8-класс Биология
Автор: Таштанова Кайринса МаматовнаМаксат
САБАК № 42 8-класс Өтүлгөн күнү___________
САБАКТЫН ТЕМАСЫ: «ТАМАК СИҢИРҮҮ ОРГАНДАРЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ».
Сабактын максаты: |
Мазмундук тилке |
Компетентүүлүктөр |
Күтүүлүчү натыйжа |
Билим берүүчүлүк: тамак сиңирүү системасын түзгөн оргадардын түзүлүшүн үйрөнүшөт, ар бир органдын жана бүтүндөй органдар систасынын аткарган кызматы жөнүндө маалымат алышат; Өнүктүрүүчүлүк: китеп, таблица, схемалар менен иштөө жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнү улантышат, өздөштүргөн билимдер боюнча жыйынтык чыгарышат; Тарбия берүүчүлүк: бир бирин угууга, сыйлоого, өз ойлорун эркин айтууга тарбияланышат. |
Организм биологиялык система катары |
Жандуу объектилерди аныктап таануу жана сыпаттоо максатында илимий суроолорду коюу |
8.1.1.3. Адамдын организминин негизги процесстерин түшүндүрөт жана айырмалайт, адамдын организми бир бүтүн,өзүн өзү жөнгө салуучу экенин далилдей алат |
Сабактын тиби: жаңы билим берүү
Сабактын усулу: көрсөтмөлүүлүк, ооз эки, практикалык
Сабактын ыкмасы: аңгемелешүү, талкуу, жупта иштөө, топтоо иштөө, “тайпабыздын шурусу”, “туура/туура эмес ырастоолор”, ПСМТ-ФОРМУЛА
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, ватман, маркер, таблица, түстүү кагаздан кыркылган тегерекчелер, “ооба” жана “жок” деген сөздөр жазылган карточкалар, КУЛКУН, ООЗ КӨҢДӨЙҮ (тиш, тил, шилекей бездери), АШ КАЗАН, КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ, ИЧКЕ ИЧЕГИЛЕР, ТҮЗ ИЧЕГИ, ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИ (уйку бези), ЖООН ИЧЕГИ (көр ичеги же аппендекс) денен сөздөрдөр жазылган баракчалар, таркатма материалдар, скотч же желим (клей), түстүү калем саптар, алма (окуучулардын санына жараша), компьютер (ноутбук), проектор.
САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ
САБАКТЫН ЭТАПТАРЫ |
МУГАЛИМДИН ИШ АРАКЕТТЕРИ |
ОКУУЧУНУН ИШ АРАКЕТТЕРИ |
||||||||
1. Уюштуруу учуру (3 мин) |
Саламдашуу. Окуучулардын сабакка даярдыгын, катышуусун текшерүү.
Класстын психологиялык абалын жакшыртуу (жакшы маанай жаратуу) максатында “Тайпабыздын шурусу” ыкмасын колдонуу. Нускама: Төмөнкүлөрдү жасагыла: силерге таркатыла турган тегеректен жагып калган түсүн тандагыла, ага атыңарды жана бирден эрежелерди жазгыла да аларды бири бирине желим аркылуу жабыштырып, шуру (мончок) жасайгыла – бул биздин “тайпабыздын шурусу” болот. Шуруга жазылган эрежелерди эске тутуп, сабак учурунда сактайбыз. |
Саламдашышат, сабакка керектүү окуу куралдарын алышат, кезекчи окуучу сабакка келген/келбеген окуучулар жөнүндө маалымат берет.
