Саводнок ба расона бошед!

RU KG KZ TJ UZ

“ММС компоненти камтылган видеосабак” конкурсу

18-09-2020

Көңүл буруңуздар, мугалимдер!

«ММК Колдоо Борбору» Фонду мугалимдер арасында медиа-маалыматтык сабаттуулук (мындан ары ММС) компоненти камтылган “ММС компоненти камтылган видеосабак”  аттуу мыкты иштелген видеосабактар боюнча сынак башталганын жарыялайт. 

ММС компоненти камтылган видеосабак – бул ММС элементи жана ресурстар камтылып, сынчыл ойломду өнүктүрүүнү шарттаган, мектептик предметтердин биринен даярдалган мугалимдин чыгармачыл сабагы. Медиа жана маалыматтык сабаттуулук - бул маалыматка жетүүгө, анализдөөгө, баалоого, түзүүгө жана жайылтууга мүмкүндүк берген билим жана көндүмдөрдүн жыйындысы. ММС элементтери - бул сынчыл ойлом, акылдуу керектөө жана маалыматты аналитикалык чечмелөө. 

Сынактын максаты:  ММС компоненттерин кийирүү аркылуу окуучулардын сынчыл көз карашын өнүктүрүү; санариптик сабаттуулукка үйрөтүү, Интернет чөйрөсүндөгү коопсуздукту сактоо жана мектеп мугалимдеринин кесиптик-чыгармачыл өнүгүүсүн колдоо.

Конкурска Кыргызстандагы мектептердин бардык мугалимдери катыша алат. Конкурстун байге фонду: 

1 орун - ноутбук

2 орун - ноутбук

3 орун - ноутбук

 

Сынактын шарттары:

  1. ММС элементтери камтылган видеосабак даярдап, өзүнүн же мектептин Youtube-каналын жүктөө.
  2. Катышуучулар атайын форманы шилтеме аркылуу толтуруусу, ошондой эле ал форманын соңуна сабагынын шилтемесин тиркөөсү зарыл: https://forms.gle/ebnoTXnyGGC9Xxs79 
  3. www.mediasabak.org  сайтына катталуу зарыл. (Сайтка катталуу жөнүндө бул жактан көрсөңүздөр болот: https://youtu.be/6KlOg5rPJSI)
  4. Биздин Facebook, Instagram баракчаларыбызга жана Youtube-канал каналыбызга жазылуусу керек.

 

Эмгектер 2020-жылдын 20-сентябрынан 25-октябрына чейин кабыл алынат.

 

Конкурстун эмгекке коюлуучу талаптар:

  1. ММС элементтери камтылып даярдалган 1 видео сабак болуусу;
  2. Сабактын узундугу (хронометраж) 15 минуттан 30 минутка чейин болуусу;
  3. Видеосабак мугалим тарабынан конкурс үчүн түзүлүшү керек (мурдагы башка долбоорлор үчүн даярдалган болбошу зарыл);
  4. КР мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында видео сабактардын мазмунун түзүү сунушталат; 
  5. Видеосабакты чыгармачылык менен иштеп чыгуу;
  6. Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өркүндөтүү;
  7. Видеосабактын эффективдүүлүгү жана заманбап онлайн технологияларын колдонууга артыкчылык берилет;
  8. Окутуунун инновациялык идеяларын киргизүү сунушталат;
  9. Алынган материалдарды консолидациялоо үчүн интерактивдүү жана практикалык методдорду колдонуу;
  10. Көрүнүктүү эстетикалык дизайн, чыгармачылык жана кызыктуу презентация;
  11. Видеосабакты даярдоо учурунан фотосүрөттөрдү (@mediasabak деп белгилөө менен) Инстаграмга же (Центр Поддержки СМИ деп белгилөө менен) Фейсбукка пост катары жайгаштырып, #mediasabak, #mig_videourok хештегдерин пайдалануу.

Видеосабактын тили кыргызча, орусча, өзбекче же тажикче болуусу мүмкүн. 

Эгерде видеосабак кандай болушу керек экендигин билгиңиз келсе, анда төмөнкү видеолорду көрүүнү сунуштайбыз: https://www.mediasabak.org/kg/news/169/

Конкурстун жыйынтыгы 2020-жылдын 5-ноябрында чыгарылат.

Финалисттерди тандоону “ММК Колдоо Борбору” Фонду конкурстук негизде өткөрөт. “ММК Колдоо Борбору” Фонду жеңүүчүлөрдү аныктоо чечимин өзүнө алат. 

Бардык кошумча суроолор үчүн төмөнкү байланыш даректерине кайрылсаңыздар болот: 0707 112 255 (Whatsapp) - Каныкей Кененсариева, 0777 230 286 - Тынчтыкбек Досмуратов же mediasabakkg@gmail.com электрондук дарегине кат жазыңыздар.