Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

Чүй облусунун журналисттеринин арасында эмдөөдөн өткөн жарандардын пайызын жогорулатуу максатында медиа-контенттерди иштеп чыгуу боюнча сынак

12-07-2022

«ММКны колдоо борбору» Фонду «COVID-19га каршы жеткиликтүү жана эффективдүү эмдөө программаларын камсыздоого көмөктөшүү» долбоорунун алкагында Чүй облусунун журналисттеринин арасында COVID-19га каршы вакцинаны ишке ашыруу процессине коомчулукту тартуу үчүн медиа контентти иштеп чыгуу боюнча сынак жарыялайт.

Сынактын максаты - COVID-19 айланасындагы кырдаал жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана маалымдоо аркылуу аң-сезимдүү эмдөөдөн өткөн жарандардын пайызын көтөрүү.

Долбоор Саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугун бекемдөө боюнча USAID программасынын алкагында «Кыргызстандын Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы» бейөкмөт уюму менен биргеликте ишке ашырылууда.

 

Долбоор эмдөө жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жана коркунучтуу коммуникация жана коомчулуктун катышуусу менен COVID-19га каршы эмдөөнүн камтылышын жогорулатууга багытталган. Долбоордун алкагында, Чүй облусунун үч районунун (Сокулук, Ысык-Ата жана Москва) калкынын 10%га COVID-19га каршы, эмдөө менен камтууну жогорулатуу милдети коюлган.

Материалдык талаптар:

  • COVID-19 вакцинасын ишке ашыруу процессине коомчулукту тартуу боюнча маалыматтык материалдар;
  • Материалдар эмдөөнүн негизги себептерин ачып берүүсү керек жана калк арасында вакцинага болгон ишенимди жогорулатуу максатында иштелип чыгышы керек;
  • Материалдар COVID-19нын алдын алуу боюнча билимди жогорулатууга, эмдөө жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жана эмдөөгө суроо-талапты жогорулатууга жардам берүүсү керек.

Сынакка катышуу үчүн 2022-жылдын 1-июлунан 10-августка чейин орус жана кыргыз тилдеринде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган же эфирге чыккан материалдар кабыл алынат.

 

Конкурстун катышуучусу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

  • Өзү жөнүндө маалымат (аты-жөнү, иштеген жери, байланыш маалыматтары);
  • ММКда жарыяланган материалдарга шилтемелер;
  • YouTube каналдарында же башка ресурстарда жарыяланган теле материалдарга шилтемелер жана материал тууралуу кыскача маалымат (автору, эфирге чыккан күнү, ММКнын аталышы);
  • гезиттик басылмалардын сканерленген версиялары, ошондой эле социалдык тармактардагы же башка ресурстардагы бул материалдарга шилтемелер жана материал жөнүндө кыскача маалымат (автору, жарыяланган датасы, ММКнын аталышы).

Сынакка катышуу үчүн керектүү маалыматты mediasabakkg@gmail.com электрондук дарегине  «“Эмдөөдөн өтүү - бул узак жашоо! Сынак» деген белги менен жөнөтүү керек.

Сынактык комиссия Сынакты өткөрүү жөнүндө жобону, долбоордун талаптарын жетекчиликке алуу менен өз алдынча чечим кабыл алууга жана конкурстук талаптарга жооп бербеген өтүнмөлөрдү четке кагуу укугун өзүнө калтырат.

 

Сынактын жыйынтыгы менен баалуу сыйлыктарга ээ болгон 3 жеңүүчү аныкталат.

Иштелип чыккан материалдырды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 10-августка, саат 17.00гө чейин.