Окуучулар таркатылган тегеректен жаккан түсүн тандап алышат, аларга өзүнүн аттарын жана бирден эрежелерин жазгандан кийин аны окуп берип, бири бирине желим аркылуу жабыштырышат. Андан соң “тайпанын шурусун” тактайдын бир бурчуна илишет жана сабак учурунда эрежени сактаганы аракет кылышат. |
||||||||
2.Текшерүү иш (2 минут) |
“Туура/туура эмес ырастоолор” ыкмасы. Нускама: Окуучулардын ар бирине ООБА жана ЖОК деген сөз жазылган карточкалар таркатылат, мугалим алдан ала даярдаган сүйлөмдөрдү окуйт, окуучулар аны угуп, эгерде ал сүйлөмгө макул болсо “ООБА”, эгерде макул болбосо “ЖОК” деген сөз жазылган карточканы көрсөтүшөт. Ырастоолор: 1. Дем алуу мурун көңдөйүнөн башталат (ООБА). 2. Кычкылтек дем алуу учурунда денеден чыгарылат (ЖОК). 3. Чылым чеккен адамдын өпкөсүнө тамекинин түтүнү менен бирге никотин (уулуу зат) кирет (ООБА). 4. Дем алган абанын курамында 21% кычкылтек бар (ООБА). 5. Кызыл өңгөч дем алуу системасынын негизги органы (ЖОК). 6. Дем алган абадагы көмүр кычкыл газынын көлөмү 45% түзөт (ЖОК). 7. Кан айлануу жана дем алуу системалары бири бири менен тыгыз байланышта, анткени алар организмди кычкылтек менен камсыз кылат (ООБА). 8. Өпкө дем алуусу аба менен кандын ортосунда газ алмашууну камсыз кылат (ООБА). |
Мугалим окуган сүйлөмгө жараша окуучулар “ООБА” жана “ЖОК” сөздөрдү көтөрүшөт. Жооп берилгенге жараша, окуучулар кээ бирлерине комментарий беришет. |
||||||||
2. Билимдерди актуалдаштыруу, сабактын темасы менен тааныштыруу, талкуу жүргүзүү (7 мин)
|
Мугалим суроо берет:
(Мугалим окуучулардын жоопторун толуктайт, кошумча маалвмат берет).
- Бүгүнкү сабагыбыздын темасы: Тамак сиңирүү системасынын түзүлүшү. Дептериңерди ачып, бүгүнкү күндүн числосун жана теманы дептерибизге жазып алабыз. - Бүгүн биз сабакта тамак сиңирүү системасын түзгөн оргадардын түзүлүшүн үйрөбүз, ар бир органдын жана бүтүндөй органдар систасынын аткарган кызматы жөнүндө маалымат алабыз; китеп, таблица, схемалар менен иштейбиз; бир бирибизди угабыз, сыйлоо менен мамиле кылабыз жана өз ойлорун эркин айтабыз. Ар бир окуучуга алма таркатылып берилет. Таркатылган алманы бир тиштеп, аны шашпай чайнап жутуу сунушталат.
“ТАМАК СИҢРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮНҮН СХЕМАСЫ” ООЗ КӨҢДӨЙҮ (тиш, тил, шилекей бездери) ↓ КУЛКУН ↓ КЫЗЫЛ ӨҢГӨЧ ↓ АШ КАЗАН ↓ ОН ЭКИ ЭЛИ ИЧЕГИ (уйку бези) ↓ ИЧКЕ ИЧЕГИЛЕР ↓ ЖООН ИЧЕГИ (көр ичеги же аппендекс ) ↓ ТҮЗ ИЧЕГИ №1 тиркеме. “Тамак сиңирүү системасы” анимациясын көрүү. Мугалимдин сөзү: Тамак сиңирүү системасы тамак сиңирүү каналдан жана тамак сиңирүү бездеринен турат. Ооз көңдөйү, кулкун, кызыл өңгөч, ашказан, ичеги, жоон жана түз ичеги тамак сиңирүү каналын түзөт. Тамак сиңирүү процесстерине мындан тышкары боор, шилекей,ашказан бездери жана уйку бези катышат. |
Балдар мугалимди угушат, суроолорго жооп беришет. Төртүнчү суроодон баштап, окуучулар жупта иштешет. Суроону анализдешет, жупта талкуулашат жана суроолорго өз ойлорун айтышат.
Окуучулар дептерине күндүн датасын, жаңы теманы жазышат.
Балдар мугалим берген тапшырманы угушат, аткарышат. Окуучулар биргелешип талкуу жүргүзүшөт жана тактайга илинген сөздөрдүн жардамы менен тамак сиңирүү системасынын түзүлүшүнүн схемасын түзүшөт.
Сүрөттө берилген сандардын ордуна сөздөрдү скотч же желим менен чапташат.
