Экономикалык журналистика боюнча окутуунун катышуучулары Data-Incubator жана DataTone № 1 алкагындагы окутуу программасына да кошумча катышууда.
16-19-март күндөрү IDEA БА тарабынан Кеминде өтүп жаткан окутууда тренерлер дата-журналистикадагы сандык маалыматтарды анализдөө менен иштөө жана көндүмдөрдү бекемдөөнү көрсөтүп, жаңы инструменттерди берүү менен графиктерди жана инфографикаларды түзүүнү үйрөтүүдө.
Эске сала кетсек “Медиа Сабак” КФ Кыргызстандагы ACTED менен биргеликте “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” (EGED) программасы боюнча уюштурган окутууга Нарын жана Ош аймагындагы журналисттер, блоггерлер, медиа адистери жана медиа уюмдар тартылган.
#EGED #UKinKyrgyzstan #ACTED #ACTEDKyrgyzstan #economicdevelopment #mediasabak #dataincubator