Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

Ошто медиасабаттуулук боюнча алдыңкы иш-чаралар жайылтылды

15-11-2021

Ушул айдын башында Ош шаарындагы медиа жана маалыматтык сабаттуулук жаатында иш алып барган алдыңкы мугалимдердин жана мектептердин медиа бурчтарынын алдыңкы иш тажрыйбаларын жайылтуу иш-чарасы болду. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучусу, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Руслан Закиров билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорудагы иш-чарага Ош облусунун Ноокат районундагы мектептердин медиа боюнча жооптуу мугалимдери, Ош билим берүү институтунан өкүлдөр, ошондой эле облустун райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн бул багыт боюнча бирден жооптуу кызматкерлери катышкан.

«Биз облустан келген кесиптештерге медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча 2018-жылдан бери аткарып келе жаткан иштерибизди көрсөттүк. Мындан тышкары шаарыбыздагы медиа бурчу мыкты иштеп жаткан № 4, № 8, № 16, № 18 жана № 52 мектептерибиздин алдыңкы иш-тажрыйбаларын бөлүштүк» - дейт Р. Закиров.