Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ
  • Сипаттама
  • Сабақ

«Ориентирование на местности без карты»

Автор: Боконов Омурбек Абдылдаевич

Мақсаты

Ұзақтығы: 45 мин
2021-09-22

АСКЕРДИК ТОПОГРАФИЯ

ТЕМА: Картасыз багыттарды  аныктоо.

МАКСАТЫ: Окуучуларга картасыз ориентировка алуу  түшүнүгүн берүү.

Горизонттун багыттарын аныктоонун жолдорун үйрөтүү.

Демилгелүү болууга  жана тапкычтыка тарбиялоо.

Сабактын мазмуну :

1) ориентация түшүнүгү;

2) горизонттун багыттарын аныктоо ыкмалары;

3) жүргөн жерибиз  жана жайгашкан оордубуз жөнүндө отчет берүү.

 

Сабак өтүлүүчу жай : Окуу классы жана  практикалык көнүгүүлөрдү жасоо  үчүн мектеп аянтчасы

Колдонулган ыкма:  Электрондук досканын жардамы менен слайддарды  презентациялоо жана     көрсөтмө куралдардын жардамы менен  иш-аракеттерди практикалык көрсөтүү.

Колдонуучу материалдар :  ноутбук ,телевизор, проектор   Компас. Жебеси бар сааттын бетинин модели,

"Картасыз багыттарды аныктоо" боюнча слайддар жана видеороликтер .

Сабактын убактысы    45 минута

Сабактын жүрүшү.

Сабакты уюштуруу.                         3-минута

Сабактын темасы жана максаттары менен окуучуларды тааныштыруу

Киришүү бөлүгү                                            20 минута

Темадагы бөлүштүрүлгөн    суроолор боюнча окуучулар менен суроо -жооп  жана талкуулоо тартиби менен   сабакты улантуу.

                      1-суроо                   Аскердик топография бул эмне?

Аскер топографиясы - бул атайын аскердик дисциплина. Ал рельефти изилдөө ыкмаларын,  рельефтин    өзгөчөлүктөрүн колдонуп горизонттун   багыттарын  аныктоо,аныкталган багыттар боюнча жүрүш жасоо,мерчемделген жерди жана обьектилерди картага түшүрүү жана карта аркылуу   аскердик иш-аракеттерди жүргүзүүгө   байланыштуу башка маселелерди камтыйт.

2- суроо         Ориентир алуу дегенди кандай түшүнобүз?

Ориентир алуу  - бул рельефтин өзгөчөлүктөрүнө , курчап турган жергиликтүү объекттерге карап жайгашкан жерди аныктоо жана  горизонттун  багыттарына (түндүк, түштүк, батыш, чыгышка) карай багытты табуу  жана жүрүш жасоодо   ушул багыттарды колдонуу.

Ориентир катары биз – ал жерди биринчи көргөндө көзгө урунтту жергиликтүү объектилерди жана  рельефтин өзгөчөлөнгөн элементтерин, алардын жайгашкан ордун пайдаланабыз.

Биз ориентир катары пайдаланган элементтер ага жакын жайгашкан башка элементтерден, формасы, көлөмү же түсү боюнча кескин айырмаланып турушу керек

 

3-суроо.    Горизонттун багыттары кантип  аныкталат?

Жердеги горизонттун багыттары  компас, саат ,асман телолору жана жергиликтүү предметтер ж.б. менен аныкталат.

Горизонттун багыттарын аныктоонун эң кеңири жолу - бул компас.

Адриановдун компасы Куралдуу Күчтөрдө кеңири колдонулат. Компастын эки жебеси  бар жана ичиндеги  шакекчеде жайгашкан бир катар сандар менен  сааттын жебеси боюнча 120 бөлүкө  бөлүнгөн бөлүктөр жана градустук өлчөмдөр менен  берилген.  Ошондой эле горизонттун багыттары С,Ю,В,З тамгалары менен көрсөтүлгөн.

Горизонттун багыттарын аныктоодо компасты тегиз жерге жайгаштырып тормозду бошотобуз  көк   жебеси шкаланын нөл градусуна   кызыл  жебеси шкаланын 180 –градусуна тушташ келгендей  кылып тегеретебиз. Компасты бул абалга келтирүү менен биз түндүк ,түштүк ,чыгыш, батышты  градустук өлчөмдөрү менен аныктап алабыз.                                                                                           Мына ушундай абалда жайгаштыруу менен  магниттик азимуттарды да аныктоого болот.

4-суроо Күн жана саат  аркылуу  горизонттун багыттарын кантип аныктайбыз?

