Media-savodli bo'ling!

RU KG KZ TJ UZ

ОшМУнун окутуучулары үчүн семинар уюштурулду

01-02-2021

Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультетинин жалпы профессордук-окутуучулук курамы үчүн санариптик сабаттуулук боюнча атайын практикалык семинарлар болуп өттү. Бул тууралуу аталган семинарды өтүп берген Ош билим берүү институтунун Информатика кабинетинин башчысы, "ММК Колдоо Борбору" Фондунун "МедиаСабак" долбоорунун Түштүк регион боюнча координатору - Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын айтымында 2020-жылдын 18-январь күнү уюштурулган семинар "Санариптик билим берүүдөгү артыкчылыктуу платформалар (Google кызматтарынын мисалында)" деп аталса, 25-январь күнкү семинар видеосабак жасоонун ыкмаларына багытталган.

«Бул семинарларда ОшМУнун Чыгыш таануу жана тарых факультетинин окутуучулары активдүү катышып, практикалык иштерге басым жасадык. Буйруса алдыдагы семинарлардын багыты медиасабаттуулуктун негизги элементтерине басым жасоо менен улантылмакчы» - деп кошумчалады Т.Досмуратов.