Саводнок ба расона бошед!

RU KG KZ TJ UZ
  • Баёнкунӣ

Информатика 9-класс 1-чейрек 2-саат

Муаллиф: Нарматалиев Мирлан Давлаталыевич

Мақсад

Давомнокӣ: 45 минута
2021-10-03

Ош шаарындагы №18 Алишер Навои атындагы мектеп-лицейи

Предмети:

  Информатика

9-класс                   

I-чейрек   2-сабак          Мугалим: Нарматалиев Мирлан Давлаталыевич

 

Сабактын темасы:

Маалыматтык сабаттуулук

Фейк, Спам, маалыматты коргоо, жарыялоо.

 

Сабактын тиби:

Жаңы билимди өздөштүрүү

 

Колдонулуучу усулдар:

Plikkers тиркемеси, Qlever сабак оюну, ТВ, видео ролик, Медиа сабак порталы, таблица.

 

Баалоо усулдары:

Өзүн-өзү баало, калыптандыруучу, диагностикалык баалоо, формативдик баалоо, жалпы балоо.

 

Сабактын жабдылышы:

Бор, доска, карточка, А4 баракчалары, телевизор, интернет, компьютер, смартфон

 

Негизги копетенттүүлүктөр:

Предметтик компетенттүүлүк

 

Маалыматтык (НК1)

  • Өз ишин пландаштырат;
  • Маалыматты максатка багыттап изденет;
  • Салыштыра, чечимдерди кабыл алат;

Окуучулар маалыматты жалган жана чын экенин айрымалоону өздөштүрөт, колдонуучу тиркемелер жана кайсыл жерден тастыктоону өздөштүрөт (ПК1)

 

Социалдык-коммуникациялык (НК2)

  • Башкалар менен мамиле түзөт;
  • Сүйлөшө билет, маектешет;
  • Бири-бирин баалайт;
  • Сөз байлыгы өсөт, өз оюн айтат;
  • Башкаларды уга билет.

Социалдык тармакта өзүн кандай алып жүрүүнү үйрөнөт. Маданияттуу баарлашууну өздөштүрөт (ПК2)

 

Маалыматты фейк же фейк эместигин далилдөө жолдорун өздөштүрөт. Өз алдынма критикалык ойлонуу жүргүзөт. Чыгаруучу маалыматты текшерүүдөн өткөрөт. (ПК3)

 

Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)

  • Өз алдынча иштейт, көнүгөт, машыгат;
  • Өз ишин талдап, баа берет;
  • Жөндөмдүүлүккө, билгичтикке, көндүмгө ээ болот.
 

Баардык маалыматка критикалык ой жүгүртө алат.

Өзүн маданияттуу алып жүрөт (ПК4)

 

Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөр,Күтүлүүчү натыйжалар

 

Билим берүүчүлүк максаты:

Н.Ж.А.Э.(натыйжага жете алат эгер)

 

Маалыматтык сабатуулук тууралуу түшүнүктү бекемдеп, интернетти жоопкерчиликтүү пайдаланган колдонуучу болууга үйрөтүү.

окуучу жоопкерчиликтүү болсо, баардык маалыматты бир аз ой жүгүртүү менен кабыл алса

 

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Н.Ж.А.Э.

 

Окуучу конкреттүү маалыматка болгон муктаждыгын өзүү чечүү, критикалык ой жүгүртүү

Окуучу өзүнө келген маалыматтарга толук ишеничти токтотуп аларды анализдей алса.

 

Тарбиялоочулук максаты:

Н.Ж.А.Э.

 

    Өз алдынчалыкка көндүрүү, интернетте ажана чыныгы жашоодо адамдарга сылык мамиле кылуу, маданияттуу чөйрөнү түзүү

 

Адамдар менен ооз эки жана соц. тармактарда баарлашууну өздөштүрөт

 

Сабактын этаптары

Сабактын жүрүшү

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүгү

 

Негизги НК

Предметтик НК

Баалоо

 

1-этап Уюштуруу

3-минута

  • Саламдашуу
  • Класста жагымдуу жагдай түзүү
  • Окуучуларды жоктоо
  • Окуу куралдарын толуктоо
  • Жакшы маанайдагы чөйрө түзүлөт.
  • Сабакты жакшы кабыл алууга өбөлгө түзүлөт

 

 

 

 

үй

тапшырмасы

2-минута

 

Өтүлгөн сабакты кайталоо үчүн Plickers тест алуучу атайын программада даярдалган тест алынат. Тест жыйынтыгы экранда көрсөтүлүп мурунку сабакты окуучулар канчалык деңгээлде кабыл алганы байкалат

  • Өтүлгөн материал боюнча кайра эске салуу болот.
  • Өзүн-өзү баалайт

НКЗ

ПК1

Кайтарым байланыш

 

Мээге чабуул

3-минута

Муз жаргыч:

Акыл гимнастикасы окуучуларга суроо:

  1. Фейк деген эмне?
  2. Спам деген эмне?
  3. Маалыматты эмне кылса болот?

Ушул сыяктуу суроолорду окуучуларга берүү, окуучулардын оюн билүү. Бул терминдерди канчалык деңгээлде түшүнөрүн билүү

  • Аң сезими ойгонот
  • Ойлонот
  • Изденет
  • Табат
  • Билген маалыматтарын айтат

НК1

ПК2

диагностикалык баалоо

 

2-этап

Жаңы тема

20-минута

Жыңы теманы биринчи китеп аркылуу окуптуп, окуп жаткан тексттерди телевизор аркылуу чагылдырып туруу, андан кийин суроолорго жооп берүү

Маалыматты бурмалоо окур манда туура эмес, жалган ой-пикирди калыптантат.