Анимацияны көрүшөт. Мугалимди кунт коюп угушат. Дептерлерине схеманы түшүрүшөт. |
||||||||
4. Сабактын негизги бөлүгү. Жаңы теманы өздөштүрүү (20 мин). (анын ичинде: китеп менен иштөө 4 мин., топто иштөө 4 мин., презентация жасоо 9 мин.(ар бир топко 3 мин.), видео көрүү 3 мин.)
|
- Эми балдар, окуу китептин 119-бетиндеги 47§ ачкыла. Мен азыр тапшырма берем, шапшырманы алган соң силер китептен өзүнөрдүн тобуңарга тиешелүү текстти таап окуп чыгып, түшүнүгүнөрдү топко айтып бересиңер, андан соң ар бир топ өзүнө берилген тапшырманы сүрөт, схема ж.б. түрүндө ватманга түшүрөсүңөр. Топтон бир же эки окуучуну презентация жасоо үчүн дайындайсыңар. - Топторго бөлүнүү үчүн жаз айларынын аттарын колдонобуз М: март, апрель, май. Ар бир топко тиешелүү тапшырмалар берилет. “Март” тобунун тапшырмасы: Ооз көңдөйүндөгү жайгашкан органдар жана алардын аткарган кызматы. “Апрел” тобунун тапшырмасы: Кызыл өңгөч, ашказандын жайгашканжери, кандай түзүлүштө жана анын кызматы. “Май” тобунун тапшырмасы: Ичке ичегилер жана жоон ичегилер жөнүндө маалымат. Тапшырманы аткаруу жана презентация жасоо убугында мугалим тарабынан тактоочу суроолор, толуктоолор айтылат.
№2 тиркеме: “Тамак сиңирүү системасынын түзүлүшү” видео көрүү. (даяр көчүрүлүп тиркелген видеону балдарга көрсөтсө болот, эгерде интернет жеткиликтүү болсо анда https://youtu.be/eSqrchX1U38 шилтеме боюнча видео-проектор аркылуу балдарга көрсөтүлөт. Видео англис тилинде, мугалимдин калоосу боюнча үндү өчүрүп кыргыз тилинде тема боюнча айтып берсе да болот). Мугалимдин сөзү: Тамак сиңирүү системасы - бул тамак сиңирүү процессин жүргүзүүгө жооптуу органдардын жыйындысы. Адамдын тамак сиңирүүчү системасы ооз көңдөйү, кызыл өңгөч, ичеги, бөйрөк, карын астындагы безден турат. Тамак сиңирүү ооз көңдөйүнөн башталат. Ооздон тамак чайналып, шилекей аралашат. Жутулган тамак кызыл өңгөч аркылуу ашказанга келип, андан соң карын ширеси куюлуп, тамак иштетилет. Ашказанда тамак 4-5 саат иштетилип, андан ичке ичегиге өтөт. Ичегиде тамак дагы иштетилет. Бул жерден шилекей, ашказандын, ичегинин ширелери менен иштетилген тамакка өт аралашат. Андан ашказан менен ичегинин ички бетиндеги кырындылары менен сорулуп, канга өтөт. Тамактын калдыгы жоон ичегиге өтүп, ал жерден сыртка чыгарылат. Жүгүрүп баратып жеген кургак тамактар, ачуулар, кесек тамактар ашказанга зыян алып келет. Мунун айынан гастрит оорусу пайда болушу мүмкүн. Булар убагында тамактанбай, кургак нерсе менен шам-шум эткен окуучуларда кездешет. Кез-кези менен убактысыз жеген тамактар ашказанды туура эмес иштетет. Суткасына бир нече жолу бир эле убакытта тамактануу пайдалуу. Мындай учурда ашказан милдетин туура жана так аткарат. Эгерде адамдын ден соолугу жакшы болсо, анда анын тамак сиңирүү органдары талаптагыдай иштейт.
|
Ар бир окуучу иреети менен бирден жаз айыны айтып, класс 3 топко бөлүнөт. Топтор өзүнө тиешерүү орундуктардан орун алышат.
Китеп менен иштешет.
Топто талкуу жүргүзүшүп, презентация жасашат.
Видеону көрүшөт. Мугалимди кунт коюп угушат. Керектүү маалыматтарды дептерге жазышат.
|
||||||||
5. Теманы бышыктоо (7 мин) Таркатма материалдар менен өз алдынча иштөө. |
Өз алдынча иш. Карточналар менен иштөө. Нускама: Окуу китебинде 119-бетте берилген 63-сүрөт менен иштейбиз. Ар бир окуучуга 2 карточка таркатылат. 1-карточкада “тамак сиңирүү системасынын органдары” деп аталат. Анда тамак сиңирүү системасынын органдары сан менен берилген, сандардын тушуна органдардын аталышын жазгыла жана ар бир органды 119-беттеги 63-сүрөттө берилгендей түстүү калем сап менен боёп чыккыла. 2–карточка “тиштин түзүлүшү” деп аталат. 66-сүрөт менен иштеп 2-карточканы толтургула.