Күн  аркылуу  горизонттун багыттары эң тез аныкталат, бирок натыйжасы болжолдуу болот. Күн болжол менен саат 7де чыгышта болуп (көлөкөлөр батышка багытталат), түшкү саат 13тө - түштүктө болуп (көлөкөлөр эң кыска жана түндүккө карай багытталат), болжол менен  саат 19 да – батышта болуп        ( көлөкөлөр чыгышка багытталат).

Сааттын жардамы менен  горизонттун багыттары күндүн каалаган убагында төмөнкүдөй аныкталат. Саат горизонталдуу түрдө орнотулуп, саат жебеси Күндү көздөй багытталат (мүнөттүк жебе эске алынбайт). Саат  жебеси менен циферблаттагы 1 цифрасынын аралыгын тең экиге  бөлгөн түз сызык түштүк  багытты көрсөтөт. Саат аркылуу түштүктү  аныктап алганыбыздан кийин, горизонттун башка жактарын аныктоо оңой ...

Анткени биз түштүктү бет алып турсак арка тарабыбыз түндүктү  оң тарабыбыз батышты жана сол тарабыбыз чыгышты билдирет.

5-суроо.    Түнкүсүн багыттарды кантип  аныктайбыз?

Түнкүсүн, ачык асман менен горизонттун багыттары ар дайым түндүктө жүргөн Алтын Казык жылдызы менен  аныкталат. Аны биз Жетиген топ жылдызыдарынан   табабыз. Алтын Казык жылдызын табуу  үчүн, Чоң Жетиген топ жылдызынын баш жагындагы эки жылдыздын аралыгынчалык аралыктан беш эсе аралыка барабар болгон түз сызыкты Кичи Жетиген топ жылдызы тарапка багыттап  акыл менен улантуу керек; аралыктын аягында  жаркыраган жылдыз Алтын Казык  көрүнүп турат.

Эгер булуттуу түнү Түндүк жылдызын табуу мүмкүн болбосо, бирок Ай көрүнүп турса, анда горизонттун багыттары ай аркылуу аныкталат. Бул ыкма анча так эмес. Жөнөкөй сөз менен айтканда, горизонттун багыттары айдын диски толугу менен көрүнгөндө аныкталат. Бул фазада Ай Күнгө карама-каршы келет. Демек, ай түнкү саат бирде түштүктө, таңкы саат 7де - батышта, кечки саат 7де – чыгышта жайгашат.

6- суроо . Болжол менен горизонттун багыттарын  жергиликтүү предметтер аркылуу да  аныктоого болот .Кантип?

Көптөгөн дарактардын кабыгы түндүгүндө калың, түштүгүндө жука болот. Мох  жана эңгилчектер бак-дарактардын  жана аскалардын түндүк тараптарын  өсүп  каптап турат. Ысык мезгилде чайыр ийне жалбырактуу бактардын түштүк тарабына көбүрөөк топтолот. Кумурскалар  бактардын, дүмүрлөрдүн жана бадалдардын түштүк тарабына уя жасашат. Кумурскалардын уяларынын  түштүк капталдары түндүгүнө караганда жантайыш болуп жасалат. Мөмө-жемиштер түштүк тарабында эрте бышат. Тоолордун түштүк капталдарында кар тезирээк эрийт .

Практикалык бөлүк      12 минута

Картасыз ориентирлөө сабагын  аяктагандан кийин, окуучулар турган жери боюнча отчет даярдашат. Алар жайгашкан ордун аныктоо ориентация алуу боюнча отчеттун болжолдуу формасын даярдашат :  мисалы: , чыгыш жагында 200 метр аралыкта жалгыз  дарак , батыш жагы – токойдун четине чейин 300 м. Автомобиль жолу түндүк-чыгыш тарапта  1 км, түштүк-батышка тарабында котельный трубасы 500 аралыкта  ж.б. “

Корутунду бөлүк   10 минута

 

Бышыктоо үчүн суроолор жана тапшырмалар:

1. Аскер топографиясы эмнени изилдейт?

2. Өзүбүздүн турган жерибиздин  топографиялык өзгөчөлүктөрүн атагыла.

3. Ориентировка алуу  деген эмнени билдирет?

4. Ориентир  катары тандалган элементтер  кандай талаптарга жооп бериши керек?

5. Күнүдүз жана түндөсү горизонттун багыттары кандайча аныкталат?

6. Жайгашкан жериңер  жөнүндө отчет беригиле.

 

 

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу,  максаттарга  кандайча жетишилгендигине  анализ жасалат окуучулардын материалды өздөштүрүү деңгээлине баа берилет,