Кычкылтектин химиялык касиеттери, оксиддер
Автор: Абдукаримов Ракматбек АбдигапаровичМақсаты
сабак планы-3
Дата |
|
Убакыт |
45 |
Мугалимдин толук аты-жөнү |
Абдукаримов Ракматбек Абдигапарович |
Класс |
8-класс |
Предмет |
химия |
Колдонулган курал (дар) |
Компьютер, телефон, китеп сүрөттөр, реактивдер ж.б. |
Тема: |
Кычкылтектин химиялык касиеттери, оксиддер |
Сабактын максаты: |
|
|
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Кычкылтектин химиялык касиеттерин жана оксиддердин аталышын , формулаларын туура жазууну окуп үйрөнүшөт. Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Зат, жөнөкөй жана татаал зат, кычкылтек, заттын касиеттери, химиялык формула, химиялык теңдеме боюнча түшүнүгү өнүгөт, химиялык формуланы туура катасыз жазууга, заттардын атын туура атоого , химиялык тилде сүйлөөгө жана жаратылышты коргоого, бири-бирин сыйлоого тарбияланышат Окууга жоокерчиликтүү мамиле жана өз алдынча билим алууга калыптандыруу.
|
Күтүлүүчү натыйжалар: |
|
|
|
|
|
Ресурстар: |
WhatsАpp, Zoom ,Meet платформасы, Socrative Тиркемеси, Genyaly.ly , кахут, мультиурок сайты, Power Point |
|
|
Убакыт |
Темалары |
Иш - аракеттер |
Онлайн куралы |
Жетектөөчү адам |
|
Сабак башталганга чейин
Саламдашуу |
(Бир күн мурда)Бардык окуучуларга алдын ала пландалган сабактын шилтемеси кабарлоо жиберилет. Мисалы: Саламатсыңарбы окуучулар 2021-жылдын 2-октябрь саат 10.00 дө Meet платформасында “Кычкылтектин химиялык касиеттери, оксиддер.” деген темада сабак болот. Китеп дептер, калем сабыңарды даярдап, өтүлгөн темаларды кайталап тапшырмага даяр болгула.
Онлайн окууга кошулган ар бир окуучунун катары менен микрофонун, видеонун көрүнүшүн жана “Алтын эрежени” эске салуу.
Саламатсыңарбы окуучулар. Сабак баштардын алдында “Алтын эрежени” эске салып алайлы.
(1-слайд)
Социалдык байланышты түзүү үчүн суроолор. (кыска жооптуу суролор берилет)
Бугүнкү сабагыбыздын темасы: “Кычкылтектин химиялык касиеттери, оксиддер.” (2-слайд) |
WhatsАpp группа
Zoom ,Meet платформасы
(1-слайд)
(2-слайд)
|
мугалим |
|
Күтүлүүчү натыйжалар |
Бүгункү сабакта:
(3-слайд) |
(3-слайд) |
мугалим |
|
Киришүү / Баштапкы билимди текшерүү |
Жыйынтыктоо баалоо критерийлери боюнча баалоо
Тест (код - RAHMAT4616) |
мультиурок
Socrative тиркемеси |
мугалим |
|
Окутуу иш-аракеттери |
Кычкылтек бардык заттар менен аракеттенишип, бирикмелерди пайда кылат
С + О2 = СО2 (4-слайд)
S + O2 = SO2 (5-слайд)
4P + 5O2 = 2P2O5 (6-слайд)
3Fe + 2O2 = Fe3O4 (FeO Fe2O3) (7-слайд)
Мисалы: Метандын күйүшү. CH4 + 2O2 = CO2 + 2H2O (8-слайд)
Ацетилендин күйүшү. 2C2H2 + 5O2 = 4CO2 + 2H2O (9-слайд)
Күйүүнүн натыйжасында пайда болгон заттарда кандай окшоштуктар бар? Болжолдуу жооп; 1.Бардыгында кычкылтек бар 2.Эки элементтен турат. 3.Татаал заттар ж.б. (10-слайд)
Демек, эки элементтен туруп анын бирөө кычкылтек болгон татаал заттар оксиддер деп аталат. Мисалы: Алюминийдин оксиди - AI2O3 Көмүртектин(II) оксиди - CO Көмүртектин(IV)оксиди – CO2 Натрийдин оксиди – Na2O Күкүрттүн (VI) оксиди – SO3 (11-cлайд) |
(4-слайд) YouTube каналы
(5-слайд)
(6-слайд) (7-слайд)
(8-слайд)
(9-слайд)
(10-слайд)
(11-cлайд) |
мугалим |
|
Сабактан аягы
|
Өтүлгөн темалар боюнча суроолор https://create.kahoot.it/share/51efb987-9c1d-4748-98b8-6dd487e34c2d
Баалоо критерий боюнча бааланат
|
Кахут |
мугалим |
|
Жыйынтыктоо |
1-тапшырма: §27 – китептен окуп даярдануу (кийинки сабакта теманын ичинен суроолор берилет. 2-тапшырма: Салыштырмалуу молекулалык массасын эсептөө. А) Mr(СO2)= B) Mr(P2O5)= C) Mr(Fe2O3)= D) Mr(CH4)= E) Mr(C2H2)= 3-тапшырма. 5 моль фосфор күйгөндө кандай массадагы фосфордун (V) оксиди пайда болот. Шилтеме тапшырма: https://multiurok.ru/tests/16161/
Жогорудагы Сабактын слайдарын WhatsАpp группага бөлүп кайталап көрүү сунуш кылынат. Видеосу YouTude каналдагы шилтемеси менен бөлүшөбүз.
Кийинки сабак 3-октябрда саат 10.00 дө болот.
|
Мультиурок сайтынан |
мугалим |
Колдонулган булактарды көрсөтүү
Окуу китеби , интернет