Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ

"Мыкты медиа бурч" конкурсу

18-09-2020

Көңүл буруңуздар, урматтуу мугалимдер!

Сиздер үчүн жагымдуу жаңылыгыбыз бар!

«ММК Колдоо Борбору» Фонду Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү Федералдык министрлиги, ошондой эле Deutsche Welle Академиясынын колдоосунда Кыргызстанда медиа маалыматтык сабаттуулукту арттыруу боюнча долбоорунун алкагында мектептер арасында жыл сайын өтүүчү «Мыкты Медиа Бурч» сынагынын башталганын жарыялайт.

Сынактын максаты – медиа маалыматтык сабаттуулукту, сынчыл ойломду,  интернет коопсуздугун жана санариптик сабаттуулукту алга жылдырууга умтулган демилгелүү жана мыкты Медиа Борборлорду колдоо. Медиа Бурч Facebook, Instagram баракчаларында же Youtube каналында болуусу мүмкүн. Сынакка мурдатан иштеп келе жаткан медиа бурч катары да, жаңы медиа бурч катары да катышса болот.

Медиа Бурчтун материалдарынын мазмуну төмөнкү темаларда болуусу мүмкүн: 

  • Мектеп турмушундагы түрдүү жаңылыктар;
  • Маалыматты сынчыл көз караш менен керектөө;
  • Санариптик сабаттуулук;
  • Аралыктан билим берүү;
  • COVID-19 пандемиясы;

Медиа Бурчтун командасынын түзүмү:

  • 1 жооптуу мугалим;
  • 3-10 окуучу (команданын лидерин кошкондо).

 

Конкурстун шарттары:

  1. Конкурска катышуучу (мурда иштеп келген медиа бурчу бары да, жаңыдан медиа бурч түзгөн да) мектептин Фейсбукта жана/же Инстаграмда баракчасы, ошондой эле Youtube-каналы болуусу зарыл. 
  2. www.mediasabak.org  сайтына катталуу зарыл. (Сайтка катталуу жөнүндө бул жактан көрсөңүздөр болот: https://youtu.be/6KlOg5rPJSI)
  3. Биздин Facebook, Instagram жана Youtube-каналыбызга жазылуусу зарыл.
  4. 2020-жылдын сентябрынан 25-октябрына чейинки аралыкта өзүнүн Медиа бурч тууралуу толук маалымат төмөнкү шилтеме аркылуу катталышы керек: https://forms.gle/YYF3Uz2gbSAFyEtZA 
  5. Катталган соң мазмун түзүлүшү керек: маалыматтык постторту жарыялоо, кызыктуу рубрикаларды чыгаруу, фото жана видео публикацияларды жүктөө, сурамжылоо жүргүзүү, Медиа Бурчтун баракчасына жазылгандарды (подписчиктерди) көбөйтүү. Жалпы жонунан, өзүңөрдөгү идеяларды ишке ашыруу, конкурстун максатын илгерилете алат.
  6. Өзүңөрдүн пост жана баяныңарда (Инстаграме @mediasabak деп же фейсбукта Центр Поддержки СМИ деп белгилеп) #MediaUgolok2020 #mediasabak хештегдерин пайдалануу зарыл.

 

Мыкты Медиа Бурчтарды тандоо критерийлери:

  1. Контент – публикациялардын мазмундуу, маалыматтуу жана кызыктуу болуусу.
  2. Жаратмандык – жазылгандарды (подписчиктерди) кызыктырган ар кандай кызыктуу идеялар менен чыгармачылыкка чакырабыз.
  3. Визуал – эстетикалык жактан асемделген баракча.
  4. Активдүүлүк – эмгектер аптасына кем дегенде 2 ирет чагылдырылып туруусу керек.

Мектептик медиа бурчту түзүү жана бул сынакка катышуунун жол-жобосу боюнча атайын вебинар уюштурганбыз. Бул шилтеме аркылуу көрүп чыксаңыздар да болот: https://youtu.be/oT_dwa1Q2wY.

Конкурс 2020-жылдын 25-октябрь күнү аяктайт. 2020-жылдын 25-октябрынан 5-ноябрына чейин жыйынтыгы чыгарылат.

 

Эң негизгисине келели – БАЙГЕЛЕР.

1 орун - ноутбук

2 орун - планшет

3 орун - планшет

 

МААНИЛҮҮ!

Конкурстун жыйынтыгы 2020-жылдын 5-ноябрында чыгарылат.

Финалисттерди тандоону “ММК Колдоо Борбору” Фонду конкурстук негизде өткөрөт. Ошону менен бирге, мектептин Медиа бурчун мындан ары жайылтууга команданын мотивациясы жана даярдыгы бааланат. “ММК Колдоо Борбору” Фонду жеңүүчүлөрдү аныктоо чечимин өзүнө алат. 

Бардык кошумча суроолор үчүн төмөнкү байланыш даректерине кайрылсаңыздар болот: 0707 112 255 (Whatsapp) - Каныкей Кененсариева, 0777 230 286 - Тынчтыкбек Досмуратов же mediasabakkg@gmail.com электрондук дарегине кат жазыңыздар.