимдер видеосабактарды иштеп чыгуу боюнча жана эң негизгиси студенттерди мотивациялоо жана билим берүү процессине тартуу боюнча кеңештерди алышты.

Үч күндүк онлайн курстун аягында мугалимдер кесиптештери үчүн вебинарларды уюштурушат жана курстун жүрүшүндө алган билимдери менен бөлүшүшөт. Мындан тышкары, мугалимдер эксперттердин жетекчилиги астында өз предмети боюнча видеосабаткарты иштеп чыгышат.

Интенсивдүү онлайн курс «ММК колдоо» Фонду тарабынан “МедиаСабак: жаңы шартта билим алуу долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте, «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун колдоосу менен өткөрүлдү.