Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ

Оштогу Кереге Кеңеште медиасабаттуулук маселеси каралды

22-11-2022

Ошто “Мамлекеттик тилди окутуунун методологиясы жана технологиясын өркүндөтүү” аттуу кереге кеңеш болуп, ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун жана Ош шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде, жогорку окуу жайларда эмгектенген кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу аталган иш-чарага катышкан биздин “Медиасабак” фондунун түштүк координатору Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

 

Ал “Медиасабаттуулук – кыргыз тилин окутуудагы негизги талап жана натыйжа” деген аталышта баяндама жасап, бул жааттагы фонддун аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди. Аны улай Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында (5-, 7-, 42-пункттарында) да медиасабаттуулукка өзгөчө көңүл бурулгандыгына токтолуп кетти.

 

Иш-чаранын соңунда Т. Досмуратовдун медиасабаттуулукту кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин арасында жайылтуу боюнча айткан сунуштары резолюцияга кошулуп, көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынды.