Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

ГҮЛБАРА ИШЕНАПЫСОВА: “АВГУСТТА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ВАКЦИНАЛАРДЫН КОРУ ТОЛУКТАЛАТ”

02-08-2022

Үстүбүздөгү жылдын 8-чи айында Кыргызстанга Pfizer-BioNTech вакцинасы келээри күтүлүүдө. Бул боюнча Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, Pfizer-BioNTech вакцинанын мРНК түрүнө кирет. Анын молекулалары организмде ооруга каршы антителолорду жигердүү иштеп чыгууга үйрөтөт. Эмдөөнүн бүгүнкү жана эртеңки күнү жөнүндө башкы иммунолог менен төмөнкүчө маектештик.

 

Кабарчы: Саламатсызбы Гүлбара Сатыгуловна. Азыркы учурда Кыргызстанда коронавирус инфекциясына каршы вакциналардын кайсы түрү калды? Буга чейин канча доза вакцина алынды жана анын канча бөлүгү иштетилди?

 

Гүлбара Ишенапысова: Саламатсыздарбы. Бүгүнкү күндө калктын 1,5 миллиондон ашууну вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди. Экинчи дозаны алгандардын саны дагы ошончого дээрлик жетип калды. Тагыраак айтсак 1 млн 300 миңден көп жаран эмдөөнүн толук курсунан өтүштү. Үчүнчү доза менен 250 миңге жакын жаран эмделди. Албетте бул жай мезгилиндеги эпидемиологиялык кырдаалдын туруксуздугуна алып келүүдө. Адамдын организминде иштелип чыккан COVID-19га каршы антителолор төмөндөп кетээри белгилүү. Мындан улам вакцинанын үчүнчү дозасын алуу маанилүү.

 

Кабарчы: Ким биринчи кезекте вакцина алышы керек?

 

Гүлбара Ишенапысова: COVID-19га каршы чыгарылган вакциналар Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюму тарабынан өзгөчө кырдаалдарда колдонулган каражаттардын тизмесине киргизилген. Эмдөө - курагы 18 жаштан өткөндөргө жана аутоимуннук оорулары барлар үчүн коопсуз. Мындай илдеттердин катарына: гипертония, кант диабети, астма, дем алуу, бөйрөк, боор органдарынын оорулары, ошондой эле такай көзөмөлдө керек болгон өнөкөт оорулар кирет. 

 

Эгер сиз кош бойлуу болсоңуз же бала эмизсеңиз, өзүңүздүн жана балаңыздын коопсуздугун камсыздоо үчүн эмдөөдөн өтүү маанилүү. Вакциналар колдонууга киргизилгенден бери дүйнө жүзүндө жүздөгөн кош бойлуу жана бала эмизген энелер эмдөөдөн өтүштү. Алардын биринде да вакцинанын терс таасирген учурлары байкалган жок. Белгилей кетсем этек киринин келиши да вакцина албай коюууга себеп эмес.

 

Кабарчы: Азыркы учурда Кыргызстанда вакциналардын саналуу гана түрү калганы маалым. Жарандарга тандоо мүмкүнчүлүгү качан берилет?

 

Гүлбара Ишенапысова: Жакынкы күндөрү жарандар өзү каалаган вакциналардын түрү менен эмделүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бирок учурда колдонуудагы вакциналар дагы ооруга каршы эффективдүүлүгүн көрсөттү. Мындан улам эмдөөдөн өтө элек жарандарыбыз оору жуктуруп, кийин кеч болуп калгыча күттүрбөстөн вакцина алгандары жакшы. Иш жүзүндө эмдөөдөн өткөн жарандар оорубай турганын, эгер дарт жугуп калса аны жеңил көтөрөрүн байкадык. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму күз-кыш мезгилинде COVID-19 оорусу баш көтөрөрүн божомолдоп жатат. Ага байланыштуу жарандар такталбаган, фейк маалыматтарга ишенип, өмүрүн коркунучка салбашы керек. Коронавирустун бир нече штаммдары чыкты. Алдыда оору омикрон менен элек токтоп калаары шексиз.

 

Республикалык иммунопрофилактика борбору күз мезгилине чейин вакциналардын башка түрлөрүн өлкөгө алып келебиз. Бизге Ковакс жана Гави сыяктуу вакциналык альянстар олуттуу колдоо көрсөтүп жатышат. Мындан сырткары Дүйнөлүк банк сыяктуу донорлор жардам беришет. Ошентсе да вакцина алууга бюджеттен миллиондогон сом акча сарпталууда. Калкты оорудан сактоого Өкмөттүн кошкон салымы чоң. Биз аны унутпай, эмдөөдөн өтүшүбүз керек.

 

Кабарчы: Биздеги вакциналарды ташуу жана сактоо шарттары алардын сапатынын бузулбашына мүмкүнчүлүк береби?

 

Гүлбара Ишенапысова: Учурда вакциналарды ташуу жана сактоо үчүн түзүлгөн шарттар абдан жакшы деп так-кесе айта алам. Эгер мурда вакциналар 2 авторефрижератордун жардамында ташылып келген болсо, азыркы учурда 8 жаңы авторефрижератор вакциналарды керектүү температурада өлкөнүн булуң бурчтарына жеткирүүдө. Муздатуучу түйүндөрүбүздүн бардыгы жаңыланган. Ар бир вакцинанын сакталуу температурасы бар. Мисалы, Кытайдын Вероселл вакцинасы +2 +8 градуста сакталат, ал эми спутник же файзер вакциналарын минустук шартта сактоо зарыл. Биздин муздатуучу жабдууларыбыздын бардыгы эл аралык талаптарга жооп берет.

 

Кабарчы: Элдин саламаттыгы үчүн кам көрүлүп жатканына карабай эмдөөдөн өтпөй жүргөн жарандарга сиздин каалоо-тилектериңиз.

 

Гүлбара Ишенапысова: Вакциналар жай жерден учуп келип, Кыргызстанга түшүрүлгөн жери жок. Мында комплекстүү, татаал иш-чаралар жасалууда. Оор болгонуна карабай КР Саламаттык сактоо министрлиги элге вакцина тандоо мүмкүнчүлүгүн түзө алды. Эмдөө кызуу жүрүп жатканда вакцина албай жүргөн айрым жарандар эми социалдык тармактар аркылуу модерна же астра-зенека вакциналары калбай калыптыр деп нааразы болуп жатышат. Биз эки жылдан бери элди эмдөөгө чакырып жүргөнүбүздө алар кайда жүргөнү кызык.

 

Албетте мындай адамдардын деңгээлине түшпөшүбүз керек. Ар бир адамдын саламаттыгы өз колунда. Вакциналардын пайдалуу экенин тарых далилдеди. Бизде дифтерия, полиомиелит, суу чечек сыяктуу кооптуу оорулар жок. Анткени балдарды пландуу эмдөө ийгиликтүү аткарылууда. COVID-19 оорусун да коллективдүү иммунитеттин жардамында жеңсек болот. Анткени эмдөө – бул коопсуз жашоо.