Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

ӨЗБЕКСТАНДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮЛДҮ

01-09-2022

ӨЗБЕКСТАНДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮЛДҮ

Өзбекстандын Андижан облусунун Коргон-Төбө районунда жайгашкан № 30 адистештирилген мектебинин базасында аталган облустун кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн атайын семинар уюштурулуп, анда Кыргызстандагы медиасабаттуулукту жайылтуу иш-аракеттери боюнча да тажрыйба бөлүшүлдү. 

Алгач, аталган иш-чарага чакырылган биздин “МедиаСабак” фондунун Түштүк Кыргызстан боюнча координатору, тренер Тынчтыкбек Досмуратов семинардын катышуучуларына медиасабаттуулуктун актуалдуулугу тууралуу презентация жасап, артынан бул көндүмдү жайылтуудагы Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгына токтолду. Соңунда иш-чарага активдүү катышкан мугалимдерге, ошондой эле № 30 мектептин китепканасына медиасабаттуулук боюнча колдонмо китептерди тапшырды.

Эске сала кетсек, медиасабаттуулукту жайылтууда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан түрдүү долбоорлордун алкагында кызматташып келет.