Мугалим классты аралап аткарган иштерин карап чыгат жана тапшырманы туура такарган 3 окуучуну тандайт, аткарган иштерин окуп бергиле деп суранат. |
Окуучулар окуу китебиндеги сүрөт менен иштешет тапшырмаларды өз алдынча аткарышат.
Карточка менен иштешет, аны толтурушат.
Окуучулардын ичинен 3 окуучу аткарган иштери боюнча комментарий беришет. |
||||||||
6. Сабактын жыйынтыктоо бөлүгү: Рефлексия (4 мин) (сабактын жыйынтыгын чыгаруу) |
ПСМТ-ФОРМУЛА ыкмасы аркылуу сабакты жыйынтыктоо. Окуучу кандай деңгээлде жаңы материалды өздөштүрүлгөндүгүн билүү үчүн бул ыкманы колдонсо болот. ПСМТ-ФОРМУЛА технологиясын - окуучулардын үзгүлтүксүз кайтарым байланышын камсыздайт. ПСМТ - аббревиатуранын биринчи тамгаларынын кодун чечүүчү 4 маанилүү компоненттен турат жана текстти түзүү үчүн керектүү элементтер болуп саналат. Нускама: П – берилген маселе боюнча өз пикирлерин, көз караштарын билдириши керек. Мисалы: "Мен ишенем ...", "Менин оюмча ...", "Мен кошулам ...", “Мени ... ойдомун”. С – себеби, айтылган ойлорун негиздөө, позициясын түшүндүрүү. Бул жерде өзүнүн пикирн негиздөө үчүн бардык мүмкүн болгон аргументтерди келтирүү зарыл. Жооп куру эмес, далилдер менен берилиши керек. Сабакта өтүлгөн теманын учурларынан алынып, аныктамалар жана түшүнүктөр камтылышы керек. Бул блокто негизги суроо - эмне үчүн мындай деп ойлойсуз? Жооптор “Себеби” же "Анткени ..." деген сөздөр менен башташы керек. М - мисалдар. Айтылган ойлордун, аныктамалардын түшүнүп айтып жатканын далилдөө үчүн фактыларды келтирүү зарыл жана алардын саны үчтөн кем болбошу керек. Бул блокто окуучулардын өз позициясынын тууралыгын иш жүзүндө далилдөө жөндөмүн ачып берет. Мисал катары, өзүнүн тажрыйбасынан, балким, ойдон чыгарып айта салган мисалды колдонсо болот. Эң башкысы - алар ишенерлик далилдер болушу керек. Бул кадамда колдонулган фразалар "Мисалы ...", "Мен муну мисал менен далилдей алам ...". Т - тыянак (натыйжа, жыйынтык). Бул блок акыркы болуп саналат, ошондуктан айтылган позициясынын тастыктаган акыркы тыянактары камтылат. Андагы сүйлөмдөрдүн башталышы мындай болушу мүмкүн: "Ошондуктан ...", "Жыйынтыктоодо ...", "Андыктан ...", "Айтылгандардын негизинде мен ... деген тыянак чыгарам.".
Тактайга төмөнкү таблица илинет.
Рефлексия:
|
Окуучулар ПМСТ-ФОРМУЛА боюнча теманын жыйынтыгын чыгарышат.
Сабакта жаккан жана жакпаган жактарды айтышат.
Окуучулар таблицанын жардамы менен тема боюнча өзүнүн ойлорун айтышат.
|
||||||||
7. Үй тапшырма үчүн маалымат (1 мин) |
1. “Тамак сиңирүү органдарынын түзүлүшү” темасы боюнча негизги түшүнүктөрдү кайталагыла. 2. 47-§ окуп, 124-беттеги таблицаны толтургула.
|
Күндөлүктөгө тапшырманы жазышат. |
||||||||
8. Баалоо (1 мин)
|
Окуучулардын аткарган иштерине,жоопторуна жараша баа берүү. |
|