Кыргыз адабияты 11-класс
Автор: Кеңеш кызы АйпериЦель
Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаардык Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин жана Көркөм сүрөт-эстетика мектеп-интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Кеңеш кызы Айпери
Сабактын планы:
Сабактын темасы: Шайлообек Дүйшеев “Кайдыгерлик” чыгармасы бүгүнкү күндө канчалык актуалдуу?
Сабактын максаты:
а) билимберүүчүлүк: мурдагы сабакта Ш.Дүйшеев жана анын “Кайдыгерлик” чыгармасы боюнча алган билимдерин бышыкташат;
б) өнүктүрүүчүлүк: сөз байлыгы көбөйөт. Ой жүгүртүүсү өсөт. Эркин сүйлөөгө көнүгөт.
В)тарбия берүүчүлүк: коомубузда болуп жаткан ар кандай көрүнүшкө кайдыгер болбоого, кимдир бирөөгө, табиятка текебер мамиле жасабоого тарбияланат.
Сабактын формасы: сабак-дискуссия (бышыктоо сабагы)
Сабактын тиби: чың билим берүү.
Сабактын принциби: илимийлүүлүк, түшүнүктүүлүк, жеткиликтүүлүк, өз алдынчалуулук.
Сабактын усулу: мугалимдин сөзү, топтор менен иштөө, өз алдынча иштөө.
Сабактын предмет аралык байланышы: география, сүрөт, кыргыз тили, тарых, табият таануу.
Сабакта колдонулуучу каражаттар: акылдуу доска, проектор, ноутбук. Баалоо быйтыкчалары (смайликтер), телефондор, окуу куралдары
Сабактын журүшү:
А) уюштуруу (Саламдашуу, класстын санитардык-гигиеналык абалына көз салуу, окуучуларды жоктоо, окуучуларды адабият жаатында болуп жаткан акыркы жаңылыктар менен тааныштыруу)
Б) үй тапшыпмасын суроо:
-Балдар, азыр баарыбыз телефондорубузду колубузга кармап, атайын кыргыз адабияты сабагыбыз учүн түзүлгөн “ватсап” тиркемесиндеги группабызга киребиз. Кимдин телефону интернетке уланган эмес болсо, “вай-фай” аркылуу улап алсаңар болот.
Ал жерге силерге docs.google.com программасынын жардамында өткөн сабакта өткөн акын Шайлообек Дүйшеев өмүрү жана чыгармачылык жолу менен “Кайдыгерлик” чыгармасынын негизинде тест түзүп келгенмин онлайн түрүндө ошол суроолорго жооп берсеңер болот. Силердин берген жообуңар мына бул чоң экрандан көрүнөт. Алган бааллыңарга жараша үй тапшырмаңарга бааларды коебуз.
-мына балдар, силер өткөн сабакта Ш.Дүйшеевдин “Кайдыгерлик” деген ырынын мазмуну менен таанышкансыңар. А бүгүн ошол ырдын мазмунун талкулоого, талдоого, ошол ырга карата өз оюңарды айтууга кенен мүмкүнчүлук болуп турат.
Келгиле, сабагыбыз кызыктуу, талкууларыбыз жандуу болуу үчүн үч топко бөлүнүп алсак: “Телефон”, “планшет”, “ноутбук” ушул гатджеттердин ичинен өзүңөр жактырган бирөөсүн тандагыла. Эми телефонду тандагандар өзүнчө. Ноутбукту тандагандар башка тарапка, планшетти сүйгөндөр бир тарапка жайгашып алгыла.
Мына балдар биздин класста биз каалаган 3 топ пайда болду. Эми силерге биринчи тапшырма чыгармадагы айрым саптарды эпизод кылып ролдоштуруп аткарып бергиле:
1-топ үчүн:
... жерди ойлобой,
Итибиз үрүп турса,
Ишибиз жүрүп турат деп ойлодук.
Элди ойлобой,
Эбин таап ичип-жемей адат болду.
Эс тарткан уланыңдын,
Эс-дарты арак болду.
2-топ үчүн
Көздөн жаш,
Көкүрөктөн арман чыгат,
Айткылачы?
Кол сунсаң арылаган,
Туура эмес даарылаган,
эң жөнөкөй ооруга да дарт белгисин кое албаган,
Эң жөнөкөй ооруну да жое албаган,
Жыландай чала өлтүргөн,
Наристе бала олтүргөн
Врачтар кайдан чыгат?
3-топ үчүн
Кочкорду Кочкор дебей,
Кочкорка деп койго айланттык,
Токмокту “Такмак” дедик.
Акылсызды акылман деп,
Акылдууну акмак дедик.
Кыргызды кыргыз дебей,
“Киргиз” дедик.
(3 топ өз-өзүнчө чыгармачылыктарына жараша жогорку саптарды ролдоштуруп аткарышат)
Сабактын жүрүшүндө ар бир топ жооп берген деңгээлине жараша быйтыкчаларды чогултуп барат. Сабактын аягында ошол быйтыкчалардын санына жараша бааланат.
