Медиасауатты бол!

RU KG KZ TJ UZ
  • Сипаттама

Сын атооч

Автор: Джумалиева Галина

Мақсаты

Ұзақтығы: 45 мүнөт
2023-06-21

Жаңы тема:  Сын  атооч  

 

Кана  балдар,   бүгүнкү  сабагыбыздын  темасын   төмөндөгү  суроолорго   жооп берүү  менен таап   алсак.

 

1-суроо.  Азыр  эмне болуп  жатат?   (сабак)

 

2-суроо.  Рысбай  эмне  кылат?   (ырдайт)

 

3-суроо.  Тандырга  эмне   жабылат?  (нан)

 

4-суроо.  Бизге   ак  сутун  берген ким? (апа)

 

5-суроо.  Эки  өркөчтүү  жаныбар? (тоо)

 

6-суроо.   Биздин  облус?  (Ош)

 

7-суроо.  Сен   кимсин?  (окуучу)

 

8-суроо.  Киши   карыганда ким  болот?  (чал)

 

Азаматтар,  демек  биздин  бүгүнкү  сабагыбыздын  темасы   СЫН  АТООЧ  экен.

 

Алдыбыздагы   табактардагы   алмаларды колубузга  алып  кармап, жеп  көрөлүчү.  Балдар, алма жөнүндө   эмнелерди  айта  аласыңар?  Алма кандай  экен?  Азаматсыңар, балдар!  Демек  алма  зат  анын  даамын, формасын,  көлөмүн, өңү-түсун билип  алдык. Балдар,   заттын  сын-сыпатын, өңү-түсүн,  даамын, формасын, көлөмүн  билдирип КАНДАЙ? КАЙСЫ?   -деген  суроого  жооп   берген   сөздөр   сын атоочтор деп   аталат.   Анда  эмесе балдар, биз  интернет  желеси   аркылуу   ibilim  сайтында эмнелер  бар  экендигин  көрөбүз.  Монитордон эрежесин угуп,  сүрөттөрдү   көрүшөт.

 

-Балдар,  ушул  сүйлөмдөрдү  түзөбүз.  Дептерлерге   жазабыз.    Чүкөлөр   менен бааланышат.

 

Китеп  менен   иштөө:

 

Китепте  берилген   «Балыктар»   текстти  3топ бирден абзацтан   окушат.   Сын  атооч  создорду  таап  доскага   жазышат.  Суроолорду  беришип. эрежени айтышат.

 

Физминутка:

 

Ютубдан «РАМ-ЗАМ-ЗАМ» ырын коюп балдар ырдап, бийлешет.

 

Бышыктоо:

 

5-көнүгүү

 

1-Топ:    Балыктын  суротун   тартып,  сын  атооч   катышкан   сөздөрдү   айтып  беришет.

 

2-Топ:    «БАЛЫК»  деген  сөзгө   кластер  түзүшөт.

 

3-Топ:  «БАЛЫК»  деген  сөзгө синквейн  түзүшөт.

 

Жыйынтыктоо:  Балдар жол  чырак  жөнүндө  эмнелерди  билесиңер?  Жол чырак  кандай  болот,  кайсы жерлерге  коюлат?

 

 Балдар  өз  ойлорун  айтышат.

 

Азаматсыңар,   балдар!   Ар дайым  жолдо  жүрүүдө  абайлагылы!

 

Топтордо   упайларды эсептеп  коебуз. Өзгөчө активдуу катышкан  окуучуларга эң жакшы баа коем.

 

Үйгө тапшырма: 6-көнүгүүнү аткарып келүү