Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

ММС компоненттери камтылган мыкты сабак сынагы жарыяланды!

13-09-2022

«ММК колдоо борбору» КФ/ «MediaNet эл аралык журналистика борбору» КФ/ «Гурдофарид» КБ / «Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору» КБ Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жогорку окуу жайларынын жана мектептеринин окутуучуларынын арасында медиа жана маалыматтык сабаттуулук (ММС) боюнча компоненттер камтылган мыкты сабактын планына сынак жарыялайт.

 

Сынак BRYCA долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө – Европа Биримдигинин колдоосу астындагы «Борбор Азия жаштарынын Интернет жана социалдык тармактардагы мыйзамсыз кастык тили жана дезинформациянын таасирине туруктуулугун калыптандыруу» долбоору.

 

Башкы белек - НОУТБУК жана жеңишин тастыктаган диплом!

 

Сынактын максаты:

  • Билим берүү тармагында ММС билимдерин илгерилетүү боюнча жаңы окутуу ыкмаларын табуу;
  • Мугалимдердин аймактардагы жаштардын сынчыл ойломун, санариптик жана медиа сабаттуулугунун деңгээлин көтөрүүгө багытталган ММС компоненттери камтылган сабактарды иштеп чыгуу тажрыйбасын өркүндөтүү;
  • Чыгармачылык дараметин жана шыктануусун арттыруу;
  • Тажрыйба алмашуу.

 

ММС компоненттери камтылган сабак – бул мектеп предметтеринин бири боюнча мугалимдин чыгармачыл сабагы, анда ММС элементтери киргизилет жана сынчыл ойломду, медиа, маалыматтык жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрө турган ресурстар колдонулат.

 

Сынакка Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жогорку окуу жайларынын жана мектептеринин бардык мугалимдери катыша алат.

 

Сынакка сунушталган эмгектерге карата талаптар:

 

  • Сынактык эмгектер орус же кыргыз / казак / өзбек / тажик тилдеринде болушу керек.
  • Сабактын планы тексттик документ түрүндө (.doc) же презентация форматында (.ppt, .pptx) болушу керек, анда сабактын максаты, милдети, максаттуу тобу (жаш курагы/классы/курсу/окутуу тили/ факультет, адистиги ж.б.), кандай билимдерге, көндүмдөргө ээ болушаары, сабактын этаптары, күтүлгөн натыйжалар, рефлексия, ыкмалар, каражаттар, мугалим менен окуучулардын өз ара аракеттенүүлөрү, пайдаланылган адабияттардын сүрөттөмөсү камтылат;
  • Сабактын бардык компоненттеринин өз ара логикалык байланышы болушу зарыл жана алар сабактын темасына жана милдеттерине, максатына шайкеш келиши керек;
  • Тандалып алынган предмет боюнча сабактын планында окучуулардын сынчыл ойлом, медиа, маалыматтык жана санариптик сабаттуулук көндүмдөрүн өнүктүрө турган кеминде 3 компонент камтылышы керек;
  • Сабактын планы силердин окуу жайыңардын алкагында ишке ашырганга мүмкүндүү болушу керек;
  • Теориялык бөлүгү менен бирге эле сабактын планында теманы бышыктай турган натыйжалуу практикалык көнүгүүлөр (татаалдык деңгээлине жараша, жекече, түгөйлөр менен же топ болуп иштөө), ошондой эле тапшырмаларды аткаруу жана кейстерди талдоо болушу керек;
  • Чыгармачыл мамиле, новатордук идеялар жана заманбап медиа коммуникациялык каражаттардын (гаджеттер, девайстар: компьютер, ноутбук, смартфон, интерактивдүү доска, тиркемелер ж.б.) колдонулушу кубатталат;
  • Жаңы материалды жакшы өздөштүрүү максатында өз алдынча иштөө үчүн изилдөөчүлүк же практикалык иштерди даярдоо (үй тапшырма) сабактын планына киргизилиши мүмкүн;
  • Сынактык эмгектер уникалдуу болушу керек (жюри плагиат боюнча текшерүү жүргүзөт), темага байланыштуу ар кандай материалдарды колдонууга болот, негизги шарт – алардын булагын жана пайдаланылган адабияттарын көрсөтүү керек.

 

Сынакка катышунун мөөнөттөрү жана тартиптери:

 

I этап: Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жогорку окуу жайларынын жана мектептеринин (ушул учурдагы) мугалимдеринин эмгектерин кабыл алуу 12-сентябрдан 12-октябрга чейин Бишкек / Нур-Султан / Ташкент / Душанбе убактысы боюнча 23.59га чейин кабыл алынат.

 

Эмгектер төмөнкү электрондук дарек боюнча кабыл алынат:

 

Кыргызстанда – mediasabakkg@gmail.com 

Казахстанда – alyona@medianet.kz

Өзбекстанда – cdmjuz@gmail.com

Тажикстанда – rahbarmajidova2@gmail.com

 

II этап – Сынактык эмгектерди баалоо, жеңүүчүлөрдү аныктоо 2022-жылдын 13-октябрынан 23-октябрына чейин жүргүзүлөт.

 

III этап – Жеңүүчүлөрдү жарыялоо, жеңүүчүлөрдүн сынактык эмгектеринин презентациясы, белектерди тапшыруу.

 

Жеңүүчүнүн сабагынын планынын презентациясы жана салтанаттуу кутуктоо аземи 2022-жылдын 3-4-ноябрында Бишкекте өтүүчү CAMILCon 2022 - Медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча Борбор Азиялык III конференцияда жүргүзүлөт. Бардык чыгымдар сынактын уюштуруучулары тарабынан каржыланат.

 

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ММС боюнча тажрыйбалуу мугалимдер жана Финляндия, Франция, Германия, Австрия, Монголия, Россия жана Украинадан чакырылган эксперттерден турган 150дөн ашуун катышуучу чакырылган.

 

МААНИЛҮҮ!

 

Жеңүүчүлөрдү тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт. Бардык иштелип чыккан сабактарды Борбор Азия региондорунан тандалып алынган билгир адамдардан турган атайын комиссия тыкат карап чыгат. Сабакка карата жогоруда аталып өткөн ар бир талаптын сакталганы каралат. «ММК колдоо борбору» КФ/ «MediaNet эл аралык журналистика борбору» КФ/ «Гурдофарид» КБ / «Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору» жеңүүчүлөрдү тандоо боюнча чечим кабыл алуу укугун өзүнө калтырат.

 

Бардык кызыктырган суроолор боюнча төмөнкү почталарга жазгыла:

 

Кыргызстанда – mediasabakkg@gmail.com 

Казахстанда – alyona@medianet.kz

Өзбекстанда – cdmjuz@gmail.com

Тажикстанда – rahbarmajidova2@gmail.com

 

Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланат жана  ERIM (Франция), ММК колдоо борбору (Кыргызстан), MediaNet эл аралык журналистика борбору (Казакстан), Заманбап журналистиканы өнүктүрүү борбору (Өзбекстан) жана «Гурдофарид» коомдук уюму (Тажикстан) тарабынан ишке ашырылууда. Долбоор сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана жалпы дүйнөдөгү адам укуктары жана эркиндигин коргоо жана илгерилетүү жаатында жарандык коомду колдоо боюнча глобалдык демилгенин алкагында, Борбор Азия жаштарынын Интернеттеги дезинформацияга жана мисинформацияга, ошондой эле онлайн «кастык тилине» каршы туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.