-Азаматсыңар, достор(10-11-класстын окуучуларына достор деп кайрылам алар мени өзүнө жакын алсын деген максатта)! Азыркы аткарган ролдоруңар менен кайдыгерликтин бир нече үлгүсүн көрсөттүңөр. Көрсө, кайдыгерлик биздин айланабызда, бизди курчап эле жүрөт турбайбы.
Достор, Японияда Фудзияма деген бийик тоо бар. Адамдар ошол тоого чыгышат экен да буга чейин айта албай жүргөн бүт чындыктарын айтып алышат экен. Кана силер мына бул классты “Фудзияма” деп элестеткиле да бар чындыкты айткылачы. Силер кайсы бир убакта кандайдыр окуянын күбөсү болгондо кайдыгер болуп койдуңар беле? (Окуучулар ымандай сыры бөлүшөт).
- Билесиңеби, балдар? Биздин кайдыгерлигибиз бир гана өзүбүзгө эмес айланабыздагы көптөгөн инсандарга зыянын тийгизип коет. Айталы, кадимки журналист эч кандай фактыга таянбай туруп эле кимдир бирөөнүн пикири менен элге маалыматты жайылтып ийсе арты чоң өкүнүч болуусу мүмкүн. Биз көргөн, уккан маалыматтар дайыма эле чындык боло бербейт. Эгер маалымат берүүчү журналист ушинтип кимдир бирөөнүн пикири менен эле маалымат тарата берсе өз кесибине болгон кайдыгер мамилеси. Ал ошондой кайдыгер мамилеси менен кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирип алышы мүмкүн, кимдир бирөөлөрдү дүрбөлөңгө салып коюшу мүмкүн ж.б . Силер жогоруда өзүңөр жөнүндө айткан кайдыгерлигиңер да акыркысы болот деп ишенем. Мындан ары антпейсиңер деп ишенем.
Анда мен силер менен бир видеону бөлүшкүм келип жатат. Ушул видеону көрүп алып анан талкууну улантсак. (Окуучуларга мугалим тарабынан атайын даярдалган видео же атайын программа менен даярдалган слайд-шоу көрсөтүлөт. Ал болжолдуу түрдө төмөнкүдөй болот. Ш.Дүйшеевдин “Кайдыгерлик” деген ыры көркөм окулуп, Адамдардын кайдыгерлигинен келип чыккан ар кандай көрүнүштөр сүрөттөлөт. Мисалы: тазаланбаган мусорлор, аборт болгон бала, курап бара жаткан дарак, туура эмес жазылган сөздөр, кароосуз калган жаныбарлар ж.б )
Келгиле, достор! Кайдыгерлик жөнүндө толук эле маалымат алып болдук окшойт келгиле эми аны жоюунун жолун карап көрбөйлүбү...
Кантип ойлойсуңар, кайдыгерликти жоюу үчүн биз эмне кылышыбыз керек?
Канткенде кайдыгер, көңүл кош болбой калабыз?
Силердин оюңарча силердей болгон жаш муунду кайдыгер болбоого кантип угүттөйбүз? (Балдар ар кандай өңүттө өздөрүнүн ойлорун айтышат. Мугалим ар бир ой баалуу экенин, талкууга активдүү катышуу маанилүү экенин эскертет.)
-Ооба, балдар чынында керемет ойлор айтылды. Силердин ушундай жалындуу сүйлөгөнүңөрдөн эле силер биздин келечекке кайдыгер эмес экениңерден кабар берет. Ушуну менен талкуубузду жыйынтыктасак да болот. Силерди элибиздин эртеңиңе, тилибиздин тагдырына, эгемендүү өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабай патриот жарандар болсун деп, сабагыбызды Мирлан Самыйкожонун “Бирик кыргыз” деген ыры менен жыйынтыктайын.
Кайтарым байланыш: балдар силердин колуңар да 3 баракта белгилер турат. 1-си “супер” (Жүрөкчө), 2- си “Жакты” (Баш бармактын сүрөтү (нравится)), 3-сү “өкүнөм” (көз жаш төккөн быйтыкча) эгер силерге сабак жаккан болсо “Суперди”, купулуңарга анча толбой калса “жактыны”, силер түшүнбөй же силер үчүн зеригиштүү болсо “өкүнөм” белгисин көтөрүп койгула. Бул аркылуу сабагыбыз канчалык кызык болгонун билебиз.
Баалоо: балдар топтогон быйтыкчаларынын (смайликтердин) эсеби боюнча бааланат.
Үйгө тапшырма: РАФТ усулунун негизинде “Мен, Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмесмин” (балдар ар кандай форматта өз жөндөмдүүлүгүнө жараша теманы ачып беришет)
Эскертүү: бул сабак иштелме Көркөм эстетика мектеп-интернатынын 11-классынын окуучулары менен практикаланат.