Социалдык тармактарда каалаган  адам  маалымат  каналы болгондуктан, көптөгөн фейктер пайда болуп жатат.

       Фотошопто өзгөртүлүп жасалган сүрөттөр, адаштыруу максатында же башка окуяны иллюстрациялоо үчүн атайын монтаждалган видеороликтер.  Мисалы, бир нече жыл мурун аскердик операцияларда тартылган видеону акыркы күндөрдө болгон окуя катары көрсөтүшөт.

       Көпчүлүк аны чындыктан айырмалай албаган жалган жаңылыктар (мурда “гезиттик өрдөк” деп аталгандарды азыр “төгүндүлөр”(вбросы) деп аташат).

         Социалдык тармактардагы башка адамдын (көбүнчө белгилүү адамдын) аты менен түзүлгөн барактар.

       Фейктерди  жаратуунун  максаты  болуп  көпчүлүк  учурда  алдамчылык саналат. Ал акча  каражатын  чогултуу  (мисалы,  «смартфондорду  ойнотуу»), же  жалган  пикирлерди  жарыялоо  менен  белгилүү  товарларды  сатууну көбөйтүү болушу да мүмкүн.

 

                                         Спам

         

      «Маалыматтык  таштандынын»  тараган  дагы  бир  түрү  болуп  спам эсептелет. Спам – бул көпчүлүк учурда жөнөтүүчүнү тактоого мүмкүн бол- богон сиз каалабаган жарнамалык жөнөтмөлөр. Мындай билдирүүлөр элек- трондук почта, социалдык тармактар аркылуу, форумдар, комментарийлер жана СМС - билдирүүлөр аркылуу таралат. Статистикага таянсак, азыркы кездеги бардык электрондук каттардын 90%ы – бул спам. Башкача айтканда, бир пайдалуу электрондук катка спамы менен тогуз кат туура келет. Спамерлер (спамды жөнөткөндөр) өздөрүнүн спамдары үчүн кабыл алуучулардын даректерин ар түрдүү сайттардан чогултушат. Качандыр бир убакта силер ал сайттарга өзүңөрдүн маалыматыңарды (логин, эл.почта  ж.б.) киргизгенсиңер.

        Интернет-алдамчыларга алданып калбаш үчүн сын көз менен ой жүгүртүү зарыл, башкача айтканда, ар кандай шек жараткан маалыматтын алгачкы булагын табууга аракеттенүү керек.

Эң негизгиси – интернетте айтылгандардын бардыгына эле ишене бербөө.

 

  • Түшүндүрүү процесси жүрөт.
  • Билими жогорулайт
  • Тема боюнча ой жүгүртүүсү өсөт.
  • Көңүл буурусу жогорулайт.
  • Айырмалап билүүгө үйрөнөт.
  • Так маалыматтарды ажырата алат.
  • Толук жыйынтык чыгарганга үйрөнүшөт.

НК1 НК2

ПК1ПК2

Формативдик баалоо

 

Бышыктоо

7 минута

 

 

 

Маалымат алуу жана маалымат берүү таблицасы

 

 

 

ТВ

 

 

 

Радио

 

 

 

Газета, журнал

 

 

 

Интернет

 

 

 

Ооз эки

 

  •  

     

    Малымат алуу жана маалымат берүү таблицасы

     

Поместите здесь ваш текст

Радио

Газета, журнал

НК2 НК3

ПК2ПК3

ПК4

Диагностук балоо

 

Рефлекция

10 минута

Qlever тиркемесинин жүктөө, катталуу. Катталган соң “Город правды KGhttps://kg.qlever.asia/games/30 оюунуна кирип ойноо. Бул жерде ар түрдүү суроолор болот жана төрт жариантка алып келиш керек. Биринчиси факт, экинчиси пикир, үчүнчүсү хайп жана акыркы төртүнчүсү фейк. Балдар берилген суроонун кайсыга тиешелүү экенин сындап ордуна коёт.

  • Тиркемени жүктөөнү жана катталууну үйрөнөт.
  • Сынчыл ой жүгуртүп берилген маалыматты тактайт
  • Убакытка карап иштөөнү өздөштүрөт

НК3

ПК3

ПК4

Диагностук балоо

 

Үйгө тапшырма

3 минута

1.  Текст менен спамдын айрымасын жазып келүү

2. Qlever тиркемесинен “Fact Checker KG” https://kg.qlever.asia/games/62 оюнун өздөштүрүү, 100 балга жетүү.

3. Социалдык тармактагы «фейктер» менен сыналгыдагы «фейктер» бири-биринен айырмаланабы? Алар эмнеси боюнча айырмаланышы мүм- күн экендигин түшүндүргүлө

4. Таблица түзгүлө: спамдын кандай түрлөрү болот жана алардын ар бири кандай зыян алып келиши мүмкүн?

  • Ажыратып билүү керек.
  • Суроолорду окуп, жоопторун табуу керек
  • Тиркемеден оюунду жеңүүгө аракеттениш керек
  • Таблица толтурууну өздөштүрүү керек

НК3

ПК3

ПК4

Кайтарым байланыш

 

Баалоо

2 минута

Күндөлүккө баа коюу

Күндөлүк толтурушат.

 

 

Жалпы балоо