Компьютердин негизги бөлүктөрү
Муаллиф: Таштемирова БурмаканМақсад
Предмет : Информатика
Класс: 6-класс
Сабактын темасы: Компьютердин негизги бөлуктөрү жана аткарган функциялары.
Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк: компьютердин негизги бөлүктөрүн билишет,
иштөө функциясын айтып бере алышат.
б)Тарбия берүүчүлүк: окуучулар тактыкка тарбияланышат.
в) Өнүктүрүүчүлүк: компьютерде иштөө көндүмүнө ээ болушат.
Колдонулуучу ресурстар: компьютер, телефон, телевизор, китеп.
Колдонулуучу платформалар: мультиурок, презентация, ютуб.
Сабактын жүрүшү: а) уюштуруу
Б) Үй тапшырмасын текшерүү: Балдар биз өткөн сабакта компьютерде колдонулуучу техникалык жана санитардык эрежелер жөнүндө сөз кылганбыз. Үйгө берилген тапшырмага карточкалардагы суроолорго жооп бересиңер.
В) Жаңы материалды түшүндүрүү:
Компьютер –бул информация менен иштөөчү универсалдуу программа менен башкарылуучу электрондук түзүлүш.
Компьютердин негизги түзүлүштөрү: системалык блок, монитор, клавиатура, мышь жана эс. Булар бири-бири менен тыгыз байланышта иштешет.Системалык блок- маалыматты кабыл алат,иштетет, жөнөтөт, сактайт .
Монитор- маалыматты чагылдырып көрсөтүүчү түзүлүш. Клавиатура – маалыматты киргизүүчү тузүлүш.Ошондой эле эс 2 ге бөлүнөт: сырткы эс жана ички эс.
1)Ички эс-бул процессор менен башкарылуучу компьютердин ичине орнотулган эс.
2) Сырткы эсте көлөмдүү информациялар сакталат.Сырткы эске компак дисктер, магниттик дисктер,флеш-карталар ж.б. кирет.
Сабакты бышыктоо:
Бышыктоо үчүн суроолорду мултиуроктон тест түзгөмүн, ссылкага кирип жооп бересиңер.
http://multiurok.ru/tests/informatika-6-klass-12.html
Кошумча материал катары төмөндөгү презентацияга кирип көрсөңөр болот. http://multiurok.ru/files/kompiuterdin-negizgi-bolukoru.html
Кошумча маалымат катары төмөндөгү ссылкага кирип көрсөңөр болот.
https://youtu.be/V2g-z9Dvj44
Жыйынтыктоо: демек, компьютердин негизги түзүлуштөрү жана аткарган функциялары жөнүндө түшунүк алдыңар, суроолор болсо кайрылсаңар болот.
Баалоо: тесттик тапшырмага жооп бергендер, сабакта бири-биринин суроолоруна жооп бергендерге, өтүлгөн материал боюнча суроо бергендерге карап баалоо болот.