Медиасабаттуу бол!

RU KG KZ TJ UZ
  • Сүрөттөмөсү

Компьютердин негизги бөлүктөрү

Автор: Таштемирова Бурмакан

Максат

Узактыгы: 45 минута
2021-09-23

Конкурска катышуу үчүн. Мугалимдин аты, жөнү: Таштемирова Бурмакан Жолдошбаевна

Предмет: Информатика

Класс: 6-класс

Сабактын темасы: Компьютердин негизги бөлүктөрү жана аткарган функциялары

Негизги компотенттүүлүк:

  1. Маалыматтык компотенттүүлүк (нк1)
  2. Социалдык-коммуникативдик компотенттүүлүк (нк2)
  3. Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү компотенттүүлүгү (нк3)

Предметтик компотенттүүлүк:

1.Колдонуучулук компотенция ( санариптик техниканы колдонуу)  (пк1)

2.Коммуникативдик-маалыматтык компотенция (ар түрдүү булактардан алынган маалыматты анализдөөсү, өзүнүн алган билимин турмушта колдонуусу үчүн санариптик технологиянын мүмкунчүлүктөрүн максатуу пайдалануусу)  (пк2)

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр:

1.Билим берүүчүлүк: компьютердин негизги  түзүлүштөрүн жана иштөө принциптерин билишет.

Компьютердин негизги түзүлүштөрүн жана  аткарган функцияларын билишет.

2.Тарбия берүүчүлүк: жоопкерчиликтүүлүккө жана тактыкка тарбияланышат.

Жоопкерчиликтүү, так болушат

3. Өнуктүрүүчүлүк: Компьютердин негизги жана кошумча түзүлүштөрүн айырмалай алышат,  иштөө көндүмүнө ээ болушат.

Компьютердин негизги жана кошумча түзүлүштөрүн айырмалай алышат, иштөө көндүмүнө ээ болушат.

Сабакта колдонулган ресурстар: компьютер, ноутбук, смартфон, телевизор, китеп.

Сабакта колдонулган платформалар: мультиурок, ватсап, ютуб,power point ж.б.

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун иш аракети

баалоо

Ком-

по-р

1.Уюштуруу

1.Саламдашуу

2. Жагымдуу маанай түзүү

3. Алтын эрежени сунуштоо

1.Бири-бирине комплимент айтышат.

2.Алтын эрежени иштеп чыгышат.

Формативдик баалоо

Нк2

Нк3

2.Үй тапшырмасын текшерүү

Окуучуларга карточкаларды таркатам.

Карточкадагы суроолорго жооп беришет.

Формативдик баалоо

Диагностикалык баалоо

Нк2

3.Жаңы материалды түшүндүрүү

 Телевизорго ноутбукту улап, жаңы теманы слайддан көрсөтүп, түшүндүрөм.

https://multiurok.ru/files/kompiuterdin-negizgi-boluktoru-2.html

Кошумча маалымат катары төмөнкү ссылканы жөнөтөм.

https://youtu.be/V2g-z9Dvj44

1.Окуучулар кызыккан суроолорун беришет.

2.Ссылкага кирип кошумча маалымат алышат.

Формативдик баалоо

Нк1

Нк2

Нк3

Пк1

 

4.Бышыктоо

Өтүлгөн тема боюнча мультиурок платформасында түзүлгөн тесттик тапшырманын ссылкасын окуучуларга жөнөтөм.

http://multiurok.ru/tests/informatika-6-klass-12.html

Ар бир окуучу өз алдынча жооп берет.

Формативдик баалоо.

Диагностикалык баалоо

Нк1

Нк3

Пк1

5.Жыйынтыктоо

Тесттин жыйынтыгына анализ жүргүзөм.Окуучулардын туура эмес жооп берген бөлүктөрүнө кошумча маалымат, түшүндүрмө берем.

Түшүнбөгөн суроолорун беришет.

Формативдик баалоо

Нк1

Нк2

Нк3

Пк2

6.Үйгө тапшырма

1. Китептен тапшырма берем.

2. мультиуроктогу тесттик тапшырманын ссылкасын жөнөтөм.

https://multiurok.ru/tests/informatika-875.html

3.Интернет түйүнү менен иштөөгө көрсөтмө, китептен 7-беттеги таблицаны толтурууга түшүндүрмө берем.

 

1. Китепте 4-6-беттерди окушат.

2. мультиуроктогу тесттик тапшырманы аткарышат.

3.Интернет түйүнүнөн информация алып жүрүүчүлөр жөнүндө маалыматты таап, китептен 7-беттеги таблицаны толтурушат.

 

Формативдик баалоо

Нк3

Пк1

Пк2

7.Баалоо

Класста активдүү катышкандыгына, тесттик тапшырмаларга жооп бергенине, мугалимге жана бири-бирине берген суроолоруна  карап, окуучуларды баалайм.

Кундөлүктөргө бааларын койдурушат.

Суммативдик баалоо